ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кызык эле иш болду, тигинин өзү үчүн, жандүйнөнү козгогон меццо-сапроносу үчүн арналып жазылган «Кызкайыпты» коюу идеясын эми кайсыл көргө көөмп таштайт? Көз көрүнөө жоголуп бара жаткан опера театрынын көйгөй проблемасын эми кайда ыргытат? Таланттар кетип жатат, аларды эч нерсе менен токтото да албайсың, не дегенде салтка айланган репертуардык театр жашап калабы, же жокпу бул улуттук гана эмес, бүт дүйнөлүк проблема. Ал эми массалык маданият дегендин көзү күйгөн кызыл кулактары Арсендин ишин кумурскага жүк арткандай бүтүрүштү да, мындан кийин ал акыл жеткис материялар жөнүндө ойлонуп кыйналбашы үчүн көз көрүнөө сазайын колго беришти, өзүнөн өзү басынгандай кордошту. Ушуну менен иш бүтпөйт, эми алар жолго турбагандай, көзгө экинчи көрүнбөгүдөй, бутка чалынбагыдай кылып, эгемен-идеалисттин сары изине чөп салып, каалагандай келекелей берет. Алар мунун баарын попс-модернизм топ-моделчилери аталган, а чынында ошол эле шоу-бизнестин көчө шыпыргычтары болгондордун шылдыңдай жылмайган жек көрүү мамилелери менен жүзөгө ашырышат. Массалык маданияттын элди жылаңачтап жаткандыгына чалчакташкан бул чагарак куйрук чаяндар мындай иштердин жигин билгизбей бүтүрүшөт. Анткени алардын колунда бүт баары бар, интернеттен космоско чейинки каражаттар аларга кызмат кылат, акча берсең өз атасын маскаралап, же жамандап жаза турган башы жок басма сөз, эси жок эстрада да буларда. Ай, бечара, басма сөз менен бир кезде сөз эркиндиги үчүн күрөшчү эле, эми минтип базардын кулу болуп, акчалуунун арсылдап үргөн итине айланды. Эфир да алардын кызматында зуулдаган автомашиналардагы радиолорго чейин. Космос спутниктери да азыр жер жүзүндөгү кыйындардын шоу-бизнестерин көрсөтүп турат. Ушунун баары барып-келип эле классикалык көркөм дөөлөттөрдү четке сүрүп, адам акылын акча табууга гана мажбурлап жатат. Бүт бардыгы ошолордун колунда.
Ал эми сен, эй, коколой жалгыз – кыялы менен кылган ишине ыраазы болгон, бүт баарын билген, бүт баарын жасайм деген Кудайдын тузун уурдабаган таалайсыз, бардыгын билип, бардыгын көрүп туруп анан неге алардын жолуна чыга калып жатасың?! Акылынан айныган адамга окшоп эми өзүңдө болгондун баарын, ал аз келгенсип өзүңдү да, мына бу калчылдаган колдоруң менен жакалап, шоумендердин уюгуна алып барып бересиңби? Жадагалса ак сүйүүңө кара санап, жайнаган көзүн көл кылып курмандыкка чалып, мага гана зыяны тийбесе болду деп тигилерге салып бересиңби? Мунун өзү сен өзүң жадабай жазып жүргөн жашоонун манызы менен анын сулуулугунун негизи дегенди зордук менен жок кылуу болуп саналат, ал Жараткандын амири менен түбөлүккө сага гана берилген белек, жандүйнө салтанаты, себеби, сүйүү деген – түбөлүктүүлүк касиет-күчүнөн энергия бөлүшкөн Ааламдын тартуусу. Бу дүйнөдө сүйүүгө теңеле турган эч кандай күч, кудурет жоктугун сен ушундай чечмелеп айтып келесиң. Сүйүү кумарынан дене эрип, жан биригип, эргиген абал – түбөлүктүүлүк менен жер үстүндөгү жашоонун алака-катышынын бийик чокусу, ошондуктан ташкындаган кумар менен сүйүү сезимдеринин салтанаты асман менен жер ортосундагы мамилелердин татаалдыгын аныктоочу трагедия жана драмаларды өзүндө катып турат.Бардык сүйүүнүн өмүр-тарыхы өлүмгө жетип жок болот, а бирок Теңирден сүйүүгө берилген түбөлүктүүлүк үлүшү улам кийинки муунга көчүп, алар да сүйүүгө берилип жана сүйүү аркылуу түбөлүктүүлүк агымына кошулуп жүрүп отурушат. Ал эми айкары ашкан бузукулук менен көралбастык кайра эле адамдын касиет-сапаттарын буктурмага айлантып, каракчы күч катары махабат дүйнөсүнө арамзалык менен кан агыза кол салат, адамдардагы мындай карасанатай жашоо күрөшү тагдыр катары улана берет, улам жаңы жолдорду таап көбөйө берет. Ким ойлоптур болот деп, мына бул жолу да ошондой болду.
Мындай кезде сен дагы алапайдан ажырап, сөөгүң сөпөт болуп жеңилип, анан ошонун айынан өзүңдү өзүң жек көрүп басмырланасың, чүнчүткөн турмуш алтымыш вагон бир чиркеп, алысты көздөп салып-уруп келатканда жолунан чыгып кеткен поезд сыңары ак сүйүүңдү күм-жам кылып талкалайсың, анткени экөөңө тең ал сүйүү жогору жактан түбөлүктүүлүктүн мыйзамы менен ченелип берилген, анын аягына чыктыңбы, шоруң катты, адам катарынан чыгасың, кейпиң кетет, селсаяк турмуш жетелеп алат, анан жанагыл казаны кайнап, базары жайнап турган шоумендин алдында көрдөн чыккан арбактай болуп турасың. А бирок ал сен тарапка карап да койбойт. Анткени ал атаандашын да, душманын да жеңген адам. Жанына жаның кошулган, эки дене, бир жүрөк болуп сүйүшкөн дүйнөдөгү жалгыз махабатыңды сени каратып туруп эл көзүнчө эзиле кучактап, анын да дене-боюн балкытып, жылдызын жандырып, аялдын бактысын алаканына салып алып кетсе, кеткенде да жүрөгүңдүн жарымындай болгон адамыңды өзүңдөн жана анын өзүнөн сатып алып, анан товар катары кайра сенин, дагы элдин алдында соодалап турса, анда сага бул жашоодо не калат? Ооба, мындай кезде сенин жандүйнөңдө сенин сүйүүңдөн жаралган, мухит сыңары жашап жаткан, сенден жана андан башкалар сезип-туя албаган бир өмүрдүн бир күүсү, бир сүйүүнүн бир обону кайрыктарын жоготуп, карегиңден кан агызып, карыптыкты өз башыңа салат, анан сен андан алыстай да, ага кайра жакындай да албас жана эзели айыкпас шек саноо оорусу менен ооруйсуң, жинденүүгө алдырып, жандуу ооруга чалдыгып, жандүйнөңдөгү асылдыктын бүт баарынан кол жууйсуң. Мында сен дагы кантесиң?..
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.