ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Арсендин дил-оюнда эмне болуп жатканын, эсинен чыкпай элирткен бир азгырык санаанын кайдан келип, убайым таштап турганын Бектур Саманчин такыр билген жок, өзү бир сөз айтпаса анын билмеги кайдан...
Кээде ушундай да болот, жалпы иште анын көзүн билип талкуулаган адамдын ичинде турмуш чындыгынан өтө эле алыс, түшүндүрүүгө эч мүмкүн эместей кандайдыр бир кубулуштар болуп кетээри кимдин оюна келиптир. Шамал тоонун аркы бетин урса, берки бетиндеги бутактар термелчү беле. Ошондой кеп.
Анткен менен Бектур ага андан эч бир шек санабастан, тескерисинче, Арсенди тууганчылык менен өтө жактыра, өз сунуштарын жантыгынан жата калып чечмелеп жатты. Кагаздарга пландарын жана чиймелерин чийип, барстарга буктурма жасалчу жерлерди белгиледи, алардын үч жактагы айдакчылар кайсыл жерде болору көрсөтүлдү, айтор, жырткычтар түз эле ханзадалар кароолго алып турчу жайыкка чыгат. План ушундай, албетте, мындай учурларда оңунан чыккан, оңунан чыкпай калган учурлар болот, алар колго багылган колхоздун койлору эмес. Ошентсе да жер сырын билген, тоолорго көнгөн дулдул атчан беш-алты айдакчы жырткычтарды бура кетирбей сая кууп, эки капталынан дагы беркилер чыгып, айтор, камоо-кароолго жеткириш керек. Четтен келген мергендер чер жаза атып алышсын, экинчиден, барстар деген бул жерде жайнап жүрөт экен деген ойдо калышсын. Аңчылыкка кол кабыш кылгандардын милдети ушул, олжо деген ушулардан башталат.
Ошондой жооптуу ишке чегерилген, жер өңүтүн өз үйүндөй билген айылдагы жигиттердин тизмесин да көрсөттү. Бектур аганын айтымында алар өз ишин билишет, куралдар менен камсыз болгон, добулбастары да бар. Булардын баары Арсен үчүн ойго келбеген, кыялына да илинбеген иш болду, алдыда боло турган иш чын эле шахматтай ойлонулуптур. Таң калды. Ошентсе да, алар шашпай чай ичип, аңчылыктан башка да өздөрүнүн турмуштук иштерин сүйлөшүп отурушту. Ошо баарлашуу маалында бир кызык окуя болду, муну бардыгын ойлоп тапкан Бектур ага да ойлоп таба алмак эмес.
Жай мезгили жаныбарларга жакшы эмеспи, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларында, башка ыңгайлуу жерлерде жашаган көгүчкөндөр менен чабалекейлер учуп жүрүшкөн. Аларга эч ким деле көңүл бурушчу эмес, андагылар аларга, алар андагыларга көнүп бүтүшкөн. Балапандары темир канат болгон кезде гана аларды учурууга көндүрүп жүрүшкөнүн көрүп калышчу. Айрыкча эл чабалекейлерди канаттуунун асылы, адамга жакын, сыпаа жаныбар деп санашчу. А бирок азыр башкача болуп чыкты окшойт, иши кылып кызыктын кызыгы болду белем.
Ооба, эки Саманчин эртеңки күнү жөнүндө кызуу сүйлөшүп, бири өз көрсөтмөлөрүн, пландарын айтып, экинчиси эсинен чыгарбас үчүн блокнотуна керектүүлөрүн жазып иш кумарына кирген кезде эки чабалекей, кыязы, түгөйлөр болсо керек, ачык турган терезеден үйгө учуп киришти. Жаңылып-жазып кокустан кирип калышса ошол эле терезеден кайра шашыла учуп кетишмек. Алар антишкен жок, адашып калыштыбы, же дагы башка болдубу, айтор... Жок, атайы келгендей, кеткилери жок, чыйпылдап үн чыгарышып, үйдүн шып алды менен канаттарын ийкемдүү жайып, жай каалгып учуп, эки Саманчиндин төбөлөрүнөн айланып, тынбай чыйылдай беришти.
– Ой, булар кайдан келишти? – Бектур ага ордунан козголо аларга карады. – Булар ушинтип кире беришеби?
– Жок. Мындай болчу эмес, биринчи жолу. Чабалекейлер менен көгүчкөндөр бул жерде оголе көп, терезенин жанынан ары-бери уча беришчү. Чатырда уялары бар, – деди Арсен.
– Анда булар алда неден чочушкан го? Терезени чоңураак ачып койчу, чыгып кетишсин.
Ал терезени толук ачты, а бирок чабалекейлердин кеткиси жок, ары аёолуу, ары мээримдүү, ошол эле мезгилде алда неден чочулагандай көздөрүн балбылдатып, алардын үстүнөн айланып жүрө беришти. А балким, булар алда неден аян берип, ошону кабарлап жатышкандыр? Ким билет, айтор, Арсен Саманчиндин башына ушундай ойлор келди, ал эми Бектур Саманчин болсо орундуктун жөлөнгүчүндө турган сүлгүнү алды да, чабалекейлерди сыртка кууп чыгарды.
– Булардын тамашасына тойдук, – деди Бектур ага башын чайкай. –Эмнеге келишти экен? Мейли, кел эми, иштей берели, убакыт болсо аз калды. Сен бизге качан келесиң? Качан жолугушабыз? Ошону тактап айт. Анткени биз сени менен да контракт түзүшүбүз керек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.