ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Мен, Арсен, сен канча десең ошончо күн күтөмүн, – деди Элес чечкиндүү.

– Сенин бул жерде болгонуң жакшы. – Арсен да көңүлүндөгүнү айтып калды.

Айылдагылар ушерге көчүп келиптир, офисте, короодо, көчөдө топурап жүрүшөт. Анан кантмек, бүт айыл чет элдик мергендерди, баарынан да араб ханзадаларын качан келет экен деп сөз тыңшап күтүп жатышкан. Жаш-кары дебей офистин жанында экен. Ушундай болмогу бар эле. Бар болгон менен мындайда ар кандай сөздөр айтыла берет эмеспи. Теңирге табынганы өзүнө жакын адамдарын чакырып, Үзөңгүлөш тоолорун карап сыйынгыла, шамал сурап тилек кылгыла, анткени мөңгү барстарын шамал гана жаткан жайынан айдап чыгат, мергенчилерге жардам берет деген сөз чыккан. Аны уккан молдо тиги теңирчини асманга эмес, бардыгынын эгеси Жараткан, анын өзүнө кайрылуу керек деп ага күнөө койгон. Күлө турган киши жок. Ошентсе да ушу азыр «Мерген» фирмасында шеф Бектур өзү башында туруп, кадырлуу ханзадаларды жайгаштыруу боюнча даярдыктын абалын карап, кеңешме өткөрүп жатышкан. Бу чогулуш карыяларга социализм кезиндеги аял-эркек дебей катышкан жыйындарды эстетти, чын эле ошо колхоздун эмгек жыйналыштарынан бери мындай иш дегеле болгон эмес. Ошондон улам бу жыйналыш деле болмок эмес экен, тиги улуу мөңгү барстары «көрсөтмө» бериптир, ошондон улам чогулуш өткөрүп жатышыптыр деген тамаша тарап, айылды күлдүрүп жүрдү.

Мында келгендердин көбү сөз угуп, иш кандай болорун билмекке кызыккандар эле. Ошондой болсо да, айылдаштарынын мындай жигери Арсен Саманчинди ыраазы кылды. Айылдаштарынын көбү менен далайдан бери кезигише элек болчу, жакшы болду, бүт айыл күткөн ушундай маанилүү кырдаалда алар менен аманчылык сурашып, чер жазып туру. Мунусу жакшы дечи, а бирок мынабу Таштанафганга эл өтө жакшы мамиле жасаганына, кадыры бар экенине ичинен бир аз кырт дей түштү. Анын үстүнө ал эртең эле бу жердегилердин төбө чачын тик тургузар иш жасабай тургандай жадырап жүрдү. Андан да айылдагы аялдар Таштанафган жөнүндө ыр чыгарып, анысы элдик болуп кеткенин укканда кирерге жери калган жок. Алар минтип ырдашат экен:

Эй, Афганым, тосуп ал,

 Кербениңе кошуп ал.

 Сага тиет керегим,

Уул төрөп беремин.

Тагдыр байлап койгонбу,

Тамак тапсаң болгону.

Эх, кербениң, кербениң,

 Кантем Кудай бергенин.

Мейли, бул айыл тамашасы болуп ырдала берсин, бизди каражолтой каргашалуу иштерге азгырбаса болгону, деп көңүлкош ойлоп койду.

Ооба, жел тийбеген деңиз сымал көңүл тынч болгону менен дил тереңинде бир бүдөмүк, азырынча эч кимге айтууга да, азырынча эч ким билүүгө да мүмкүн болбогон, бир өмүр менен бир тагдырдын жан адам билбес жалгыз сырындай болгон, ийе, буга чейинки арман-муңунан жалгыз гана өзү үчүн жаралган Элестин башка жактан эмес, дал өзүнүн айылынан табылып, табылып да болду, айылынын ал өтөр көчөсүнүн кайсы бир үйүнүн, кайсы бир терезесинде жол карап күтүп турганы, күтүп турганда да кандай, бир көргөндө эле, бир сүйлөшкөндө эле, бу дүйнө жаралгандан бери жаны бир болуп, эки дене, бир жүрөк болуп жашап келгендей сүйүп калышы –  жанга баткан жалгыздык менен ошо жалгыздыктын азабынан жаралган тагдыр муңу акыры ага табылбай келген бакыт болуп тургандай, жазмыш кыяматынан сактап калуучу бир периште-күч болуп келгендей болду. Бул жашоонун жакшылыгындай жаркын жолугушууну Арсен ушундай деп баалады. Ал эми анын айылдаштары ал аксанатай өмүрдүн акжолтой көрүнүшүндөй сезип турган Элеске көңүл деле бурушпады. Башка айылдан болсо да Элес бул айылдын өз кызы болуп калган, эжесиникине изин суутпай көп келет, анын үстүнө Түмөн айыл бу Туюк-Жардын бир бөлүгүндөй болгон жер. Арсен Саманчин аны билет, ошондон улам Сибирдеги Тюмендин аталыш мааниси ушу түмөн деген сөз менен байланыш болсо керек деп да ойлоп койду.

Бектур агасы иш жөнүндө сүйлөшүп, меймандарды тилмечсиз тосо албай турганын айтып отурду, а Арсен Саманчин андан кабатыр болгон жок, өзүнүн иши да, тескерисинче, ушу азыр ал сыртка чуркап чыгып, кыз-кыркындын арасында турган Элести атайы атынан атап чакырып, анысы аткан таң болуп алдына келсе, ак балык болгон билегинен кармап, жетелеп эжесинин үйүнө алып барып, муңдашындай «Нивасына» түшүрүп, тагдырынын таалайын тоо-талаага таанытып, тагдырынын муңдашы болгон шаарына мелт-калт болгон сүйүүсүн алып баргысы келип кетти. Ошентти, кыялы сабалап учкан шумкар го, ушуларды чок баскандай ойлоп отуруп, анан ал өзүнө өзү буга чейин бир болбогон ойго таң калды, кыялында ар качандан бир качан кызыл гүл болуп ыргалган Айдана кана, кызык, кыялында ар качандан бир качан кыямат-кайып болгон тигинин бизнес-шефи, Кудай алгыр Курчал кана?! Ооба, тагдыр дегениң сага эле эмес, Кудайга да баш ийбейт экен, жанына жаның бергендер да, жаныңды сууруп алчу душманың да жандүйнөңө бакыт келсе жоголот экен... Тагдыр деген Кудай да таппас табышмак экен...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.