ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Бул оюн деп айтылганы менен баш кошо тургандарга турмуш сабагын, жашоо философиясын берет. Ал мындай: кыз ошондо тагдырдан тагдырга –өмүр бою ажырашпай жашоону эңсеген, бакыт берер жигиттен качканын, болгондо да жеткирбейм деп качканын кийин эч унутпайт, а жигит болсо өзү каалаганына, бактысына кантип жеткенин түбөлүк эстен чыгарбайт. Бул жолу да ошондой кыйын иш болду. Мен муну сага, Айа, эзелки бир окуяны билип койсун деп айтып жатканым. Ооба, ошентип кыздын аты учуп барат. «Чап! Жеткирбе!» – деген үндөр жер жарат. Кулагын жапырып кең арыш алган бу күлүк кылмергенге сүйгөн кызын берчүдөй эмес. Жигит кызга жеткиче шамал ал экөөнү кучактап, экөөнү тең аймалап бу дүйнөдө сүйгөнүң сени куугандан, сүйгөнүң сени жетсе экен деп качкандан ашкан бакыт жок дегенсийт. Ооба, бир бакыт жетсе экен деп качып барат, бир бакыт жетемин деп кууп барат. Эки бакыт ат жалында биригип бир бакытка – сүйүү бакытына айланып кетер бекен?..

Тагдыр, тагдыр! Бул оюнду кимдер ойлоп тапты экен?! Аларды көздөй кечмелик алардан аша учуп-күйүп келатат. Жетер жер абдан аз калды. Тагдырын берип, таалайын арнаганы качан жетет, качан сыга кучактап жүзүнөн үзүлө түшүп өбөт?.. Кыз качып да, ушуну самап да барат... Кыз качып да, качпай да барат. Кыз сүйүп да, сүйгөнүн кылчактай күтүп да барат!.. Кыз өзүнөн өзү ат тизгинин тарта кармап, үзөңгүгө бут чирей калды. Өзөндүн суусу көрүнүп, кечмелик көзгө кадала баштаган, антпесе болбойт, сүйүүдөн качкан бакытка, бакыттан качкан сүйүүгө жетпейт. Кыз денесин кубаныч кучактай калды. Сүйгөнү минген күлүк ат куйрук улаш жакындап келет... Кайран асыл жаныбар, кыз атына кынала теңелип берди. Кыз анын көкүлүн сылап жибергиси, жалына кулап түшкүсү келди. Ошентмек, жан биргесине жанын берип, анын жылдызын күндөй жандырмак. Ошондо кызга жигиттин деми угулду, аны бүт денесин, бүт жандилин балкытып укту. Тал чыбыктай белине тааныш, тааныш болгону менен атка мингенден ушул көз ирмемге чейин жок болгон, анан аны көшөрө күтүп, көшөрө эңсеген тааныш кол кыз денесин коргошундай эритип барып оролду. Үзөңгүгө үзөңгү тийип, эки жарык бир жарыкка айланды. Кыз булуттан чыккан айга окшоп жарк эте карады да, жигиттин жылуу деминен дем алалбай калды, ак жүзүн кызыл толкун каптап, ал дагы ага кынала түштү. Кыз атка мингенден ушул көз ирмемге чейин ушуну күткөн, дал ушуну ичинен күйүп самаган. Жигит максатына жетти, анан экөө тең сагыныша өбүштү. Ушул учур түбөлүк болуп калсачы!..

...Табышкан эки жаш, жарышкан эки аргымак ак канаттуу куш болуп жашыл өзөн дайрага кетип барат...

Казганактап карап турган калың эл:

– Жол бергиле жигитке, жол бергиле! Азаматсың! Жигит экенсиң! Алдын тоспогула, ал биздин бала болуп калды, биз биргебиз, биз бирбиз! – деп жатышты.

Кудалашкандардын бул тою ушуну менен аягына чыгат. А бирок жанагы ичи бузук кытмырлар кылмергенге ого бетер кара санап калышты. Жакшылыктан жамандыктын жолу ачык деген ушу го.

Кудай деген кудалар жети күндөн кийин дагы тойдон жолугарын айтышып коштошту. Кылмергендин туугандары өз жерине келер менен үйлөнүү тоюна токтоосуз даярдык көрө башташат. Ар бир иш өз жолу менен болмою эске алынды да, той каада-салттын кадырын көтөрмөк болду. Баш кошкон эки жаштын ак өргөөсү өзүнчө, бүт баарына дайын жерге тигилип, куда тараптан келе турган меймандар үчүн дагы өзүнчө катар-катар боз үйлөр даярдалып, белек-бечкек, кийити менен камдалып, жарчысы элге тандалып, ырчылары күн мурунтан шаңданып, жаштардын оюн-зоогу өзүнчө уюштурулуп, айтор, кызыгы элде бололек той өткөрүлмөй болот. А кездеги салт боюнча үйлөнүү тою ошол элдин кадырын айтар иш болгон.

Меймандар келет, той башталат деген күндүн алды экен. Кылмерген эки инисин ээрчитип, сый конокторго кийик этин тарталы, куш этинен салалы, кымбат баалуу аң терисин тартуу жасайлы деген ой менен аң улоого түн бой түзөр маалда кетет, жолу жомоктогудай болот. Улуу шашке болгон дейт, капылеттен кылмергенди кыйкырып издегендердин үндөрү угулат. Туугандары аны издеп, ат тердетип келишкен болот. Бир топ экен, тоо жаңырта: «Кырсык болду! Күтпөгөн кырсык! Бери кел!» – дешип ызы-чуу түшүп чакырат. Кылмерген кандай кыямат болуп кетти деп барса, алар төштөрүн койгулап айтышат. Көрсө иш мындай экен, өткөн түнү колукту болор кайындалган кыз өзүнүн мурда сөз бекиткен жигити менен качып кетиптир, имиш-имишке караганда аны базары көп бир шаарга алып кеткен болуш керек дешет.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.