ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Чогуу жол улантышты. Көчөдө баратып Арсен:

– Элес, сен фотографсыңбы? – деп сурады.

– Жок, менин кесибим китепканачы, китепканада иштегем. Пединститутта окугам. Облус боюнча китеп таркатчубуз, өзүбүздүн автобусубуз бар эле, биз аны библиобус[1] деп койчубуз. Анан минтип бардыгы токтоп калды. Библиобусубуз менчиктелип кетти, айлыгыбыз болсо он беш доллар болду, ошентип ар кайсы тарапка кеттик.

– Түшүнүктүү, –  деди Арсен Саманчин, а Таштанафган болсо ага негедир сырдуу карады. Анын бул кылыя карашынан көрдүңбү, эмгек акы деген он беш доллар, ал эми буерде жыйырма миллион жатса, анан сен кесирленип чамгарактайсың деген ой айтылып турду.

Орозкул бара берейин деп кетип калган, а Таштанафган дале болсо алар менен келатат, атына минип, шеф Бектурга эртерээк кетип калбайбы деп Арсен Саманчин ага таңданып койду. Шашыла турган түрү жок. «Мейли?! –  деп койду Арсен ичинен, анан жана эле ал экөөнүн ортосунда болгондорду эстей калып, аларга азыр эмнегедир кайрылгысы келбеди. Ошондой болду, непадам ал экөө бир кудукка түшүп кетишсе бирин бири төмөн көздөй тартыша берип иш бүтмөк.

Жанагыл Таштанафган азыр жок, оозунан ныпым сөз чыкпайт, айтор, алар ортодо эч нерсе болбогонсуп, жанагыл иш боюнча элдешкис эки көз карашты көтөрүп, ал боюнча ооз ачышпай, эч нерсе билдиришпей кең көчө менен жайбаракат келе жатышты. Ал иш кандай болот, эмне менен бүтөт, бул кыязы Кудайдын иши болсо керек. Элес кайдан келди, чын эле ал өзү билбеген бир кооганы туюп, жалгыздыктын зынданына түшүп кеткен, кайсыл бир чөйрөгө жек көрүнчү, иши оңунан чыкпаган жолу катуу жоболоң саналган, ооба, ушунун бардыгына башка бирөөнүн айынан башын сайган азаптуу адамды арман-муңдан арылтайын деп, периште болуп келдиби?! Чын эле өчү бардай эрегишкен бул тагдырдан кантип кутулууга болот? «Жакындаба, жан кыйноого түшөсүң, ал жөнүндө ойлонбо!» деди ал дил өзөгүн акырындан жылытып келаткан бир сезимди сезе коюп. Анткен менен ал капысынан жолугуп, аны менен беймарал катарлаш басып келаткан Элестин аны буга чейинки тагдыр тозогунан кутултайын, сактап калайын деп келди деген өзү тапкан ишенимине ого бетер байлана берди. Бу кургур эмнеге антип жиберди, аны өзү да түшүнбөй баратты... А Элес болсо өзүнүн дүн соода иши жөнүндө, кызыл кулактык туурасында айтып, Олуя-Атадан Саратовго поезд менен, андан Москвага самолёт менен учарын айтып, аяктан базар сураган товарларды алып келип, андан 10-15 пайыз пайда көрөрүн түшүндүрүп келатат. Мындайды далай укса да, негедир муюп укту, анткени ал булардын баарын өзүнүн көңүлүн көтөрүүчү, өзүн сактап калуучу сөз катары кабыл ала берди. Ал өзүнүн ушундай абалга дуушар болгонуна, капылет жайдан азыр эле чыга калган бул келинге неге тартылып, андан дилин бөлалбай калганына түшүнгөн жок, түшүнмөк түгүл ушундай болорун өмүр бою самап жүрүп, өмүр бою аны менен ушундай мамиледе болуп келе жаткандай эле туйду. Аны менен азыр эле көрүшүп жатат, ошентсе да ал ушу менен, бу дүйнөдө башка эч нерсенин кереги жок, ушу менен гана сүйүү ааламына катарлаша канат кагып учуп кетүүгө, тазалык менен бийиктик жаралган аскар тоонун мемиреген этегинде жалгыз болушун, аны колуна көтөрүп алып жүзүнө жүзүн жакындатып, гүл талындай тыноосунун жылуу, назик, жыпар демин жыргап тыңшоону, жыргап жыттап турууну көңүлү ыйлап, көөдөнү сыздап самады, бүт аалам ал экөөнүкү гана болсо деп көкөйү менен көксөдү. Анан анын эсине «Нивасы» түштү, шашыла ага отурушуп, түн жарымы болсо да шаарга кетип калышмак. Түнкү оттор... түнкү музыка... Кыялың менен куруп кал, азыр алар айыл аралап, айылдаштары менен амандык сурашып бара жатышат, бири чыга калып, бири баш ийкеп дегендей, айтор, ошентип барар жерге жетип да калышты окшойт. Ошондо Арсен негедир бири-бирин «сен» эле дешип сүйлөшүү дурус экенин, «сиз» дегенде чоочун, алыс адамдардай туюларын, жаштарынын айырмасы деле буга жол берерин айтып калды, ошону айтууга үлгүрүп калды. Анан офистин босогосун аттаар алдында андан бул жерде канча болорун сурады.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.