ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Мына эми, заманасы асманга учуп, эмне кылуу керек, кандай жашоо зарыл, кайда барганы оң деген суроолор аны эртеден бери эжигейдей эзип жатат. Көрбөгөнү деле калбады эле го?..

Бир кезде үйлөнүп да көргөн. Ал үчүн кийин өзүн жемелеген. Эми эмне кылуу керек? Эбак уктаган кошуналарына ушунун баарын саймедиреп, өзүнүн сүттөй ак экенин далилдөө керекпи? Ушинтип жатып ал ичинен өз көйгөйүңдү кошуналарыңа түртө бер, тапканын мунун деп койду. Ошо үйлөнгөндө элден калбай үйлөнүү тоюн өткөргөн. Мына эми ошо кубанычтын бири калбай унутулду. А тууган-уругу болсо буйруганын көрөсүң, экинчисин эртерээк ала бер деп жемелешти. Биринчиси менен болгон турмуш көпкө деле созулган эмес. Ушуларды ойлогондо кабыргасы түтөп, башка адамга айланып кеткиси келет. Эгер ошондой болсо го... Кайдан андай болмок эле? Бул бир келе калган кыял да. Сүйүү деген бир гана жолу бир кезде агарып аткан жарык таң, ошондой, а түбөлүккө жарыгын чачып агарып турар таң болбойт. Өзүнүн таңын түбөлүк жарык чачып, агарып тура берет деп талашкандар да бар. Боло берсин. Таң беле, же жок беле, үйлөнүштү да, анан бирин бири тааныбаган адамдардай ажырашып кетишти. Мына ушу кичирайонго көчүп келип жашап жатканына үч жылдын жүзү болду. Жалгыз, өзүндөй адам менен кадыресе аялзатынын мамыр-жумур жашап кетиши кыйын. Ушу турмуш айынан туугандарынан канча жолу жеме укту. Үйлөнгөн жок, тагдырдын иши экен, буга ким күнөөлүү? Өзүнө окшогон, айтканынан кайтпаган бирөө менен көңүл табышып жашап кетсе го... Ии, аны жылаңач гана идеяга башын байлаган бабыр десе да болот, ал үчүн бу жалганда идеядан артык эч нерсе жок, ага баш оту менен жинди болуп берилип кеткен. Борбордук Азия чөлкөмүндөгүлөрдүн жашоосун иликтөө боюнча келген англис журналист аял анын жалаң теориялардан турган «лекцияларын» угуп отуруп аны «кафедралык чыгаан» деп атаган. Анткени ал өздөрүнүн маалымат каражаттарына материал топтоп жүргөн, анан бирөө муну журналист, философ, айтор, көптү билет деп коюптур. Ошондон улам ар кандай темадагы көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүп калбайбы да, ал кургур «университетти» бүткөнчө шашпайбы. Анын үстүнө Арсен Саманчин атайы англисче сүйлөп, тигини «тилден калтырган». Москвадан үйрөнгөн да. Мына ошондо аз жерден «академик» боло жаздаган Лондондон келген журналист аял:

– Саманчин мырза, бизде өздөрүнүн ойлорун гана Кудай көргөн, башкалардыкын баштарына жолотпогон адамдар бар. Алар кафедрада туулуп-өскөндөр. Сиз да ошолордой экенсиз. Жашоо-турмушуңуз – өзүңүздүн гана алдейлеген идеяңыз экен, – деген.

– Ыракмат, айтканыңыз аябай жакты. А бирок мен кафедрада эмес, тоодо туулуп, чоңойгом. Сиз билесизби, тоолордо жашоо ар дайыма так, тыкан, баамчыл болууну талап кылат, антпесеңиз мүдүрүлүп кулап кетишиңиз мүмкүн.

– Түшүндүм, сиздин кафедраңыз тоолор экен да? Жаңы ачылыш. – Ал жылмая калды да, анан: – Айлана-тегерегиңер бүт эле тоолор экен. Мына, силердин борбор шаарыңардан да тоолор көрүнүп турат, кол созсоң эле жеткидей... Карасаңыз, кандай тоо кыркалары!..

– Айтканыңызда калет жок, тоолуу өлкөбүз. Мен туулуп-өскөн жердеги тоолор мындан да бийик, мындан да чоң, аягы кайда экенин билбейсиң. Ошондуктан ал Үзөңгүлөш аталып калган, көк тиреген чокулар асман үзөңгүсү...

– Эң сонун аталган экен, мага ушундай ажайып кооздук аябай жагат. Бул тоолорду англисче Стиррап тоолору деп атаса болот. Ооба, сиз айткандай стиррап – stirrup! Бул дагы мага жаңылык. Ушинтип айта берейин, Саманчин мырза, сиз каршы болбостурсуз?

– Эң сонун атадыңыз! Муну кыргызча Стиррап-Тоо деп айтса болот. Үзөңгү-Тоо! Бул аталышты биздин эл укса сүйүнүшөт. А мени болсо тоолук эле эмес, кафедрада туулуп-өскөн дедиңиз, буга да макулмун. Кафедрада бүт дүйнөлүк мааниси бар маселелер чечилет эмеспи.

– Ошондойбу? Анда мен жаңылган эмес экенмин, туура түшүнгөнүңүзгө ыракмат. Дили бир менен сүйлөшсөң көөнүң агарат эмеспи.

Мына азыр терезеден көзгө сайма дүлөй түндү карап туруп ал ошо чер жазышкан аңгемени эстеди да, анан өзүнө өзү: «Иш ушундай, «кафедрада туулуп-өскөн, урматтуум». Сен бүгүн жашоонун дагы бир «момпосуюн» жедиң. Татымы таза бал бекен? Тойгондурсуң эми?! Чакчелекей будуң-чаң базар турмуш башталганда кафедраң түккө арзыбай калат. Алар сени эмне кылды? Ошо базардын баш айрыма камчысын үйрүп кууп чыгышты, мурунуңду бет кылып салабыз деп коркутушту. Деги сен бир нерсе түшүндүңбү? Ии, сүйүү да ушу базар текчелеринде товар болуп тизилип турат. Сен ушуну азыр билип жатасыңбы? Сенин деген бизнес доорго керегиң жок, зыянкечсиң. Соцреализмиң үчүн дагы бир жолу өз башың менен кун төлөйсүң. Ооба, ошентесиң. Чилистен болуп акыл үйрөтөт... Көрөм сени, «Стирраптын чыгаанымын» дейт, ооба, сен кыйынсың, кайра куруу жылдарында тууган-уругуң сени менен чын эле сыймыктанышкан, эми алардын да жаагы жап болот. Барар жагың, басар жолуң, кылар ишиң калдыбы? А жанагыл «Кызкайып» дегениңди балык бол да, таптакыр унут! Анын кимге кереги бар? Ойдо жашап жатканда эле базардан чыккан жарыгы жок жылдыздар тебелеп салды. Азыр ошолордун заманы. Муну сен чаарбаштанбай мойнуңа ал, же көкбеттигиң карматпай жогол. Андыктан эмне кылуу керек?.. Москвада өз санаган көздөй адамдары бар, ошоякка качып кетсечи? Качкан менен аерде да жарыгы жок жылдыздар толо. Анда кантет? Айтор, кирсе кайра чыгалгыс куркулдайдын уясынын ичинде калган көрүнөт. Мындан эки жыл мурда энеңдин ким экенин билбей каласың деп бирөө-жарым ойлоду беле?.. Мейли, атасынын көрү, агама да, ага дагы коштошуу катын жазам да, анан... Ошентем!»

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.