ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Азырынча бардыгы эс алууга келгендей, а эртең мотор ыйлаган жерден кийин башкача турмуш башталат, анан аттар да калат, Кожожаш мергендин жолуна түшүшөт. Барс терисинин баркы мына ошондо билинет.

Меймандар бу жердин түнкү сулуулугун жатар алдындагы дем алууга чыкканда көрүштү.Таптакыр башка дүйнө экен, толгон ай төгүлчүдөй болуп, шаңкайган асманда толукшуйт, жымыңдаган жылдыздар, алардын алдында ак чокулар асманды тиреп тургансыйт.

– Арсен мырза, –  деди ханзада Хасан колу менен ошол жакты көргөзүп. –  Жана сен айткан мергенчи күйөө жүргөн тоолор ушуларбы?

– Ооба, Улуу Урматтуум, ал ушул жакта мергенчилик кылган, азыр да ушул жакта.

– Андай болсо, – деп сөзгө аралашты ханзада Мисир. – Кызкайып да ушул жакта да. Аны издеп, тоо аралап ыйлап жүрөт да?

– Ооба, Улуу Урматтуум, ал бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн болочок күйөөсүн издеп, кайдасың деп чакырып жүрөт.

– Олда, бечара, ай! –  Ханзада Хасан Кызкайыпка чындап боору ооруду. Ошо маалда ханзада Мисир бир кызык оюн ортого салды:

– А балким, ал ушундай тагдыры үчүн бу дүйнөгө керектир. Ушу тоолордон жан биргесин Жараткандан сурап, таалайымды таптырып койчу деп көзүнөн жашын агызып чуркап бараткан кызды, ал артист болушу керек, космостон телекамерага тартып алса, Кызкайыптын символу катары экрандан эртең менен, кечинде ар дайыма жарнамадай берип турса сонун болмок.

– Сонун болмок! – Хасан да аны колдоду. – Жакшы идея. Кызкайыпты бүт дүйнөгө сүйүү менен сүйгөнүнө берилгендиктин символу, аны ар дайым акыл-эске салып туруучу ыйык эскерткич кылыш керек. Андай нерсе ар бир адамга ушу азыр керек. Анткени сүйүү трагедиясы бардык адамда бар. А сиз кандай дейсиз, Арсен мырза.

– Мен көптөн бери бул жөнүндө ойлонуп, «Кызкайып» операсын жаратсамбы деп жүрөм. Тилегеним ушул, а сиздердин ойлоруңуздар мага ого бетер шык берип койду. Оюбуз бир чыкканына кубанып турам.

Ушундай болот экен, күтпөгөн жерден «Кызкайып» идеясы кайрадан аны толкунга бөлөдү. Ошондуктан алар мергенчилик иш бүткөн соң бул жөнүндө жай отуруп сүйлөшмөк болушту. Кыял ишке ашса, анда...

– Жакшы жатып, жай уктаңыз!

– Эсен көрүшөлүк.

Алар жатарга кош айтышты.

Арсен Саманчин түз эле эжесиникине келди да, короодо ары-бери басып жүрдү, ханзадалардын сөздөрүнө таң калды. Алардан муну күткөн эмес, Кембриж менен Оскфорддон өздөштүргөн интеллектуалдык деңгээлдери ачык эле көрүнүп турат. Ошентсе да, булар мындай жогорку материя менен аңчылык кумарын кандайча айкалыштырып алышкан? Таң калганы ушул болду.

* * *

Ошо кезде түн дүйнөсү магдырап, тоолор үргүлөп, андагы жан-жаныбар текши уйкуда эле. Жалгыз гана Үзөңгүлөш ашуусунун алдындагы кайран Жаабарс жанына жагар жай таппай, айга карап ырылдап, каары кармап туталана чокмордой чоюн чеңгелин тиштегилеп, неге анткенин өзү да жакшы түшүнбөй, белгисиз бир нерсеге кыжыры кайнап, туюк туйгуда жатты. Тээ алыстан баягыл жалбарган үн дагы эле үзүл-кесил угулат. Ушул түн, ушул маалда негедир Кызкайып да уктабай безенип жүрдү...

 

* * *

Ошо түнү кимдир бирөөнүн оюнан жер жүзүндө теңдеши жок сүйгөнү кетпей койду. Элес эмне болду экен? Саратовго барчу поездге үлгүрүштү бекен? Үлгүрбөй калышса, анда туура бир күн күтүшөт. Поезддер ушундай сейрек каттап калган, азыркылар самолётко түшүшөт. Элес эртең менен чалган бойдон кабарын билдирген жок, ага өзү чалайын деген, а бирок ага чамасы келген жок. Анан ал Элести эстеди, эстегенде да шар аккан суунун боюндагы учурлар эсине түштү. Өмүрдүн бакыт менен, сүйүү менен кездешкен кези экен, ошол үчүн аларга өмүрдөгү эң бактылуу күн тийип, дүйнөдөгү эң бактылуу тоолор карап, ааламдагы эң бактылуу суу аларга сүйүү бактысын, бакыт кубатын чачып турган экен. Ошол учурду ушу азыр келсе деп кайра-кайра кусага батып самады. Кайдан... үшкүрүнүп алды, эң кур дегенде телефондон үнүн угуп алсачы...

Түн ошентип өттү. Эртең менен күн бузула тургансып, тоо тарап түнөрүңкү, сурданган булуттар пайда болуптур. Тоо жактан соккон сыдырым жел бат-бат багытын өзгөртөт. Көптөн бери мындай боло элек эле, ак жайдын карды жарылып, аба ырайы тынч болчу. Азыр күндүн түрү башкача, мындан коркуунун деле кажети жок, бул сур булут өтөр, көп болсо өткүнүн төгүп жок болор.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.