ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жаным сендик, жаным сендик, кылмерген, Дүйнө кезип издеп таппай келем мен. Анан кайда кайып болуп кеттиң сен? Сени тагдыр койдубу же таш кылып, Мени тагдыр түгөйү жок баш кылып, Кай жердесиң акыреттик жан биргем, Тагдырыңды тагдырым деп мен келем. Эсиңдеби, ай алдында ант берген, Жаным сендик, жаным сендик, кылмерген. Тоолор такыр өбүшпөйбү бир бирин?

Туман тарап, көрүшпөйбү бир бирин? Капчыгайга түн жарыгы тийбейби? Кайберендер сенин дайның билбейби? Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн, Кай жердесиң акыреттик жан биргем. Кыз куумайда ак сүйүүнүн кызыгын, Биз өбүшүп татканыбыз жок беле? Махабатка батканыбыз жок беле?

Кудай бизге бакыт берген ошондо,

Эл жабыла бата берген ошондо.

Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем.

Сенсиз мага айдын нуру төгүлбөйт,

Сенсиз менин өмүр-күчүм көрүнбөйт.

Экөөбүзсүз асман болбойт бактылуу,

Ким какшатып койду каргыш аркылуу.

Экөөбүзсүз тоолор болбойт бактылуу,

Ким какшатып койду каргыш аркылуу.

Кудайга деп курмандык жасаганың жок беле,

Кайын журтка барс тери тартуулаган жок белең?

Сен кандайча жакпай калдың тагдырга,

Атантайдай март элең го жалпыга.

От боюнда шапар тепсек болбойбу?

Кайдасың сен, кайдасың сен, мен сүйгөн,

Кай жердесиң акыреттик жан биргем.

Куугун келет кууратпасын, жолуккун,

А мен сенин акыреттик колуктуң.

Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем?..

Өх, Айа, демим жетпей калды окшойт – деди Арсен Саманчин. – Таң калба, мен бир кетсем барбы, ушинтип эч токтобойм, кете эле берем. Демимди бир аз басайын да, кайрадан улап баштайын. Түгөнбөйт, кайра айткан сайын кайра кызый берем, ал анткени бу кошокто бүт дүйнөнү багынтып, бүт мезгилди карытып, өмүрдөн өмүргө улам кайра жаралып өтүп турган жандүйнөнүн азабы менен дил муңу жана да ак сүйүүнүн арылбас болгон арманы бар, ак менен каранын, чындык менен жалгандын кармашы бар. Ошондуктан ашык болгон ал экөө бирин бири тапмайынча алардын трагедиясы улам күчөп улана берет. Адам сүйүүдөн жаралган, ошол үчүн адамдар өз өмүрү өткөнчө ал экөөнү аяй беришет. А театрда болсо муну ого бетер күчөтсө болот. Мына, сахнанын бир четинен агып турган дарыя да ырдайт. Опера өнөрүндө мындай көрүнүш дегеле болгон эмес, карап турсаң, кызды сактап калган албуут дайрага тил бүтүп, ал капыстан минтип ырдап жиберет:

Мен аскадан бой таштаган дайрамын,

Кыяматтан сактайм, жаным, өзүңдү.

Арам ойлуу душманыңдан калкалап,

Коюнума катып алам өзүңдү.

Мен дайрамын кучагыма бой ургун

Кайдасың деп мен да сендей курудум.

Кыяматтан сактайм, жаным, өзүңдү.

Ушул көрүнүштө сахнанын артындагы өзөндүн шаркыраган доошу коштогон хор ырдалат, бул аркылуу жаратылыштын да адилеттүүлүккө чаңкап турганы айтылат. Эгерде, ушулар күчтүү симфониялык музыка менен коштолсо, ага кубулжуган таза, назик үн, сенин гана үнүң куюлушуп турса, ой-бо-ой, анда Кызкайыпты көктөн асман угуп, ай угуп, жылдыздан бери кошулуп ырдашмак. Элестетсең, Айа, анда эмне гана болмок?..

–Таң калып турам, мен мындай бүт аалам чогуу кошкон кошокту биринчи жолу угушум, – деди Айдана. Дарыя ырдайт, бир керемет! Ырчы дайра. А сен, Арсен, бул кошоктун бүт баарын билесиңби?

– Билем. Бала чагымда Кызкайыпка жагылган түнкү оттордо көп болгом. Ырчылар ырды төккөндө көзүбүздү чылк жумуп, бүт дилибиз менен укчубуз. Оо, алар андай түндөрдө таң агарып атканча ак түтөк болуп, өз өмүрүнүн арманындай ырдашчу. Анан кайдасың боорум Кызкайып деп, аны буркурап-боздоп чакырышчу. Алар үчүн мына сен сахнага чыгасың го, ошондой эле нерсе. Түгөнөт десе күчөгөн, бүт баарын токтолбой да, такалбай да төккөн ырчыларды төкмө ырчылар дешет. Бир жолу менден төкмө ырчылар орусчага кандай которулат деп сурашты. Ырды гана эмес, жандүйнөнү төккөн бард* дегем. Акындар үчүн окуя-ишти билген угармандар болушу керек, ошондо гана алар бүт дүйнөнү асыл сөзгө айлантып, бир өзүн алгыр куш сезет.

– Билем, билем, – деди Айдана. А эл кылмергенди кай жакта деп айтышат? Тирүү дешеби? Эмнеге кабарын айтпайт?

– Мунун дагы буга чейин жообу жок, балким, түбөлүк жоопсуз калгандыр. Анын кайда экенин, эмне болгонун эч ким билбейт. Анткен менен аны бир күнү келип калат деп азыр да күтүп жүрүшөт. Анткени алар аны өз тагдырына, өз махабатына, бүт ааламга таарынып, бир да жан жетип көрө элек жерге кеткен дешет. Өзүнөн өзүн унутуп, Тибеттеги кечилдердин үңкүрлөрүндө күнү-түн тынбай дуба окуп, безерман кечил болуп калган деп айтышат. Болсо болгондур, а бирок ал жанагы кызың көзүңө чөп салып кетти деген чаян сөз айтылган соң, ачуусуна чыдай албай көздөн кайым болгон го. Аныгын билген адам жок, кайра жангыс өкүнүчтөн карышып, канжар мизин кармаган тагдыр тапты да. Кыйын иш, империясын тарттырып ийген император деле мынчалык жанын кыйнабайт, демек, бул жерде жөнөкөй жашоо эмес, дүйнөдөгү жашоо кылмерген үчүн ак сүйүүдөн жаралган. Кызкайып жөнүндөгү уламанын маңызы, аңыз кептин философиясы мына ошол жөнүндө. Ошо махабат баяны, адилеттик ыры жөнүндөгү улама-философиянын өзөктүк каарманы Кызкайып, ооба, Кызкайыптын эки дүйнө биригип жеңе албаган, чындык издеген сүйүүдөн тапкан жазасынын азап эрдиги. Адам дүйнөсүнөн биротоло баш тартып, алардын карасанатайлыгы менен күнөө ишине каршы болуп, аруулук менен чындыкты тагдыр кылып, а аруулук менен чындык деген ар дайым жалгыз болорун айкындап кетти, а кыз болсо ошол адамзат дүйнөсү үчүн, карөзгөйлүк менен кастык үчүн түбөлүк кечирим сурап кайып болуп жатат, анткени анын сүйүүсү менен күйүтүнүн жер чыдагыс күчү мына ушунда. Кызкайыптын жалдыраган жалгыз махабатын жер үстүнөн жан үрөп издеп табалбай азап тартканы бүт ааламдын айыкпаган оорусу.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.