ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ошондой болду, таң атары менен иш жоо чапкандай башталды, анткени «Мерген» фирмасынын ырасмий документтеринде ушундай болчу, мергенчиликти тезинен уюштуруп, бардыгын эртелетиш керек эле. Мейман мергендер ок өтпөгөн «Хаммерден» орун алышканда Арсен Саманчин алардын ала турган курал-жарактарын, буюм-тайымдарын унутпады бекен деп дагы бир жолу текшерди; снайпердик жана автоматтык куралдар, дүрбүлөр, үндү күчөтүп чыгаруучу аспаптар, түтөк болгондо пайдаланылчу буюмдар, айтор, бүт баарын кайрадан текшерип чыкты.

Бара турган жерге абдан жакшы жетишти, эми мындан ары атайы даярдалган аттар менен кетишет, буюм-тайымдарды жүктөшөт. Бардыгын шеф Бектур ага өзү көзөмөлгө алып, өзү ойлогондой ыңгай-шарт болуусун камсыз кылды. Анан жапырт аттанышты, бардыгынын көз кыйыгы ханзадаларда, а алар болсо атта кадимкидей тың жүрүшөт экен, кыймылдары эркин, күндө болчу жумуштай шайдоот кетишти. Ал тургай тоого чыкканда жылкынын эркине коюп, анын өз жолун өзү табарына маани беришкени беркилерди кубандырды. Эң алдыда бу тоолордун чөбү түгүл ар бир ташын тагдырындай санаган чабан баратат. Анын артында шеф Бектурдун өзү, анан эки ханзада жана суу тилмеч аталган Арсен Саманчин. Алардын жан сакчылары менен жардамчылары булардын изин суутпай келатышат.

Тоолордун койну кең болгону менен жол татаалы аларды өзүнүн ыгына салды, көк тиреген аскалардан куюлуп түшкөн корумдар баскан тоо беттери ат туягына канжар миз болуп, ташыркатып барат. Ат жаныбар башын жерге салып, баса турган жолун бүткөргөнү туру.

Тозогун берген тоо койну эми ачылды, шаңкайган жайыктан тоо текелер, андан ары аркар, кулжалар жайылган бет алардын көзүн күйгүздү. Аларга тийишкен жок, кайберен сымал ойт берип, кайдадыр качып жок болушту. Кызык, ханзада Хасан аларга аябай сугу түштү, кумары кайнап, дүрбүсүн көздөн алган жок.

– Кандай сонун жаныбарлар, барстар ушулар бар үчүн ушул жерди мекендеп жүрөт да. Булар бир жакка кетип калышса, анда барстар бирин бири жеп салышмак, туурабы? – деди.

– Туура, бирок булардын ага акылдары жетпейт, –  деди Мисир көз кысып тамашалай.

– Буларды табигат башкарат, жаратылыш акылы менен жашайт, –  деди Арсен Саманчин.

Ханзадалар макул болушту.

– Туура.

– Жаратылыш акылына баш ийүү керек.

– Ооба, барстардын жолу болсо, анда биздин да жол болот.

Көк тиреген тоолордун койнунда көңүл көтөрүп, биринин сөзүн бири улап баратышты. Ушул маанай Арсен Саманчинге аябай жакты, не дегенде алар бу жерге барс атыш үчүн эле келген эмес, жер көрүп, көңүл ачып, өзгө жерди өз жериндей көрүп эс алышы шарт эле. Өзүнөн өзү ошондой болуп, ханзадалардын көңүлү учуп баратат. Мамиле деген, сөз деген адамды кайра жаратат тура. Ушул учурда:

– Урматтуу ханзадалар, – деди Арсен Саманчин жанагыл маанайды улай үн сала. – Шеф Бектур эскертип жатат, аны баарыбыз кабыл алабыз, мына бул бурулуштан кийин, тигил боордун ары жагына барабыз да, бир аз дем алабыз. Атайын тигилген чатырлар бар, аттар ушул жерде калат, андан ары мергенчинин жолу менен жөө кетебиз, –  деди.

– Биз макулбуз.

– Мергенчилик деген ошондой.

Күн жерге түшкөн түш эле. Шеф Бектурга ыракмат, бир аз эс алдырып, бир сыйра кымыз берип, бийик тоонун абасына аларды көнүктүргөндөй болду. Курал-жабдыктарын артынышкан мергендер андан ары жол уламак болгондо Арсен Саманчин өзүнүн демейдеги сергектигине салып, ханзадаларды токтото туруу керектигин айтты. Анткени айдакчылардан эч кандай кабар келе элек, барстар кайда, ханзадалар кайда барышат, кай жерден өңүт алышат, азырынча белгисиз. Ошондуктан алар тыным жасап турушу кажет. Ошону менен алар барстардын жолу кайда экенин билгенче күтүп калышты. Алар ушул маалда айтылуу Үзөңгүлөш ашуусунун алдындагы Моло-Таш үңкүрүнөн анча алыс эмес тыным алып турушту.

Тоо деген тоо, мындайда жандүйнө кайра кубулат, кай жерде болбо, ошол жердин табиятын, кубулушун өзүңө жакын аласың. Анын үстүнө адам баласы тоолордо жүргөндө өзүн эркин сезет, ой-кыялы алып учуп, жандүйнөнүн ыракатына батат. Ошондой болот, тоо, андан ары көк асман, мемиреген ак булутка колуң жетчүдөй туюлат, ана-мына дегиче аларга аралашып кетчүдөй туюласың. Ак чоку алдыңа келип, анын адам жеткис ак мөңгүсү менен ак кары, алаканыңда тургандай көрүнөт. Ошо таңдай тазалыкты таманың менен басасың, тагдыр айтпас ыракатка батасың, көгүчкөндүн көзүндөй мөлтүр кашка мөңгү суусу сага өмүр берет, өзөндүн суусу өзүңдүн жаныңа жан, каныңа кан болот. А бирок бийиктик деген бийиктик жолун жасайт, дем кысылып, аба табылбай, жонуңдагы жүктү, ал гана эмес өзүңдү да оор санап, дем алуу сени кырк жолу кыл көпүрөдөн өткөрөт.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.