ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ал терезенин жанында сыртты карап ушул ойлорго чөмүлүп көпкө турган. Анан эсинде жок, жатары менен тарс уктаптыр. Баарынан да жакшысы, ошол түнү анын чөнтөк же үй телефонунун безилдебегени болду. Чок баскан тооктой чырылдаса чырылдагандыр, а бирок ал ойгонгон жок. Бирөөлөргө күнкор эмес, эгемен журналист аталган Арсен Саманчинге ар дайыма сөз эркиндиги жүктөлгөн эле, өзүң жонду тоскон соң өз өлүгүң болсо да көтөрбөскө айла жок. Редакцияга даттануулар дайра болуп агып келчү, айрым маселелерин гезитке жазчу, ошол аркылуу анын өтүнүчүн аткарчу, калганын кайдан, баарын чечип бергидей ал адвокат болбосо... болгону басма сөздүн соко тарткан өгүзү. А басма сөз дегениң бейиштин төрү эмес, анда өз кызыкчылыгын көздөп көзү түз болгондор да, ит аягы алтын дегендердин эшигинде үргөндөр да, калемдештерин кабанаак канчыктай талагандар да жүнүн жейт. Демейде ошолор тынчтык берчү эмес, а бүгүн болсо анын үйү көр ичиндей жыпжымжырт. Өлгөн экенмин десе, кадимкидей эле басып жүрөт. Балким, тигилер анын кечээ күнү эмне болгонун билип алышкандыр?.. Же ага, улактай секирген ырчыга, театр сахнасынын бир кездеги жылдызы саналгандардын Кудайындай кабыл алынган, а азыр болсо акчалуунун терин алган шайкелең кыздай сүрөтү ар кайсыл жерге чапталган «эстрада-чебичине» айланган ырчыга барып, көп жылдар бою көңүлдөрүндө бапестеп багып келген, экөө бирге кеңешип, анан ушул бүтүмгө келишкен опера жайын айтайын дегенде капилеттен калабага кабылып, кайра келбес кайырчыдай кара түндө калганын тигил узун кулактар угуп-көрүп калганбы? Оюндагы шедевр операсын ага кантип жеткире алат?.. Байланыштын бардыгын үздү, өзү болсо кол жеткис, жансакчылары кашынан жылбайт. Ойдогуңду олуясы айткансып бүт баарын билип турат. Бул го бул болду, а тигил композиторду эми эмне кылат? «Кызкайыпка» музыка жазып жатпады беле? Ал бул ишти билсе, бүттү, ишин токтотот да, басып кетет, анан андайды ит менен издесең да таппайсың. Анын үстүнө классикалык чыгармага музыка жаза тургандар Кызыл китепке алынчудай азайды. Музыка чөйрөсүндөгүлөргө өтө кадырлуу, жанагыл «Кызкайып» идеясын айтканда көксөгөнү көктөн түшө калгансып жан-дили менен макул болгон, эптеп жатып акча жагын чечкен алиги демөөрчү менен айнышпас антын кармашып, келишим түзүп койгон композитор Аблаевге тигил каратып туруп кашайткан ресторанда болгон түшкө киргис окуяны кантип түшүндүрөт? Ошого сөзү, намысы жетер бекен? Ит эле болду! Андан да жанагыл күздүн күнкү кашкулактай сакчылар чокмордой болгон муштумдарын оозуна такап, желкелеп айдап келип көчүккө тээп, таксиге түртүп киргизип, «бери кара, абышка, атасы арактан өлгөн бул шүмшүктү Орто-Сай кичирайонуна жеткирип сал, эч жерге токтомой жок. Түшүндүңбү?!» – дешкеничи. Анысы аз келгенсип таксичиге да акча беришпедиби! Тирүүлөй гана өлтүрүштү го!

Арсен Саманчинди ушинтип айдап чыгышкан. Жана ал эстен кеткис «Евразиянын» фойесинин чыга беришиндеги күзгүнүн жанынан өтүп баратып өзүнүн бүт турпатын, сымбаты сынып, жүзүнүн сыры күбүлгөнүн көрө калганда күйбөгөн жери күл болгон, аз гана жерден чучуктай чыңырып ийе жаздаган. Андан калса чапанынан күлкүсү чыккан бечарадай кейипкешпирин тигил классикалык үлгүдөгү модалуу шляпасы ого бетер жүдөмүш кылып жиберди. Көйрөңүн кантесиң! Алеки саатта коомдук жайдан жанагыл кандуу моюндар ит терисин башына каптап, таманына шиш кагып айдап чыгышты. Анткидей ал ким эле? Кудайдын тузун уурдады беле?.. Арына келип, намысын коргоонун ордуна иттин чүкөсүндөй болгон кебетесин күзгүдөн көрүп, ыргыткан сөөк башына тийип, чыгып кетти. Ал өзүнө жарашыктуу кийинген, өң-келбети келишкен, өзүн кай жерде кандай алып жүргөндү билген интеллигенттердин бири саналчу. Анын үстүнө аны өз алдынча ой жүгүрткөн, эч кимге көз карандысыз, өз жеринде эле эмес, Азия аймагына курч жана кызыктуу ойлору менен таанылган журналист болчу. А тиги Айдана, эркелетип чакырган Айасы, кээ бирде ичи эзилип: «Менин гана эгеменим! Мен дагы эгемен болгум келет, экөөбүз тең эгемен түгөй болобуз», – деп калчу. Балээнинби! Кайдагы эгемен түгөйлөр?! Бүт бардыгы Теңирден тескери болуп чыкпадыбы. Бизнес-элита тарабынан, тап кызыкчылыгынын айынан ал алыс сүрүлүп, зомбулук менен жалгыз калды, ии, тап дегениң ар дайыма жашаган, дагы да жашай берет. Тигил болсо сүбөсүнө чейин жылаңачтанган жылдыз болуп башка дүйнөгө, бизнес-бейишке жылт койду. Ооба, бейишке кимдин баргысы келбейт? Бардыгы, а бирок аерге бүт бардыгы бата бербейт. Тигинин жолу оң болду, эгерде мында чыныгы бейиштин ачкычы болсо, анда ал ага ошо бейиштин эшигин ачып, атүгүл төрүнө гана чыгармак. Ачкыч жок да...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.