ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

– Анда кабатыр болбойм. Молдолорго иш көп, мени коюп өз иштерин жасасын. Кайдагы бир кудайы безер менен алардын иши эмне!

– Ошондойбу? Анда мен сага гана камкордук кылам. Менин ааламым сен болосуң.

– Аныңды кантип актаар экенмин?

 Жакшы көрүп... Жана да биз балалуу болсок деп самайм. Аябай каалайм, жетелеп жүрмөкпүз, сенин лекцияларыңды эс киргенден эле угуп тура турган эркек балалуу болобуз.

– Эң жакшы, мен макулмун. Бирок кечирип кой, Элес, балким, ыңгайсыз сурап жаткандырмын, бирок чын эле билгим келет, кечирип кой, буга чейин сен балалуу болдуң беле?

– Жок. Болтурбай жүрүүгө туура келди. – Ал ачык айтты.

– Мындан ары антпегин.

 Антпеймин. Сен табынганы жаткан Көктөн экөөбүздүн татынакай эркек балабыз болсо экен деп суранам.

– Эгер кыз төрөсөң ого бетер сүйүнөм, Элес.

– Чынбы? Мен дагы аябай сүйүнөм. Кыз бала акылдуу, сезимтал болот.

– Бүт баарын чечип алдык, макулдаштык. Эми кандай болчу эле, эки тараптын протоколго кол коюшу гана калды.

– Эң сонун экен, кол коёбуз.

– Анда протоколду даярдайлы.

Өздөрүнчө ойлондубу, айтор, унчукпай калышты. Ана, айылдын чети көрүнө баштады, аларды оттор жол карап тосуп, аларды оттор сагына күтүп жаткандай. Толгон жайдын ак булаңгыр түнүнөн кабар бергенсип, күүгүм да жука көйнөкчөн. Телефон тынчтыкты бузду.

– Ой, меники го? –  Элес артка бурулуп, курткасынын чөнтөгүнөн телефон алды. – Угуп жатамын! Бул ким! А-а, Зейнеп, сенсиңби? Ооба, телефон жетпеген жерде жүрбөдүмбү. Азыр Туюк-Жарга келип калдык, угуп жатам. Он тогузуна дейсиңби? Шашылышпы? Макул, мен ойлоноюн, кайра чалам. Ооба, ооба, сөзсүз чалам, бир-эки сааттан кийин. Жакшы, Зейнеп!

Олуя-Атанын жанындагы Чулган деген жерден соода өнөктөшү Зейнеп чалып жатканын, булар төртөө экенин, аларга бир кездеги пионер вожатыйларча Элес башчы болуп жүргөнүн Арсенге айтып берди. Айтканына караганда Саратовдо майда дүң соода борбору бар экен. Ошерге поезд менен барышат, кардар-таңсык товарларды алышат да, бул жакка өткөрүшөт.

– Анда барыш керек. Эгер барыш керек болсо, мен сени жеткирип коём.

– Жок. Убара болбогун. Олуя-Атага чогулабыз да, анан поезд менен кетебиз. Кандай кылсам экен? Бизди Саратовго бир жумадан кийин чакырышат дедим эле, эртең кетиш керек турбайбы.

Ортодогу сөз тынды. Арсен Саманчиндин «Нивасы» да токтоду. Алардын бир өмүрдө бир жолу болуп, анан ошо бойдон жомок турмушка, бейиш жашоого айланып калар бүгүнкү жыргалына күнүмдүк ыбырсыган көртиргилик капылет жерден аралашты. Турмуштун бөтөн агымы аларды эки башка кылып жибергендей болду. Андай болгондо эмне экен, ар кимдин өз иши, өз түйшүгү бар. Ушундай, а булар болсо асмандан түшкөнсүп... Ооба, бир мүнөтчө ушундай болушту, абалды Элес жайгарып кетти:

– Шериктериме телефон чалып, бул мертебе Саратовго менсиз эле бара бергиле деп көндүрөм.

– Өзүң бил, бирок мен ишиңердин кандай экенин толук билбейм дечи. Ошентсе да барышың керек го. –  Арсен аны кыйналбасын деди.

– Арсен, – деди ал алаканын анын ийинине коюп. – Экөөбүз үчүн мен баарына бара алам.

Буга чейин бирин бири билбеген жандүйнөнүн бир көргөндөн бир болуп, жарым күндүн ичинде биригип, кыйышпас кыял-мүнөзгө байланып калышканын өздөрү да анча билбей калышты. Анткени алар дил күчү менен ой-максаты боюнча бир улуу нерсеге даяр болуп, деңиз үстүндөгү чардактардай бирин-бири үнүнөн, канаттарынын ар бир кыймылынан түшүнгөндөй түшүнүп турушту. Элести эжесинин үйүнө жеткирерден мурда, бүт бардыгы алаканга салгандай айкын болуп калган өзүнүн мындан аркы тагдыр-турмушун ансыз элестете албасын баары бир кыйытып айткысы келди. Мындай сөздү машинаны токтотуп туруп сүйлөшүү керек. Токтотту, ошо замат Арсен Саманчиндин телефону шыңгырап калды. Бектур агасы чалып жатыптыр. Ал анын кайда экенин сурап, анан биердеги жардамчылары менен аңчылык-бизнес планды, ага байланышкан майда-барат нерселерди карап, тактап чыгышканын айтты. Туюк-Жарга райондун администрация башчысы, аким Жанышбаев келиптир, анткени улуу урматтуу ханзадаларды, эки атанын балдары Хасан менен Мисирди мамлекеттик администрациянын башчысынын өзү тосуп, өзү учурашып куттукташы керек экен. Ошондуктан ал түз эле «Мергендин» офисине келиптир, эртең Олуя-Атага бара турган иштерди чогуу сүйлөшмөк болуп жатыптыр.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.