ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жаабарс ошо асман тешкен Үзөңгүлөш ашуусунан өтүүгө бир нече жолу аракет кылды, жер өңүтүн жакшы эле алган, а бирок жолу болгон жок. Ашууга барар жол тик жана жалама аска келип, ашууга жеткен кезде түз эле ак булуттардын койнуна кирип кетчү, а андагы бурганак ак дайра болуп атыла агып, түрмөктөлгөн кара булуттарды алдына салып айдап турчу. Анткен менен бул ашуу жакын эле жерде, созгон колуң жетчүдөй эле туюлчу.

Ооба, Жаабарс мунун баарын алдын-ала тактап чыккан, жол алганда да ошентти, күрткүнү жиреп баратып бир бутуна салмагын сала коюп алдыга жылар тараптын өңүтүн издеп жүрүп отурду, кулагынын учуна чейин жеткен карды жиреп, көк жалама муз баскан сеңир аскага жарганатча жармашып, жан тиштеген ажал алар кезеңдерде да устаранын мизиндей жерге болсо да жылып жатты. Алар олжосун алам деп жебе болуп атыла кууп бараткандагыдай болуп бул жерде да аба жетпей, жүрөгүнүн жарылчудай соккону кулагын жарып, анан канчалык тырышса да кыймылдоого келбей, асканын учу арманы болуп, тээ төмөндө калган, көзгө илешипилешпеген, боз чаары чыгып кыйраган дүйнөгө кулатып иер дем кыстууга кабылчу. Мындайда ал жаны чыгып бараткандай абалда калып, кыркырап, өлүмдөн коркуп ырылдап жиберчү, жарым карыш жылалбай көзүнөн чар уччу. Көз атым эле аралык калган, ал-күчүн алдырбаганда бир-эки сааттын ичинде каргыш алгыр ашууну багынтмак да, көксөгөн башка дүйнөгө, көктөн түшкөн бейиш жайына жетмек. Эми ошо көк түтүнүн чыгара көксөгөнү ушу жолу ишке ашса, оо, андабы, анда ал өмүрүнүн акыркы тамыр кагышына чейин, эң соңку дем алуусуна дейре ошол жерде калмак.

Жалаң көк мелжиген тоо кыркаларынан турган, алгыр куш менен жырткычтын туйгун сырттаны гана жайдары жайдын бир учурунда Теңири колдоп жеткирер, а негизи тозокко салып ажалын берер ашуунун алдындагы куласа сөөгү табылгыс муз асканын боорунда жанын оозуна тиштеген Жаабарс дем кыстыгуу азабынан улам, ооба, Жараткан ага үн чыгарып ыйлап жиберүүнү бергенде, анда мынабу тоолор солкулдагандай боздоп-сыздап жибермек. Азыркы жайы ошондой.

Ушу арманга салган ашууну ашканга ал бир нече жолу аракет кылган, а бирок ойлогону ордунан чыккан эмес. Бир жолу да деми кысылып, бир буту көрдө жатканда мындай иш болгон, он чакты тоо аркары аны барс экен деп санашпай жанынан өтүп, жайбаракат ашууну ашып кетишкен. Алар аны даана эле көргөн, а Жаабарс болсо таш тиштеп, табият-тагдыр жараткан өзүнүн олжо-азыгын көрбөгөнсүп кала берген. Оо, тоолор, бу дүйнөдө ушундай да болобу?! А тоолор болсо тунжурап турду. Оо, кол жетпеген көк асман, бу жалганда ушундай да болобу?! Көк асман да мелтиреп турду... Бакыт издеткен кусадан Жаабарстын жаны чыгып баратты...

Тулпар тушунда дейт, мунун да арааны жүрүп, ойлогону оңунан чыккан кез болгон, башкалар даай албаган таш агызма шаркыратмадан илинбей секирген күндөр да өткөн. А кезде буга туңгуюк да, тоскоолдук да, тик жарлар да жок болчу, ал эми буюктурма бурганак деген аны уялашындай кучактап алчу да, андай учурларда кандайдыр бир сулуу периште ага: «Келчи, жаным, келчи жакын жаныма», – деп чакырып калганда ал үн чыккан жакка аткан ок болуп секирчү, а тигил болсо кайыптай житип, жылаажын үнү башка тараптан угулчу: «Келчи, жаным, келчи жакын жаныма». Жаабарс ага да жебедей сызчу. Не деген менен бир убак өттү, баралына толуп, келкели келип турганда бу дүйнө ага баш ийчү, бүт баарына үлгүрчү, качканга жетчү, атаандаштан ашчу, айтор, ал жеңиштен башканы билчү эмес. Ал бар жердеги дүйнө жалгыз анын дүйнөсү эле.

Азыр болсо ал кайда, ашууга жетпей тырмышып, өткөндөрдү сагыныч менен азапка батып эстөөдө.

Күн чак түш. Чак түшүң күн сайын болот, а бирок ошол жайдагы чак түш көкөйдөн кеткис түш эле...

А турсун ошо жайдын өзү да эстен кеткис болгон...

Бийиктин бийигиндеги чайыттай тийген күн өз жарыгын аянбай төгүп, жан-жаныбар дегенди ченемсиз ишенимге бөлөйт, түз жерлердегидей куйкалап да жибербейт, көлөкө жайды издетпейт, тоо турмушун жарык нурга бөлөп, кар жанында кылтыйган чөптөн баштап, асманда каалгып жүргөн канаттууларга чейин, жер бетиндегилердин бүт баарынын жашоосун жандантат.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.