ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Жазмыш деген ошондой, жада калса тоолордогу жырткыч да алданеге бойбоздоп, ошондон улам ырайым сурап киркиреп, не жаздым деп күркүрөп бу көк асманга муңая карайт, мындай кезде ободогу ай дагы жүрөгүн басып, көз жашын аарчып чыдабай бир туруп булуттарга, бир туруп ак шөкүлө чокуларга жашына берет, не дегенде тагдыр деген ага, мөңгү барсына да энчисин берип, келер күнүн даярдап салган...
Эркектик намыс талаш кармашында кордоло жеңилген Жаабарс тукум көбөйтүү вазийпасынан алакан жууп, үйүрдөгүлөргө суутумшук болуп басынып, ошол күндөн ушул күн муң-азага муунуп жашап келатат да, көнүмүш табиятына таянып тагдырына тайманбай каршылык кылып, багындым дебей, бир кездеги күч-кубаты кайрылып кайра келсе деп самап, анан ошо эңсөөнүн айынан бу тагдырга баш чайкап, нааразы болуп өкүнчү. Анан кантсин, үйүрдөгү көңүлү түшкөн канчыктардын бири менен жыт алыша жакындашууну ичинен түтөй көксөөчү. Көксөгөн менен майнап жок, канчыктардын бүт бардыгы бош эмес, эңсегенин эч капарга алышпайт. Анткен менен ал делебе-кумар күчүнө чыдай албай, атаандашка эч аянбай кол салып, алкымына азуу батырсам деген кармаштар да болду, а бирок андай теңчыгыш ага жан бирге таап берген жок. Кыскасы, кыял-аракет деген түш болуп, канчык илбирстер аны карамак түгүл Жаабарстын бар экенин таптакыр көзгө илбей калышкан. Ошондуктан ал олжо болчу алданеге кол саларда да жазгана басынып, барстардан тартына чет жакалай чуркоочу. А мындай абал ага тозоктун азабындай сезилчү. Башка түшсө баарын көрөт экенсиң, кай бирде башкалар ысык каны менен аптыга ашап жаткан олжого калчылдаганына карабай шилекей агыза чыдап, алардан артчусун күтүп калчу. Анткен менен ал баштагыдай эле көрүнчү; көздөрүнөн жалын күйүп, желкесине жер батып, казанбактай башы бар, куйругу болсо шаа кылыч, женеси аска ташындай айбаттуу, айтор, ал сыртынан сырттандыгын жогото элек, а бирок сонку турмуш аны кордуктун колуна салып берди.
Үйүрдөгүлөр да анын бар-жогун билбей калышты. Жанкумарын кандырчу үйүгүш маалында жаны бирге болгондор телегейин текши кылган канааттануу жыргалынан улам аны алданеге айыптуу санап, колдон келсе жеп жиберчүдөй карашып, андан четтеп, ал эми анын мурдагы өмүр-тагдыр арнаганы Жаабарстан жаа бою качып тааныбай, көз көрүнөө дене кумарына берилип, кезегинде төшүн сылаган, жыт аңкыган куйругун аны тиктетип туруп тигинисине өйдө көтөрүп, көзүн сүзө, тил сунуп, дүйнө унутар абалга батып, анан анын алдынан көңүлдөшүнө дене тийгизип, көлөкөдөн өткөнсүп өтүп кетчү болду. Мына ушундай чүнчүгөн турмуш жакында эле, атам замандан бери кар жамынган Теңир-Тоо койнунда, тоолор менен капчыгайларда жашаган барстар арасында, кечээ эле үйүр башында жыргап-куунап жүргөн Жаабарстын тагдырына туш келбедиби. Ошону айтсаң, үйүр жашоосунан кубаланган ал байкуш өз алдынча кашкулак, момолой чычкан, дагы да ушул сыяктуу майда-барат макулуктарды, кээде коён дегенин да баса калчу, айтор, ага сырттандык турмуш сыртын салып койгон. Ооба, мурдагыдай олжого тунуп, оозунан ысык кан кетпей, ооматы ооп турбаса да азырынча ачкалыктан анча жабыр тарта элек.
Ал үйүр турмушунда катарда жок калганы менен азырынча намыс-арын эч кимге тебелете элек, кыр көрсөткөндүн алдында куйругун кыпчып бүжүрөп да турган жок, абалкы сырттан сынында. Антпесе тигилердин көзүн карап, чөгөлөп жашоо тагдырын тапмак. Ушундан уламбы, айтор, анын ички дүйнөсүндө мындай турмуш мыйзамына багынбоо ишеними күн сайын күчөп, акыры ал анын жырткычтык табиятынын жек көрүүсүнө айланды да, анан ушул сезип-туюлар керт башында кыйчалыш тагдыр турганына карабастан ага буга чейин бир да жолу болбогон кандайдыр бир жеңилгис, өз дилинен өзүнө буйрук, талап берген күч жаралды, ал Жаабарска бул аймакты, мына бул канына сиңген, а бирок буга каргаша-тагдыр тартуулаган тоолор менен кокту-колотторду тезинен таштап, башкалар барып көрө элек бөтөн дүйнөгө кайра кайрылбас болуп житип кетүү сезими эле, а ал эңсеген башка аалам жайынча жетип баргыдай жакын жерде эмес, аскасы асман тиреген, түбөлүк ак кар уктаган тоолордун жылдызга жакын бийик ашуусунун ары жагында, жырткычтардын буту жете элек жерде болчу. Ал жерге жай толгон кездин белгилүү бир күндөрүндө гана, ошондо да тобокелге бел байлап барса болот, анткени кыраан учса кайыккан, Үзөңгүлөш тоо кыркараларынын ортосу – ошол самаган жер. Аны биякка тагдыры менен диларманына айланган кандайдыр бир ишеним күчү, санаасын жеген кусалык тартып туруп алды, анын үстүнө Жаабарс бир убакта ал жерде болгон эле, мөгдүрөтө мүлжүгөн ушу азыркы трагедиясына ошондо кабылган.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.