ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

 

 

 

 

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Арсен Саманчин

... ӨЛТҮРБӨ!

(Аңгеме )

Жарыялаган Элес Жаабарсова

                                                       Кан чачырап жетпеген жалгыз                                                                                                                                 гана күн калат,                                              

                                                                         Чылбыр сүйрөп, ээсин жоктоп           окуранат качкан ат.

                                                                                 Көзү ачык цыган аялдын айтканы

 

Көз ачырбаган зенит огунун жолунан самолётун буйтата бурган учкуч кара таандай аламан октон чын эле кутулдумбу деген кыязда төмөн жакты карады. Кырдана ойт берип учкан самолёттой бир жагынан кыйшайгандай көрүнгөн, тийген ок тешип өталгыс жыш чытырман, үстү жагынан күрөң-жашыл көрүнгөн түнт токой сокур түндөй кооптуу түнөрүп жаткан экен. Ал аңгыча истребитель түзөлө калды, а алды жактагы токой да абалкы абалына келип, түтүн уюган мунарыкка жуурулуша аңтар-теңтер түшкөн бул ааламда көнүмүш өз ордуна келди. Көзүнө жаны көрүнгөн учкуч эми өзүнө келерде дагы бир шумдук жүрөгүн түшүрдү. Так самолёттун тумшугуна кайдан-жайдандыр бир нерсе капыстан тушма-туш чыга калды да, анын эмне экенин билгенче күүлөнгөн бойдон түптүз келип былч урунду. Жандуу нерсе окшоду, самолёт тигинин урунганынан улам бир аз калдаңдай түштү, а үрөйү учкан учкуч көз ирмемгеби, айтор, бет алды жагын көрө албай калды.

Алар артта калбоо үчүн канаттары үзүлгөнчө учуп, көзүнө караан көрүнбөй келатышкан куштардын тобу эле.

Учкучтан кара тер кетти. Самолёт тик ылдый түшүп кетпес үчүн ал штурвалды карыша кармап, кабинанын маңдайкы айнегин каптап калган жанагылардын кан-жинин көрө жийиркенип, дене-башы жыйрылып кетти.

Ооба, негедир бу жылы келгин куштар күздүн келишин күтүшпөй эле ак жайдын карды жарылган маалда аяны ачык айткансып, кайрылып кете башташты. Не экенин ким билсин, адегенде түгөйлөшө, анан топ-тобу менен күндүзү да, түнү да кандайдыр бир аянычтуу үн чыгара чурулдай кетип жатышты. Ооба, кетип жатышты, уясында жумурткаларын баскандары да, канатын кагып балапанын басканы да жин тийгендей кетип жатышты. Ителги тийгендей кеткендердин акыркысы түн бакыры бабырган болгон өңдөндү, жоро ичкендердей бакырып жүрүп, анан алардын да үнү угулбай, тоо арасы кулакмурун кескендей тынчыды. '

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.