ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Чын, Элес. Бирок, бирок мындай ишке кийинчерээк каршы чыгыш керек. Элде иш жок азыр. Ооганстанда баңги заттарды өстүрүүнү токтотуш үчүн башка өсүмдүктү издеп жатышат. Эл пайдасына карайт. Аңчылык дагы ошондой.

– Биздин дилибиз, оюбуз бир болуп жатат, Арсен. Ошон үчүн ушул сөздү баштап алдым. Анын үстүнө сен мага бакыттын эшигин ачтың, а мен болсо ар кайсыл жерлерди көрдүм, аларда бүт баары базарга ыңгайлашкан, биздегидей эмес, тоо байлыгын таламайга бербейт. Жаратылышын жаттарга тебелетпейт. Эртеңин ойлошот. Башкалар мындай жерге эс алуу бизнесин уюштурушмак. Эмнеге эле сүйлөгүм келип жатат. Кечир. Ишенесиңби, Арсен, мен сени сүйөм...

– Ишенем. Аябай жакшы сүйлөштүк, менин да айта тургандарым бар эле, аны кийин. Кетели эми, көз байланып баратат. Биз бири-бирибизден ажырабайбыз. Анда эмесе мен үчүн музыка!

– Сөзсүз. Мен сага эски жана жаңы музыкалардан ойноп берейин. Жарайбы?

– Жарайт. Жалгыз мен үчүн коюлган концерт болсун. Угайын, ойлоноюн, тагдырга ыраазы болоюн.

– Эмнеге?

– Сен үчүн, Элес.

Дүйнөң түшкүр ушу экен, ал Арсен Саманчиндин алдыда күтүлчү алаамат жөнүндө, айдакчылар эмне деген жанкечтилик ишти даярдап койгонун, анысы кандай балээ саларын, ойлогонун бербеген, өлүмдөн кайра тартпаган, ааламдаштырууну ажалындай жек көргөн Таштанафган дегени кан көргөн аскер шапкесин киери менен капырыңа каалабас, кара кыргын, кызыл сүргүн башталарын, Арсендин өзүн да жаагы бекем капканга түшүү тагдыры күтүп турганын ойлоп, тилин тишине катууга аргасыз болуп отурганынын бир гана четин билсечи... Жардам берер Жараткан, сен кайдасың? Айтчы, эмне кылыш керек? Каргыш алгырдын бизнеси, адамдарды да, жырткычтарды да бир түйүнгө, ооба, өлүмдүн бир гана чие түйүнүнө байлап салды.

Күн кылкылдап, бул экөөнү кыялбай батып баратат. Сүйүшкөндөрдү көргөндө табият да жашарат деген чын экен, жай жаз болуп, жаз майрам болуп турду. Ошол саат, ошол мүнөттө ал экөө жашарып, арт жагынан күн батарын айтып, алдыларынан таң атары башталгандай болуп турду.

Күүгүм алгач кокту-колотко түшүп, анан акырындан кыр-кырларды көздөй жылып, буйтка-булуң, тумшукту жалмап, көк тиреген ак чокуну көздөй жылып баратты, аскар тоолор караңгылык канчалык коюуланган сайын ого бетер кара тоо болуп калдайып, сүрүнө чыгып тунжурап турду. Ошо тоолорго тийип-тийбей турган шаңкайган көк асманда ак куунун канат алдындай уяң, назик, таптаза аппак булуттар түрмөктөлө топтолуп, келер караңгылыкта ого бетер сулуу, ого бетер назик, ак болуп көрүнгүсү келди. Ошол күнү ошондой бир керемет күн болду, асман көкмөк, жер жашыл, аалам болсо бактылуу эле...

Ойдогу жолдо бир «Нива» жалгыз гана жай келет. Кайда шашмак, андан көрө алардын дагы көбүрөөк чогуу болуусу кызык, ансыз деле биринен бири ажырай албай баратат. Ушул күн, ушу кезге чейинки алардын жашоо-турмушу, тагдыры, сүйүүсү менен кайгысы жанагыл жашыл өзөндөгү тоо суусу менен кайдадыр агып кеткендей болду, анан ушул күн, ушул мүнөттөн баштап, экөөнүн тең өмүр бою өксүү менен көксөгөн, арманга бата эңсеген сүйүү менен, сүйүү бактысы менен кездешүүсү, тагдыр табышуусу алар үчүн жаңы дүйнөнүн башталышын жаратты да, ал экөө тээ бала чагынан бери эле чогуу жашап келаткандай болушту.

Алар ушинтип кайтып келатышты, арткы орундукта отурган Элес жагымдуу ыр ырдап, гитара чертип келет. Арсен Саманчинге бул жол тааныш, далай каттаган. А бирок ал азыр бул жол менен биринчи жолу бараткандай болду, анткени сүйгөн адамы менен бараткан дегеле башкача, алгачкы жолкудай болот экен. Мындайда баягыл аягы жок философиянын да кереги жок экен, маанайга, кубанычка жараша тамаша айтышып, бирине бири эркелеп келе жатышты.

 Машинаны артка буруп, түз эле шаарга кетип калалы, сен кандай дейсиң?

Элес ага жакындады да, ысык демин чыгара:

– Кетсек кеттик, – деп наздана шыбырады.

Кубаныч күлүп турганда башка да жагдайлар болот экен. Арсен Саманчин ошондой бир жагдайга таң калды, тагдырдын мындай бурулушун күткөн да, болот деп ойлогон да эмес, ошондон улам: «Мен эмне, өзгөрүп баратамбы?» деди. Анткени анын баягы өч алуу максаты, тапанча табуу түйшүгү, адам өлтүрүү тилеги, анан өзүн өзү жок кылуу иши кайда кетти? «Ошо Курчал акмакты кусур урсун! Жылдыз болуп кеткен Айданасыз деле мен сонун жашаймын, бактылуу жашай аламын. Бүттү! Кайрылбаймын! Жашоонун башка да жыргалы бар. Бир гана «Кызкайып» унутулбайт. Бул –  чындык. Мен эми жаңы күч менен, жаңы эргүү менен киришем», – деп өзүн өзү ынандыра ойлонуп жатты.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.