ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Элес, –  деди Арсен кубана. – Эми бул капчыгайды Элестин капчыгайы деп атагым келип турат. Сен кандай дейсиң? Мен география мекемесине ушундай сунуш киргизем.

– Ошентсең ошент, а бирок мен Арсендин капчыгайы деген атты сунуштайм. Жакшы бекен, биз бүгүн бала болуп турабыз. Андан көрө мен сени Арстанбек дейин, а сен мени Эркингүл де, макулбу? Бул менин бала кезимдеги атым.

Анан алар ар кайсылар жөнүндө, турмуш, саясат туурасында сүйлөштү. Эл эми эмне кылышы керек, мындан ары кантип жашашы зарыл дегендин тегерегинде ой жүгүртүштү. Дыйканчылык менен мал чарба азыктарына суроо-талап жок, ошондон улам айылды жакырчылык басты, жумушсуздук муңкуратты. Мындай шартта ыйман качат, ууру-кески көбөйөт, аракечтик орнойт, баңгиликке берилишет. Ушундай кыйын кезеңде «Мерген» фирмасы көп нерсени чечип жатат, аны эл билет, жарнамасы да күчтүү, эң негизгиси бул жерде иш бар, эмгек акы бар. Ошондон улам чет өлкөлүктөр келет, ага бу жердегилер кызыгып, кубанып жатышат. Бектур ага иштин көзүн билет, канча адамга жакшылык кылууда. Билген билет, билбеген жок. Мына, эртең кандай иш болот?..

– Ырас, мени чакырар замат жетип келдим, а бирок билесиңби, Арсен, жандүйнөң кыйналат, –  деди Элес айылга кайталы деп жатканда – Экология жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрөбүз, а бирок өзүбүз аны...

– Туура айтасың. –  Ал Элеске дароо эле макул болду. – Экология жөнүндө баарыбыз айтып эле жатабыз, өзүнчө бир эпос болуп калды окшойт. Акча болсо эле болду, өрттө десе өрттөп да жиберет, анан кайдагы экология. Сен го мергенчилердин көңүлүн ачар иштерге гана катышың бар, а менчи? Мен мергенчиликке түздөн-түз катышам. Бектур ага кандай киши экенин билесиң да, кадырын сыйлап сөз берип койдум, бир чети тууганчылык милдет, жок дей албайсың. Байланып калдым...

 Мен билем. Мени аябай бекем кучактап койчу, жаным, мен ошону каалап жатам. –  Кайрадан дене биригип, кайрадан аба жетишпей энтиге калып, демине-деми кошулуп өбүшүп жатышты. –  Сен бул жерге келбеген күндө деле баары бир мен... Баары бир мен... –  Элес энтиге жүрөгүн ачты.

– Ооба, ошондой, Элес. Биз баары бир бир күнү жолугушууга тийиш болчубуз. Ошол үчүн... ошол үчүн...

– Ооба, жаным, мен сенден ушуну күткөм, мен сени ушул үчүн издеп жүргөм. Мен да сен үчүн, сенин мени издеп, мени күтүп жүргөнүң үчүн келгенмин, Арсен!

– Ошондой, жаным, ошондой. Кейиштүү кырдаал болсо да жолукканыбыз үчүн барстарга ыракмат айталы. Алар бизди бул жерге алып келди.

– Чын эле, ошо барстарга ыракмат. –  Дагы да дене биригип, дагы да аба жетишпей кетти. –  А билесиңби, Арсен, сен менин барсымсың, а мен ургаачы барсмын.

– А эмне? Ошондой эле!

Ошо саат, ошол мүнөттүн жан жыргалы маалында Арсендин башына коркунучтуу бир ой келип, таштай катып, муздай тоңуп селейди. Тамашадан чыккан сөз эле, «эгер чын эле биз барс болсок, анда эмне болобуз?.. Барс болсок эмне болобуз?..» Денеси муздай түштү, ал өзүнүн жаңы дүйнөсүн көз ирмемге жоготуп жиберди.

Не болсо да ушул сөз жүрөктөгү ок болуп туруп алды. Элес деле бул жөнүндө эч ким менен сүйлөшкөн эмес, ошондой болсо да айыл ооздон түшүрбөгөн аңчылык бизнеси анын дил азабына айланып, эгер бул өнүгө берсе эл бекер оокатка көнүп, жерди карабай калышарын ойлоно берчү. Эгер иш ушундай боло берсе, аңчылык бизнеси тоодогу жан-жаныбар аттууну акыркы кекилик, чилге чейин кырып түгөтөбүз, мөңгү барстарынын тукуму курут болот, анан эл эмне кылат?.. Бир нерсе өндүрүү керек да? Ал кана?

– Мен аябай капа болуп жатамын, Арсен. Бирок бул жөнүндө эч кимге эч нерсе айталбаймын. Арабдар келгенде: «Биздин мөңгү барстарынан колуңду тарт! Аларга тийбегиле! Барстар өздөрүнчө эркин жашашат, айбанаттарыбызга ок атпагыла!» – деген плакаттар менен чыккым келет. А бирок анте албайсың да, антсең өзгө эмес, өзүбүздүн эле айылдыктар ташбараңга алып, бизнеске, акчага бут тоскон адам деп жек көрүшөт. Бизде өзү аңчылыктан башка эч нерсе деле калбаптыр. Бир нерсе ойлоп табайын деген адам жок. Чын айтамбы, Арсен?

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.