ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ал кордолгон араб ханзадалары азыр аны угуп турушкандай элестете калып, уялуу сезими аны кыйнап жиберди.

– Мен күнөөлүүмүн, сөздүн жеткен жери менен каргагыла. А бирок башка арга менде жок эле. Силерди капсалаңдуу каргаша кырсыктан ушинтип гана сактап калууга жанымды сайдым. Эгер кечире алсаңар кечиргиле. Менин акыркы сөзүм ушул. Мойнума алам... Жараткан берген өмүрдү жашай бергиле.

Ал ого бетер кайгыга батып өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алып Бектур агасына кечирим сурап кайрылды:

– Бектур байке, мени карга! Бир аябай каргагын! Мен урук-туугандын намысын сындырып, ишиңдин ойронун чыгардым, күйүп кеттиң. А бирок мындан башка аргам жок, калганын эми кантип түшүндүрөмүн. Ооба, сага канчалык кайгы менен зыян алып келгенимди, кадырыңды кантип тебелегенимди жакшы билемин. Каргап-шилегин, мен ага татыктуумун, мен ошондой иш кылдым, азыр демим кыстыгып баратат... Бирок кечирип кой, мен кара ниеттиктен мындай иш кылган жокмун, көралабастыктан да эмес... Көп жашагын, байке. Сенин бир тууган асыл агаңа, менин ыраматылык атама тигил дүйнөдөн бүт баарын өзүм түшүндүрүп берем...

Эки дүйнө өртүндө жатып ал туугандарын, эжеси Кадичаны жана уста жездесин да эстеди.

– Мен силерге кандай кайгы-капа алып келгенимди билемин. Кечиргиле... Кечиргиле, мен күнөөлүүмүн. Көңүлүңөргө жаман албагыла.

Анан ал ит бизнеси менен күн көрүп келаткан Ардак агасын да эстеди:

– Ардак, мен өлүп баратам, эми экөөбүз экинчи көрүшпөйбүз. Сен мени жакшы билесиң, мен акмын. Мен үчүн кайгы жебегин, өзүңдүн башка түйшүгүң деле жетишет. Балдарыңды чоңойткун, а мен болсо баласыз кетип баратам. Кантейин, бу да болсо Жараткандын жазасы...

Арсен Саманчин Айдананын алдында да күнөөсүн мойнуна алды:

– Айдана, сени жеңил баа жылдыз болгонуң үчүн айыптап, жектегеним үчүн кечирип кой. Ал сенин ишиң, Айдана. Мен сени Кызкайып болуп операнын сахнасына чыгышыңды эстен тана кандай гана эңседим эле! Тагдыр эми менин тажатмаларымдан сени кутултту. Жалгыз суранычым бар, Эрташ Курчалга бир да сөз айтпагын, ага акыры өзүм айтамын. Эрташ, мен сени соңку күнгө чейин өлтүрөм деп келгеним чын, көргүм келген эмес, жектегем. Ага себептер бар болчу. Аным күнөө экен, айыбымды мойнума алып тынчыдым. Жаман ойлобо, эгер мени кечире алсаң кечирип кой.

Өлүм алдында жаткан Арсен Саманчин эми жан чыгардын азабына түшүп, акыркы күчүн жыйнап, классташы Таштанафганга жана анын шериктерине да айтар сөзүн, кечирим кебин айтты. Не демек эле, күнөөлөп каргаш керек беле?

– Бир Кудайга койдум! Мейли, мен Кудай алдында сенин курмандыгың болоюн, сенин эмнени көздөгөнүң, эмне кыларың жөнүндө эч ким билбей эле калсын. Мен өзүм да сенин алдыңда эмес, өзүмдүн алдымда күнөөлүүмүн. Ошон үчүн мен сенин сатып алып садага чапканың, күнөөдөн арылтуучуң болуп берейин, Кудай өзү кечирсин сени...

– Айылдаш агаин-туугандар, мени кечиргиле, мен силерди бир келген ырыскыңардан ажыраттым. Ушундай болду. Өлүп баратып, өлгөндөн кийинкиме кечирим сурайм. Анткени мен мындай ишти жыргаганымдан жасаганым жок, аны эч ким билбейт. Кошкула!..

...Жаабарстын жаны кетти. Анын артынан Арсен Саманчин оо дүйнө салды. Жүрөгүнүн эң акыркы кагышында ал Кызкайыптын: «Кайдасың сен, кайдасың сен, жан биргем», – деген үнүн укту. Бүт дене бою менен, бүт акыл-ою менен: «Кош бол эми, көрүшпөйбүз эч качан», – деп мукактана шыбырады...

Түнкү булуттардын арасынан ай адашып, аскалардын коюн-колтугун жойлогон шамал акырындан алсырады, башка эч нерсе угулгандай болгон жок.

* * *

Эртеси түшкө жуук Моло-Таш үңкүрүнө үч атчан жол алып келди, алдыдагысы – эркек, артындагы экөө – аял. Алар Элес, Элестин эжеси менен жездеси болчу. Болгон ишти өз көзү менен көрсүн, күйүт бугу басылып, көксөөсү суусун дешип алар бул жерге Моло-Таш үңкүрүнө алып келишкен.

Жоро жездеси бул жерди беш колундай билчү эле. Баягы жылдары колхоздун кой ферма башчысы болуп жүргөндө буерден ары-бери көп өткөн, Моло-Таш үңкүрүнө да далай кирген. Ошондон улам ал тигил экөөнө жол азабын салбай, тез эле алып келди. Алар жолдон ок тийип өлгөн ак боз атты көрүштү, күнү-түн төккөн жамгыр менен добулда калгандан уламбы, айтор, төрт аягы сырайып, ыкчырыла жыгылганда кош басмайыл үзүлүп кеткен окшойт, ээри жанында жатат. Арсен ыргытып ийген мегафон менен автомат да ошол жерде экен, Жоро түшө калып аларды алды. Үн деген жок. Окко учкан ат, ташталган курал. Арсендин соо эмес экенин айтып турду.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.