ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Эгер ишибиз жана биз болжолдогондой жакшы болсо, анда сен да ушундай жиптен бирди сатып алат элең. «Нива» деген совет мезгилинен мураска калган жакшы машина, а бирок бизнес доорунда сага окшогон адамга жип ылайык.
– Ыракмат, байке, ыракмат, буйруганын көрөлү. Тоо жеринде жүргөнгө жип жакшы да, буйруганы тургандыр. – Арсен Бектур агасына ыраазылык билдире ыракмат айтты да, дагы ичинен: «Ошондой эле болсо кана?» – деп ойлоп жиберип, анан сөзүн Итибайга бурду:
– Итибай, жакшы эс алдыңбы? Азамат, ар дайыма ушундай жүр. Биздин тоолордогу жолдор менен жүргөн киши гана жүрөт.
– Ооба, Итибай экөөбүз ал жолдор менен канча жүрдүк дейсиң? Үч жүз миң километр!
– Үч жүз кырк миң болуп кетти! – Итибай сыймыктана тактады.
Ошондон соң алар кучакташа коштошту. Арсен алар түшкөн жиптин артынан кол булгалап жатып дагы бир жолу ичинен: «Ошондой эле болсо кана?» – деп койду.
Арсендин табияты ушундай эмеспи, жанагыл чабалекейлерди кайра эстеп, дил-оюна тынчтык бербеген дагы бир ич бышыра муңайткан иш бар эле. Муну ал эч кимге айтпай калсын, айтты дегиче апендиче күлкү болмок. Ооба, ошол чабалекейлер, аларды Айданага гана айтыш керек, Айдана гана шылдың кылбай түшүнөт, атүгүл андан жандүйнөгө байланышкан романтикалуу бир нерсе чыгарып, балким, алда кандай сюжет таап, болбосо либретто жазыш керек, мүмкүн обондуу ыр жаратса болот деген акылын айтмак. Ал өзү ошондой купуя сырдашууну жакшы көрөт, андай учурларда ойго келбес нерселерди таба коёт. Ушунусу жакшы, жандүйнөсүн жаныңа ого бетер бириктирип жиберет. Ал экөө мындай жанына жаны бириккен, дилине дили кошулган сырдашууларды канча ирет өткөрбөдү дейсиң. Эми антип сырдашмак түгүл жүрөк туйлаткан үнүн телефондон угууга зарсың, анткени ал кулакты кесип, көздү алып «Лимузин» менен кете берди. Өкүнбөй койчу иш бекен, болбосо бул айтары сырдуу табышмак болгон кабарчы чабалекейлер жөнүндө ага аңгеме курмак. Ошентмек, а алар ага эмнени айталы дешти экен?..
Ушуларды ойлоду. Антпесе бир-эки күндөн кийин мунун бардыгын унутуп салмак. Ооба, ошондой эле болду, Туюк-Жар тоолорундагы аңчылык-бизнесине камылга көрүү аны кыялдантмак түгүл, эсинен атын чыгарып, кыяматка салды. Ошо түйшүгү түндө түгөнбөс күндөрү бир ирет ошондой кырдаал болуп, капылет-кайыптан чабалекейлер эсине түшкөн да, алар эртеңкини алдын-ала айтып келген аянчылар экендигине көзү жеткен. Бул иш өз айылына, барстар жүрчү тоолорго келгенине беш күн болду дегенде ал «Көзгө көрүнбөс эшик, же тагдырдын формуласы» аталыш коюп, баягы каргашалуу жазууларды күндөлүгүнө жазган: «Ар бир пенденин алдында мурунтан эле даярдалып коюлган, а бирок көзгө көрүнбөгөн, ачык турган жазмыш жазган каалгасы болот. Анын босогосун аттоону тагдыр качан буйруса ал ошондо, эшиктен ары киргенден кийин, башынан байланган барымтага түшкөн соң гана жазмышы экенин билет. Энеден кайра төрөлүү мүмкүн эмес сыңары ошо босогону аттагандардын эч кимиси кайрадан артка кайта албайт. Тагдырдын буйругу ушинтип ишке ашып турат. Бул тагдырдын формуласы, кирүү бар да, чыгуу жок».
Жараткандын жазыгы жок жаныбарлары жан сабаша ушуларды эскертели дешкенби? Алар муну кайдан билип алышты экен? Кызык... Күлкүбү?.. Аңкоолукпу? Жок нерсени бар кылып апыртуубу? Ишениш кыйын, а бирок азырынча ушундай болуп жатат. Азырынча... Бирок мындай жазуунун Арсен Саманчиндин калеминен жаралышы алдыда болчулардын жышааны эле. Анткен менен азырынча санаага коога түшүргөн эч нерсе жок, бүт бардыгы бизнес-пландагыдай өтүүдө.
Эртеңки тагдыры кандай болуп кетерин капарына албастан эси-дарты Айдана болуп, аны эми көрө албаймын, чабалекейлер жөнүндө айтып да бере албаймын деп жаш балача жылдызын жерге түшүрүп жүрдү. Антпесе деле болмок, айткан күндө да кана ошол чабалекейлер деп Айдана жетип келмек беле?.. Деги анын эсинде бул бечара сууктумшук бар бекен?
Ошол мезгилде дагы бир сууктумшук, жырткыч Жаабарс Үзөңгүлөш ашуусунун алдында арбалгандай айланчыктап жүрдү. Анын күткөнү эмне? Аны эмне күтүп турат?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.