ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Алдын-ала жакшылыктан күдөр үзгөн үчөө тең үңкүргө кирип баратышты. Элес өзүн өзү кармай албай, муун-жүүнү калчылдап, көзүнүн жашын токтото албай койду, ушундан улам эжеси аны колтугунан алып келет. Үңкүр болбой үмүрөн кал, көргөндөрүнө көздөрүнөн байланып, тил-ооздон калып, молоташ болуп турушту. Жаны эбак чыккан, аккан каны көл болуп каткан жерде адам менен жырткыч, зорлугунан жан чыккан мөңгү барсы, жан кыйган тагдырлаштардай жанаша жатышкан экен. Арсен Саманчин Жаабарстын көкүрөгүнө башын жөлөгөн бойдон жан бериптир. Бир көз ирмем өттү окшойт, анан эже-сиңди эчкирип ыйлап ийишти:
– Ай, Кудай ай! Бул эмне деген карантүн?! Чын эле Арсенден айрылып калдыкпы?! Эми кандай күн болот?!
Элестин эжеси үнүн баскан жок:
– Арсен өзүн өзү көргө салды дешкендери чын тура! Бул эмне кылганы?! Акылдуу эмес беле? Кантип ушуга барды?! Силерге аябай кубанбадым эле, Элес! Сен ченемсиз бактылуу болчусуң, мен ушундан коркконмун!
Элес эстен тана жыгылды да, чөгөлөй калып Арсендин эбак муздаган колун сылай зээн сыздата боздоп, эмне айтарын, эми эмне кыларын, кайда кантип барарын билбей өзүнөн өзүн жоготуп баратты... Ийе, тагдыр деген ушу экен, эжесиңди көпкө ыйлашты. Анан Элеске эжеси түндөй кара жоолук салды. Жоро болсо булардын аза бугу чыксын деп, үңкүргө кирип-чыгып, үн каткан жок.
– Кумар, сен мага энемдейсиң, сага сырымды айтайын. «Биздин барстардан колуңду тарт! Тообуздун көркүнө кол салгандар биздин жерден жоголсун!» – деген плакат жазып алып пикетке чыгам деп Арсенге мен айткан элем. Акылсыздык кылыпмын. Минтүүгө мүмкүн эмес экенин ошондо эле түшүнгөм, ал жөн эле ой болчу. Арсен анда эч нерсе деген эмес, бирок ичинен менин сөзүмдү макул көргөнүн сезгем, анан... ушинткен тура. Кайдан гана андай сөздү айттым экен, кара көзүм кашайган тура!
– Ыйлаба, Элес, жакын адамдар ар нерсени сүйлөшөт. Тагдырдын жазганы ушул экен да.Андан көрө сөөк коюуну ойлонолу. Туура түшүнгүн, тууган-уругу азыр муну көммөк түгүл көргүлөрү келбей жатат. Болгонун көрдүк, эми мунун сөөгүн ушу үңкүргө таштап кетмек белек?..
– Ооба, таштабайбыз. Билесиңби, мен өмүр бою Арсен менен жаны бирге адамдарча кол кармашып жашап келгендей болгом, эми кантип жашарыма көзүм жетпей калды. Кечил болуп кетейин, Россияда аялдардын кечилканалары бар, ошону билейин, Кудайга ишенбей келсем да, эми күнү-түн тынбай Арсен үчүн Жаратканга жалынып сыйынайын.
– Мен сага ишенем, Элес. Сенин колуңдан келет. А бирок ойлонуп көргүн, өмүр бою кечил болгуң барбы?
– Билем. Эгер тагдырым бакыт тартуулап, бала берип калса, анда ал жакка барбаймын.
– Кудай жалгасын! Ыраспы ошонуң?
– Негедир күтүп жатамын. Түш көрдүм... Ошого жоруп койдум, эгер андай болбосо мен өзүмдү кечилдикке түбөлүк беремин.
Ошо маалда үргүлөгөн тоолордон кубаттуу, уламдан-улам күчөгөн дүңгүрөө угулду. Үчөө тең үңкүрдөн чыгышты да, анан алар вертолёттун келе жатканын билишти. Бийик чокулардын ортосундагы капчыгай өрдөп келет. Жакындашкан сайын байланган аттар үркүп, кошкуруна тыбырчылады эле, Жоро барып аларды тизгинден алып, «та-ак, та-ак» деп жоошутуп жатты. Жанагы вертолёт Моло-Ташты айланып-айланып учту да, анан кетип калды.
– Бул вертолёт бекер келген жок, Моло-Таш окуясы райборборго жетсе керек. Ошого келишти, – деди Жоро ойлоно.
– Бул алардын иши, – деп кирди анын аялы. – Сен өз ишиңди жасагын. Арсенди жерге бериш керек, Элес экөөбүз ушуну сүйлөштүк. Сен кандай дейсиң, Жоро?
– Кандай демек элем, эмнени ойлонобуз, мүмкүн болушунча жерге бериш керек. Туугандарынын биринен да сөз чыга элек. Бектур ага да, жездеси менен эжеси Гүлайым да унчукпайт. Кошуна-колоңдорунан да акыл чыга элек. Сөгүп, каргап-шилеген эле киши. Курусун ошолор, качанга чейин ошентишет. Өлүм деген өлүм, ага атаандашууга болорбу?.. Мейли, бирок сөөктү бу тоонун жалгыз аяк жолу менен айылдын чоң көрүстөнүнө алып баруу да оңой эмес. Ат менен жеткирүү да кыйын, жана көрбөдүңөрбү, жаман жерден замбилге салып өтүү керек, ал үчүн бир нече адамдар керек, колдон-колго алып колдошуп дегендей. Бирок азыр эч ким анткиси келбейт, ал жагы да бар.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.