ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жаралгандын табияты ушундай болсо керек, бу асман тиреген ак чокулуу тоо койнунда жүргөндө ой-кыялың да, сезимиң да, айтор, жандүйнө дегендин баары ошол жерге шайкеш келип, алып-учуп көкөлөп калат. Арсен Саманчин да дал ошондой бир башкача абалда турду. Ошо керемет бийик жана кең дүйнө бар да, анан өзү бар, турмуш түйшүгү менен убайым санаа дегендер анда жок, өзүнчө бир ажайып дүйнөдө калды. Кээде адам ушундай болот, ушу күн, ушул маалда, тигилердин арасында эс алып эмес, бул чети бар да, аркы чети жок, дүрбү жетпес, куш баргыс кайдагы бир боз мунарык баскан талаада эңгиреп тургандай болду. Ооба, ушу саам, ушул маалда ага жүк тарткан паровоздун өчү бардай узакка созулган, кулак тундурган ачуу чаңырыгы, жол сабаган шакылдагы менен жерди жарган дүңгүрөгү аза боюн алып, бүт денесине угулуп жаткансыды. Анан ошол ачуу чаңырык, ошол дүңгүрөк четинен чети көрүнбөгөн кең талааны асма көпүрөдөй солкулдатып келип, ушу улуу тоолорду да терметип жибергендей болду. Өзү кайдан байкамак, ошо бойдон ошо дүйнөдө калды. Алып-учкан ошол поезд менен чымын-куюн болуп жанаша чуркап, вагондон-вагонду, терезеден-терезени жанталаша карап үнү жетишинче кыйкырып баратты: «Элес, эй, Элес, эй! Сен кайдасың жан биргем, бул менмин, мен сени сүйөмүн, Элес! Сен менин бул дүйнөдөн тапкан, тигил дүйнөдө да бир болор жалгыз эркемсиң, Элес! Менин соодагерим, менин дүйнөдө жок чүрөгүм. Сен Саратовго бара жатасың, мен сени менен барамын, жалгыз, жалгыз калгым келбейт, жалгыз!.. Уктуңбу, сен. Мен тоодомун, а бирок сени мененмин, жаным. Студент чагымда Москвага ушул жол менен каттагам, Саратовду жакшы көрөм! Саратов деген казакча айтканда Сары-Тау! Кыргызчасы Сары-Тоо! Билдиңби, Элес, мен сени менен Сары-Тауга барамын, жалгыз болгум келбейт! Минтип сени издеп, сага жетип, сага жармашып алганымды, сенин тынчыңды бузганымды кечир, Элес! Кечирип кой. Элдин баары экөөбүзгө таң калып карап жатышат, карашсын, Элес, анткени мен сенсиз жашай албаймын!..»

Ал өз тагдыры менен өзү кездешип турганын анын тегерегиндегилердин эч кимиси билген жок, а тургай поезд менен тең жарышып, Элесин издеп, Элесине өмүр бою чогулган, өмүр бою айтылбай келген дил сырын айтканы, куш канаты талыган мейкиндикте жүрүп, мында, тоо арасында эмне болуп жатканын сезген да, туйган да жок. Керемет мына ушунда болчу. Ал тагдыр керемети, тагдыр касиети эле. Ошондон улам анын жандүйнө кубулушун жанында жүргөндөр да сезип-туйган жок, ооба, сезмек да, туймак да эмес. Дүйнөнүн ушул Арсен Саманчинге гана келген бир керемет кезин Элес гана сезди, Элес гана анын безилдеген үнүн угуп, ок жетпес болуп чуркап келатканын көрүп, улам кайра күч ала жүргөн поезддин тепкичинде бороондогу жалгыз тал жалбырактай дирилдеп, бир колу менен вагондун ачык эшигинин туткасын кармап, экинчи колун Арсен Саманчинге сунуп, анын кучагына ана-мына бой таштоочудай ийилип, ал дагы учуп бараткан.

– Арсен! Арсен! Мен сени угуп жатамын, мен сени көрүп турамын, мен дагы сени, мен дагы сени сүйөмүн! Мага жет, Арсен, мага жет, мени көздөй секиргин, мен сени кармап каламын! – деп жалбара кыйкырган.

Кыялдан учкул, кыялдан күлүк эмне бар, бүт баарын көрүп, бүт баарын жасай аласың. Вагондун ачык эшигиндеги жомоктогудай бул көрүнүш, бул сөздөр ушунчалык өңүндөгүдөй көрүнүп, ушунчалык өңүндөгүдөй угулуп, бүт баары көз алдында болду. Ал тургай ал жетеринде кайра күчөп, бууракандап узай баштаган поездди буйдалтпай кууп жетүү үчүн күчүн топтоп, түйүлө чуркады. Жебедей сызып кууп жетти. Жаны бирге бул экөө бир болууну, ушу бойдон бөлүнбөй бир адам болуп калууну самашкан. Бул бир адамга, бир жүрөккө айланар ал экөөнүн сүйүү кудурети болчу. Бул түбөлүктүүлүк менен өлбөстүккө, тукум улантууга чакырган ай-ааламдык күч-кубатка ээ эң жогорку кумар болчу. Бир чети бар да, бир чети жок, күн чарчаткан кең талаа жаралгандан жалдырап айтарым качан келет деп күткөн, ошо мейкиндик менен асман ааламын бириктире жер чапчып бараткан мына бул паровоз да кай сапарда каалаганымды кыйкырам деп жиндене күткөн «жетип а-а-а-ал, Арсен, жетип а-а-а-ал!» деген тилеги эле. Ошо тилек бир келди да, экөөнө тагдыр жол берди. Ал вагонго жетти, тигиниси күйгөн шам болуп кол берди, илбирстей ыргып, тепкичке чыга калды, кучакка кучак тийгенде жалын болуп тутанып, отко айланып кетишти... А поезд болсо жанагыл мейкин талаада мурдагысындай эле кетип баратты, жок, мурдагысындай эмес, негедир кубангандан ого бетер зымырап, ай-ааламга ак түтүн чачып бийлеп, ырдап баратты...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.