ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Анын эмне кереги бар? Өз дегендердин арасында кереги деле жок.
– Керек, азыркы шарт ошондой. Бизнес деген контракт менен гана жүрөт.
Арсен Саманчин, – Ой, байке, мен сизге атамдай эле ишенем да, контракттын кереги жок, – деп айтайын дегенче жанагыл чабалекейлер кайрадан учуп киришти да, кайрадан бөлмөнү айлана башташты.
– Ой, Арсен! Булар кайра келип калдыбы? Бул эмнеси? – Бектур ага таңдангандай сөз катты.
Ооба, алар бекер кирген жок, бир нерсеге тынчсызданышып, анан ошону төкпөй-чачпай буларга билдиргиси келип, же аны толугу менен угуп алууну каалап келишсе керек деп ойлоп жиберген Арсен ошол эле замат алардын тынчсыздана сырдуу чырылдаганын кайра-кайра тыншап, көз албай тиктеп туруп бул экөөнүн дил-мүдөөсүн түшүнгүсү келди. Чабалекейлердин кулактан кирип, жүрөккө жеткен аянычтуу чырылдагы жакпай кеттиби, же ага чыдай албай койдубу, айтор, Бектур ага эми терезени жаптырып салды. Арсен анын каалаганындай болсун деп кондиционерди толук иштетип койду.
Арадан бир мүнөт өтүп-өтө электе эле жанагыл чабалекейлер терезенин сыртынан ары-бери учуп, кайрадан үйгө киргилери келишип чыйпыйы чыга чырылдашып, жана айталбай калганын эми айтууга шашкандай, жана унутуп койгонун эсинен эми тапкандай болушуп мурдагыдан катуу тынчсыздана улам-улам айнекке келип, тийип-тийбей кайра кетип, бизди киргизип койгулачы деп жалынып суранышкандай сезилип жатышты.
Катылган сыры кандай экенине таңданган Бектур ага:
– Бул эмнеси? – деп жиберди. – Жакшылыккабы, же жамандыккабы? Мейличи, биз буларга алаксыбайлы. Терезе парданы тартып сал, биз көрүнбөй калган соң, анан өздөрү эле кетип калышат.
Ошондой кылышты.
Алар андан кийин майда-чүйдө маселелерин талкуулашты, дагы башкаларын такташты. А Арсендин оюнан жанагы сырдуу чабалекейлердин табышмагы кетпей, башта андай шумдукту көрбөгөнүн, болду-болбоду мында бир маанилүү мандем бар экенин таразалап, алардан кутулалы деп бекинип алып отурушканына бир чети таңданып, бир чети өкүнүп, санаасын ошолорго байлап отурду. Ал тургай Бектур Саманчин тууганча сүйлөшүүгө абдан ынтызар болуп, айтор, кепке бериле маани берип, иниси Арсендин бойдок жашоосуна өзгөчө басым жасап, жаны кейип жүргөндүгүн билгизе сөз баштаганда да ал жанагыл оюнан кутула алган жок.
– Арсен, сенин ишиң, жүргөнүң, айтор, баары жакшы, – деди ал анын көзүнө тигиле карап. – Ыракмат. Ушу чайың гана бойдоктордукундай, буга сен таарынбагын. Кеп чайда эмес, эми сен канчага чейин жалгыз жүрө бересиң? Жетишет, айрымдар беш-алты жолу аял алып, атүгүл телевизордон чыгып ошонусуна мактанып да жатышат. Ырас, сен бир жолу мүдүрүлүп калдың, андайлар болот, жалгыз эле сен бекенсиң, анан ошого да чүнчүп, өзүндү өзүң колго алалбай жүрө бересиңби? Жок, мындай иш сага жарабайт, Арсен. Жашсың, акыл десе акыл бар, ыраматылык атаң көзү тирүү болгондо сени менен сыймыктанмак, кайран кишинин неберелери да болмок, бай да, жакыр да эмессиң, интеллекттүү адамдардын көбү ушундай болот. Үйлөн, туугандарыңдын бардыгы ошону күтүп жатат. Андай-мындайынан коркпогун, мына мен даярмын, кудайга шүгүр, бир үйүр жылкы бар, калыңга берем, атасынын көрү, шаарга десең шаарга айдатып келем. Күлбө, эмнеге күлөсүң? Шаарда да, айылда да жакшы аялдар бар. Каалаганың танда. Ушинтип жүрө берсең убакыт деген өтүп кетет. Аны түшүнөсүң да.
Арсен мындайды көп уккан, ушу азыр да акырын жылмайып, макул дегендей баш ийкеп, анан сөз удулун башка жакка бурайын деп калды эле, Бектур ага унутканы эсине эми түшкөнсүп:
– Укчу, Арсен, жанагы эки чабалекейдин үйүңө кирип, ары-бери учканы бекеринен эместир? Балким, алар сенин аялыңды көргүлөрү келип киришкендир? Азырынча ал жок да! – өзүнүн тамаша сөзү өзүнө жакты окшойт, ал аябай каткырды. Арсен:
– Ошондой болсо кана! – деди чын эле олуттуу сүйлөп.
Бектур аганын сөзү ага жаккан экен, аны короодо узатып жатканда да ичинен жанагыл сөздөрдү ойлоп: «Ошондой болсо кана?» – деп алды. А Бектур Саманчиндин оюнда пайдалуу иштер чечилип жаткан. Жууп-тазалагандан кийин анын жип машинасы ого бетер сүрдүү, ого бетер көз тайгылтып калат экен. Анын катарында Арсендин чаң баскан «Нивасы» турган, аны көрүп:
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.