ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ушул сөз айтылар замат ачык асман алайдүлөй түн түшүп, бороон согуп, жай ордуна кыш келгендей бурганак болот. «Маскара болдук! – Келгендер күйүп бүк түшүп, колдорун асманга созо: – Оо, Кудай! Бизди эмне үчүн минтип жазаладың? Жазыгыбыз не?! Андан көрө ошону өлтүрүп салсаң боло, андай шуркуяны көргөн жерден мууздап салыш керек!» – деп чуу түшүшөт да, табабыз, союп салабыз дешет. Кылмерген үн чыгарбайт, каны качып кубарып, ордунан жылбай, ок тийгендей отуруп калат.

Боору ачыган Айдана ушул жерден чыдабай:

– Өлтүрүшкөн турбайбы?! Кыйын болгон экен го?! – деп жиберди.

– Ошондой, – деди Арсен Саманчин аны коштой. – Анан ушунун баары, Айа, операнын сахнасында болуп жатат деп коёлу. Музыкасы кандай болуш керек, чыгармачылык кумар, кандай үн, мизансахна кандай көрүнүшү зарыл, айтор, бүт бардыгын элестетип көр. Анан, ооба, кылмергендин туугандары кызды таап, ошол жерден жазаламак болушуп, шашыла аттанып, аны да кошо бастыр дегендей кылып жатканда ал мындай дейт: «Токтой тургула, баарыңар угуп койгула! Мындан ары мындай сөзүңөрдү мен укпайын! Түшүндүңөрбү?! Анда эмесе мен эч жакка барбаймын. Эгер, бул менин башымды жутар каргыш болсо, мен да ага, ант бузар жүзү кара шермендеге, каргыш, наалат айттым! Адам тукумунун бүт баарына каргыш тийсин! Ушинтип адам аталганча, айбан болуп жалгыз жашаган артык. Бу жашоодо мындан ары мен бир да адамды көрбөймүн жана да бир адам мага жолукпайт! Уктуңарбы?! Уксаңар ошол, бул жерден жоголгула, мени издеп убара болбогула!» Ушинтет да атынан ыргып түшүп, артына кылчак карабай тоо аралап кетет. Мындай болорун күтпөгөн туугандары дел болуп туруп калышат, анан эстерине кылмерген эми киргенсип анын артынан чаап жөнөшөт. Таппай калышат, азыр эле баскан, жер жуткансып изи жок. Ошол ошол болот, ошондон кийин аны көрүп-билген жан болбойт.

Ушул жерден театр сахнасы үчүн бир драмалуу көрүнүш кошуу керек. Кылмергендин туугандары айылга жөнөй берерде аларга дайын-оту менен жоголгон колукту-кыздын үнү капылет жерден, ал жандарында тургандай болуп угулат. Көрсө, ал баш кошор күйөөсүн кайдасың деп чакырып, суй жыгыла издеп жүрүптүр. Ооба, кыз бирөө менен эч жакка качып кетпегенин, бул иш бирөөлөрдүн карөзгөйлүгү менен жаманатты кылган ушагы экенин ошондо эч ким билбейт. Ким билмек, уюшкан арам ойдогулар ошол түнү кызды жан адамга билгизбей уурдап кетишет да, колу-бутун байлап, атка таңып алыс алып барышат. Баягы кыз куумайга мара болгон дайрага жетишет, ошондо анын колу-бутун чечишип, эки жигит эки колунан кармап, кечмеликтен алып өтмөк болушат. Кудай да куурап турганбы ушул жерден кызды сактап калат, кандай болду ким билсин ал тигилердин колунан суурулуп чыгат да, ат үстүнөн дайрага боюн таштап жиберет. Беркилер артынан чуркап жетпей калышат, кыз күрпүлдөп аккан дайрага түшкөн бойдон көрүнбөй калат. Карөзгөйлөр кармап калабыз дешип агын суу бойлой барышат, сууга түшкөндөрүн ок дайра оп тарта ташка чапкылап, ай-буйга келтирбей агызып кетет. Кубангандан Кудайы кызды колдоп, суудан аман чыгарат, керемет-сыйкыр күч берип, аны куш кылып бийик учуруп, баягыл кылмерген менен анын туугандары жолугуп, азыр эле ажырашкан жерге алып келет. Кыздын үнүн угушар замат алар аны токтотуп, кандай иш болгонун сурап билели дешет, а бирок ал көзгө көрүнбөйт, үнү бар да, өзү жок. Анан ал да кайыптай кайым болот.

Ошол күндөн ушул күн ал Кызкайып аталып, купуя сыры ачкычы жок кулп болуп калат.

Ошол күндөн ушул күн Кызкайыптын бой-боздоп кошкон кошогу ошол улуу тоолордон жаңырып турат. Айа, мен сага ошол кошокту колумдан келишинче кошуп берейинчи. Тоо арасынан, алыстан-алыстан, капылет жерден угулуп жаткандай элестет. Анда эмесе угуп тур, ал кошок мына момундай:

Кайдасын сен, кайдасың сен, жан биргем, Кайып болуп кас колунан качтым да, Кыз боюнча калдым таза мен сага.

Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем, Аруу бойдон сендик болуп калдым мен. Ушак угуп шерттен шерим тандыңбы? Кайдасың сен, күкүк кылып какшатып, Кыз башыма күйүт тагдыр салдыңбы, А мен сенин кайындалган колуктуң, Куугун келет, кууратпасын, жолуккун. Ант алышкан дайра турат, кайдасың, Жетким келет, кайсыл тозок жайдасың? Антыбызга дайра күбө, Жараткан, Тагдырымды тагдырыңа байласын.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.