ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Элес экөө шаарга кетип калышса, анда алар түнкү оттор менен музыканын деңизинде балкышып, ооба, бакыт болмок. Антүүгө азыр болбойт, Бектур агасынын сөзү менен аңчылык-бизнес маселеси боюнча келип, туугандык парзын аткармак. Ошол үчүн бир карыш да жылбаш керек. Анын үстүнө бу Таштанафгандын иши, барымтага алчуларга даярдап койгон үңкүрү туру. Азырынча опурулуп айтылып жатат, сөз болуп жатат, а эртең ал сөз эмне болот? Ал эмне кылышы керек? Муну менен эч кимдин иши жок, анткени аны эч кимиси билбейт да...
* * *
Бул күндүн ушул саатында жанды жанчкан жалгыздык менен тула бойду туткундаган коркунуч кордоп зарыктырган, тагдыр тозогун тартып, өксүүгө өрттөнүп бүтүп бараткан бирөө бар эле. Ал Үзөңгүлөш ашуусунун алдындагы Жаабарс эле. Жакындан бери бул аймак да тынч болбой барат, туш-тарапка дүрбү салган, алда кандай түтүк сымал бир нерсе аркылуу тоо жаңырта кыйкыра үн алышкан кайдагы бир атчан адамдар келчү болду. Азыр да үчөө жүрөт, жер чалып, керегин издеп жүргөндөй. Жаабарс дилинде аларды тоготкон жок, билгенин кылып алсын дегенсип, казандай башын калдайтып, кумурскага күндүк жол келген куйругун желкесине жеткире серпип салып жатат, тигилердин көзүнөн далдаа болор ою жок. Алар болсо «узун куйрук, казан баш» өз жайында экен, ишибиз эртең оң болот деп, ой тынчытып баратышканын жаныбар Жаабарс бир билип эле койсочу...
А Жаабарс болсо ошондо: «Бул жерге силер эмнеге келдиңер? Силерге не керек? Кесир иш кылбагыла, жакында тоо бузулуп жер болот, ошондо силерге да жамандык болот», деп дилинде айтып, өзүнчө онтоп, ырылдап койду.
* * *
Кеч жакындаганда Арсен Саманчиндин чыдамы такыр кетти, негедир Элес менен ээн жерде болгусу келе берди. Анткени ал ушу кечте бош болмок да, эртеңден баштап тилмечтикке байланмак. Даярдык ишин жасай тургандар, кинооператорлор, анын эртеси ханзадалардын өзү келет. Олуя-Атанын аэропортунан тосушат. Иш ушундай, өзүнө тиешелүү майда-барат нерселерди блокнотуна жазып алды да, сыртка жөнөдү. Артынан Таштанафган жетти:
– Арсен, сен эртең тиякка кетесиң. Сенин атың токулуу бойдон эжеңдин короосунда болот, унутуп калба, даярдап алып келишет.
– Жакшы экен, алып келе беришсин.
– Мейли, а куралыңды качан алып келишсин? Сага мылтык керек, анан сен тапанча да сурадың эле... Ал да болот, автоматты биз гана алабыз. Жанагы үн күчөткүчтү да алып келе беришсинби?
– Эртең алып келишпейби, кечке жуук, саат алтыларда. Шеф экөөбүз Олуя-Атадан келип калабыз. Куралдарды менин өз колума беришсин.
– Өз колуңа тапшырат. Шеф Бектурдун буйругу менен, тилкат менен берилет. Анан, Арсен... Мындай чыгалычы.
Бурчтан ары кетишти.
– Биз азыр ар кайсыл жакка кетебиз, тоодон, болжолу Моло-Таштан жолугат болушубуз керек, – деди Таштанафган. – Сен ханзадалар менен келесиң, мергенчилик ошол жерден башталат. Барстарды биз башкарабыз, бас деген жакка баскыдай кылабыз. Бардыгы эле ойдогудай чыга бербейт, ар кандай болуп калышы мүмкүн. А бирок мен баягыл Оогандан бери келаткан аскер шапкемди киерим менен биздин иш башталат. Шапкемди кийгеним бул буйрук бергеним, бүт бардыгын сүйлөшкөндөй аткара бер. Билесиң да!
Арсен Саманчиндин кулагы зыңылдап, башы жарылчудай болду.
– Сен кандай чалмакей чаларыңды ойлочу! Кеч болуп кала электе токтоткун.
– Сага эмне болду?! Биздин малчылар үчүн тиги кан соргон мителердин жыйырма миллионун аяйсыңбы?!
– Бөлүштүрүү башкача болушу керек.
– Ооба, революция, реформа аркылуу, анан да ким канча жулуп кете алса... Мен күтөмүн.
– Сен теракт жасап жатасың. Ушуну түшүнөсүңбү?
– Түшүнөм. Биз өз энчибизди алышыбыз керек.
– Кайым айтышып олтурбайлы, бул эл аралык чыр-чатакка айланат. Алар «Мерген» фирмасынын проектиси менен келет. А сенин ойлогонуң бизди таш-талкан кылат, кан төгүлөт, анткени алардын өздөрүнүн сакчылары бар.
– Коркпой эле кой. Биз айтканды тигилерге англис тилинде айтсаң болду, биз сага тийбейбиз.
– Мен өзүм жөнүндө айтып жатканым жок. Айтамбы, айтпаймбы ал менин ишим. Эмне, сен экөөбүз эрөөлгө чыгышыбыз керекпи?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.