ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Арсен, сага эмне болду? Биз ушул жакка барабызбы?
Элестин сөзүнө үн чыгарган жок, жөн гана башын ийкеп, ага мурда эч болбогондой, өзү да андай учурун сезбегендей жароокерлене жылуу жылмайып, күлүмсүрөп карады да, тамашабы, чыныбы:
– Элес, сен капа болбойсуңбу, мен сени шаарга алып кетким келип жатат, деди.
– Чын элеби? – Элес таңдана калды. Ошол таңдануусунда, ошол күлүмсүрөөсүндө күтүүсүз келген кубанычтын белгиси да бар эле.
– Ооба, сени ала качып кетким келип жатат.
– Эмнеге?
– Сен экөөбүз бир болсок дейм.
– Ошондойбу? Анда мына бу гитарам экөөбүз ала качкыч журналистке туш болгон турбайбызбы. Ала качкыла! – Элес кубана күлдү. – Бул жакшы да, анда машинаны айдагын, ал кай тарапка барарын билбей турат.
– Макулсуңбу? Анда сүйлөштүк. Азырынча бир жерде боло туралы, – деди да, Арсен Саманчин жакын жердеги өзөнгө, суу жээгине көк жашыл токой тарапка айдады.
Андан аркысы өзүнчө эле кино болду. Тунжураган улуу тоолордун ак кар, көк музу күн батар маалга салкын желаргысын тартуулап, кокту-колот менен буйтка-буйгоолго түшкөн көлөкөлөр бара-бара кара көгүш түскө өтүп, ак жайдын толгон бу кезинин күч-кубатын көргөзгүсү келгенсип тоонун суусу өзөндү бийлеп, өзөндүн ээси өзүм дегенсип токтоону билбей шар агат. Алар ошол жерден жай алышты. Куу жыгачтарды чогултуп, от жагышты, Элес шамдагай экен, ар нерсеге эптүү экен. Шар аккан суунун жээгиндеги узун чөптөрдүн арасына Элес ала келген одеялды шашыла жая салышты да, жарыша кийим чечишип, ачып көздү жумганча энеден туума болушуп, бири-бирине биригип, бири-бирине балкый эрип, аза бой жалгыздык менен күтүү кусалыгынан, эңсөө менен армандан бошоп, өрт болуп күйүп бу тагдырдан өч алып, бу дүйнөдөн сүйүү таап, эки дене бир тамырга айланып, эки тагдыр бир бакыттан биригип, тамырдагы кан толкунун кан толкуну кубалап, ушунча жыл, ушунча күн ушул күн, ушул саатты эңсешкен экөө жан кумарын баштан кечирип жатышты... Ушул саат, ушул маалда ал экөөнө бүт табият суктанып, бүт бардыгы кубанып, ар бир чөп, ар бир жалбырак, ар бир гүл менен ар бир дарак, аймалап өткөн айдарым жел да таазим кылышып, бирде ийиле калышып, бирде алар да балкый түшүп, алар да бириге калып, ыргала жыргап жатышты. Октос берген тоо суусу ааламдагы эң керемет кезеңге кезигип турганына, бул экөөнүн бу дүйнөгө келгенден берки эңсегени ушул саат, ушул маалда ажырашпас ак сүйүү болуп, айланып кетпес бир бакыт болуп табышканына кубанып, ого бетер шаркырап акты, ого бетер бууракандап, жээгине чейин мелт-калт толуп акты, бирде саамга токтой калып аларды карап, бирде сүйүнгөнүнө чыдай албай көзүнөн жаш чыгара үшкүрүнө калып, улутуна түшүп, кайрыла калып ал экөөнө ак бермет чачып кайра акты. А күн болсо буга чейин мындай сүйүнгөн эмес эле, кырка тоолордун кылда учуна туруп алып, жүзүнө кубанычтын жыргалы болгон назик кызгылт нур чайып, жүрөгүнөн чыккан суюк кан түстүү жылуу нуру менен аларды сылап, аларды эркелетип жатты. Куштар да чабыт токтотуп, канат кагууну унутуп коюп кайра эстеп, талаа чычкандары да куюндай шашкан турмушуна карабай токтоп, кулактарын делдейте кош аяктай тура калып, армандан жаралган сүйүү жыргалына баткандарды таңдана карап жатышты. Ооба, ал экөө бу дүйнөдөн аял менен эркек гана жалгыз жашаган, аларды көңүл каалоолору, жүрөк эңсөөлөрү эки денени бир жүрөккө айланткан башка бир дүйнөгө барып келишти. Денелери эрип, көздөрү ого бетер күйүп, жүздөрү чоктой албырып турду.
Ошол саат, ошол мүнөттө ошол күн ошол экөөнө кылчая карап кызарып батып баратты...
Ушундай бир кызык иш болду. Бул ишти Кызкайып жүрөгү менен сезди да, сүйүү жаралып, бакыт башталган жерге учуп-күйүп келип, анан махабатын тапкан Элестин гитара менен ырдап жатканын угуп бир азга токтоп, анан ак жибектей аруу денесин сууга тийген тал чыбыктай солкулдата буулуга ыйлап: «Бир убакта мен дагы ушинткенди самагам... Кайдасың сен, кайдасың, жаны бирге мергеним? Качан сени кантип гана таба алам?» – деп жиберди.
Ошондон кийин ал экөө көңүлдүн сөзүн сүйлөштү, а бирок ушул саат, ушул мүнөттөн баштап алар бири-биринин өткөн турмушуна, жеке тагдырына кайрылышкан жок. Ал экөөнө жаңы дүйнө башталды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.