ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Көктөн түшкөн сүйүү кереметине көзү жок көртиргилик колун сала баштады, шашылбашка чара жок. Такай телефон менен байланышып турмакка номерлерин дагы бир жолу текшерип алышты. Ал тургай ошол эле жерде Элеске телефон шыңгыратты:

– Урматтуу Элес Баатыровна, тынчыңызды алганым үчүн кечирим сурайм. Сизге Арсен Саманчин деген чалып жатат, ал мындан кийин сизге ар дайым чалып турат, анткени ал ансыз жашай албайт. Сиз буга эмне демекчисиз, Элес Баатыровна?

Элес Баатыровнасы акырын күлүп:

– Ооба, урматтуу Арсен Саманчин, а мен болсо үнүңүздү кайра угуш үчүн телефон чалып жашаймын. Ыракмат, Мухабат Мухабатович.

Экөө тең унчукпай калышты. Мындан ары көрүшпөй тургандай болушуп биринин көзүн бири негедир бир башкача, алда неден кабатыр болгондой аёолуу карады.

– Мен сени күтөм, –  деди Арсен Саманчин коштошуп жатып.

– А мен ар дайым күтөм, –  деп жооп берди Элес.

Ал чуркап барып, машинанын Элес отурган тарабынын эшигин ачты да, ал экөө караңгылыктын кучагында кайрадан көздөрүнөн көзүн алалбай калышты. Ушул көз ирмемде ал эмнегедир ансыз жашай албасына толук ишенди.

– Негедир Саратовго баргым келбей жатат, – деди Элес. – Курдаштарымды эптеп көндүрөм да.

– Өзүң бил, Элес, болсо болсун, болбосо жок, мен үч-төрт күн чыдайм. Бул жерден сенсиз жалгыз кетпейм.

– Андай болсо анда, Арсен, мен түз эле Саратовдон Бишкекке келбейминби?

– Анда мен сени вокзалдан күтөм. Телефон гана чалып кой. Эгерде мынабу мергенчилик дегени тез бүтсө, анда иш башка, созулуп кетсе аны да көрөрбүз.

– Аны түшүнөм.

Бирин бири кыса кучакташып коштошту.

Арсен Саманчңндин «Нивасы» көзгө көрүнбөй калгычакты Элес кол булгалай узатып турду. А ал болсо машинанын күзгүсүнөн көз албай, анын караанын карап, караңгылыкка айланганча тиктеп келди.

Жолдо кетип баратып күтүүсүз жерден шайтандай болуп Таштанафган операциясы эске түшө калды эле, ал машинасы менен жардан алыс кеткендей болду. Эч кимге, Элеске да айтууга болбойт. Эгер айтсаң бет келгенин кыйраткан көчкү жүрөт, «Мерген» фирмасынан эч нерсе калбайт, айтпай койсоң андан бетер кыйсыпыр түшөт. Эмне кылуу керек?..

Офиске келип, шефтин кабинетине кирип баратып, кабылдамадагы Бектур аганын жардамчыларынын арасынан Таштанафганды көрүп калды. Тигил ага озуна салам айтты.

– Аа, саламалейкум, Арсен, келдиңби? Жүр, шеф күтүп калды, –  деди да, ортодо эч нерсе болбогонсуп аны чыканактан алып, каалганы ачарда:   Акимдин аты-жөнүн билесиңби?

– Жок, мен аны анча жакшы тааныбайм.

– Корчубек Алтаевич. Корчубек Алтаевич. Эстеп калдыңбы? Ии, баса, аким деген акимиаттын атынан тигилерге эки бүркүттү белекке даярдап коюптур.

– Түшүнүктүү. А сен кайдан?

– Ушерден эле. Акылдаша турган иштер болгондо шеф дайыма чакырат.

– Түшүндүм.

– Ийи, тиги Элес менен кандай сейилдедиң?

– Ишиң эмне?!

– Башкача кабыл алба. Ал чынында жакшы кыз. Кир.

Ичкери киришти. Арсен Саманчин жол сактап, адегенде сыртынан салабаттуу көрүнгөн, толук, галстук тагынган, жашы кырктан бир аз өткөн аким менен саламдашты, жылуу-жумшак учурашты, мурда көрүшкөн экен, конференция, чогулуштарда бир-эки жолу жолугушканы эсине түштү. Анан Бектур агасы менен учурашты. Сакалынын жарымын ак басканы агасын ого бетер салабаттуу көрсөттү. Сөздү аким баштады:

– Сени күтүп отурганыбыздын жөн-жайы бар, Арсен. Кээ бир маселелер жөнүндө такташып алышыбыз керек.

– Корчубек Алтаевич, мен даярмын. Менин ишим тилмечтик. Болгонун болгондой которуп турам.

– Билем-билем. Сенсиз биздин иш жылбайт. Сен биз үчүн тилмеч эле эмессиң, Арсен. Сени менен сыймыктанабыз. Анын үстүнө сенин, баарыбыздын кадырлуу Бектур агабыз, ооба, Черчилль агабыз бар. Биз бу киши менен сыймыктанабыз, сен дагы сыймыктан. Биздин Беке мурда колхозду бекем кармаган, азыр болсо мына, аркардан тартып, барстарга чейинки бүт бизнес иши ушу кишинин колунда. Ушуну менен атыбыз чыгып, ишибиз болуп жатат. Ал эми басма сөз жагында болсо сен өзүң барсың, хандардын бирисиң.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.