ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Жоро кандай болсо да бул ишти Арсендин жакын туугандары менен акылдашып чечүү керек деген тыянакка келди. Ооба, канчалык ачууланып кыжырланган менен анын сөөгүн жерге жашырыш керек да, бул эмес Кудай безери болуп бүткөн жексур кылмышкерлерди деле жолу менен жайына узатышат го.
– Ооба, ойлонолу, – деп сөзүн улантты Жоро. Азыр ичкери кирели да, Арсендин арбагына багыштап дуба окуп коёюн.
Кайрадан үңкүргө киришти. Жанагыл эле көрүнүш. Жаабарска башын жөлөгөн Арсен Саманчиндин жүзү куу камыштай кубарып кеткен. Анын жанына жакын отурушту да, дымып калышты. Чымкый кара жоолук алдындагы Элес кайрадан сууга салган тал чыбыктай солкулдап ыйлап кирди. Жоро болсо ага караган жок, жаттап алган, а бирок өзү таптакыр түшүнбөгөн араб сөздөрүн чын дилинен бериле кырааты менен айтып жатты, а чынында анын маанисин ал эмес, жергиликтүү элдин бүт баары эле билишчү эмес. А бирок салт деген салт да, андан кайда чыкмак.
Ушу ыйык жымжырттыктын кучагында калган Элес бир нерсени ойлоду, бир тууган эжеси менен жездеси канткен менен ага күйүшөт экен, бу жалгыз дүйнөдөн жанын берип тапканы ойдо жок жерден окко учуп минтип калганда, экөө тикесинен тик туруп аза күтүп жатышканы Арсенди тирилтип бергендей эле болду. Булар болбосо анын жанында кайгысын бөлүп ким болмок. Ичинен ушинтип ойлоп жатканда сырттан аттардын дүбүртү, анан адамдардын үндөрү угулуп калды.
Үңкүргө шарт-шурт беш адам кирди. Таштанафган баштаган айдакчылар экен. Алар каада сактап отурушкан жок, кабагынан каар жаадыра түнөрүп, Жоронун дуба окуп бүтүшүн күтүп турушту. Тигил бүтөрү менен Таштанафган кесе сөз айтты:
– Биз силерге бу Моло-Таш үңкүрүнө мина коюлганын айтып коюшубуз керек. Силер бул жерден тез кеткиле, анткени азыр үңкүр жардырылат. Тез кеткиле!
– Жардырылат?! – Жоро каршы сөз айтты. – Эмне үчүн? Бул жерде киши колдуу болгон Арсен Саманчин жатпайбы?! Анан кантип жардырасың?!
– Ал биздин ишибиз эмес, жардырабыз дедикпи, жардырабыз. Аныңар ушул жерде калат, үңкүргө көмүлөт.
– Эй, сөөк коюу да ошондой болчу беле? – Сөзгө ачууланган Кумар аралашты. – Мен силерге аял катары айтып жатамын. Адегенде сөөктү ойлонгула, анан жардыргыла. Баарыбыз өлөбүз, анан каада-салт менен, өз жолу менен көмүлүшүбүз керек да.
– Үйрөтпө мага! Атайын тапшырма боюнча үңкүр жардырылат. Биз ошого келдик, ойноп жүргөн эч ким жок. Жарым саат убакыт беребиз.
Кудай бетин салбасын, ошондо Элес карасын алып ыргытты:
– Ошентип эле көргүлөчү! Адамдын сөөгүн кордобогула! Ал үчүн силерди арбак урат. Өлгөн адамдын сөөгүн маскаралоого акыңар жок, ал салт боюнча көмүлүш керек. Кордобогула! Мен сөөк үчүн башымды сайып беремин, – деп буулуга сүйлөдү.
Ошондо кыл чайнап араң турган Таштанафган:
– Сен кимсиң? – деп ызага сына, жаалы төгүлө жарылды. Ал ошентмек, кечээ күнү дал ушул жерде анын каракчылык максатын Арсен Саманчин башынан кечип, таш-талкан кылганын Элесиң кайдан билсин. А Таштанафган болсо актыкка айланган классташынан кан ичкичтик менен өзөккө түшүп өксүткөн өчүн алууну көздөгөн. Ошондо касынын канын кочуштап ичкендей болмок. Ошол үчүн ал дагы бир жолу: – Сен кимсиң?! – деп жаны чыга кыйкырды. Жооп бер деп жатам. Сен кимсиң?!
– Менби?! Мен ким экенимди башка жерден, башка убакта айтсам болот эле. Мына, бутуңардын алдында кишиден өлгөн киши жатат, мен өлүмгө даяр адаммын, өлтүргүңөр келеби, өлтүргүлө, мен өлүмдөн коркпоймун. Азыр жардырып жибергиле, урандынын астында Арсен менен түбөлүк бирге калууга даярмын. Жардыргыла, силерге ыраазы болом, жардыргыла! Аны менен мен бирмин...
Бул жаакташуу дагы канчага созулат эле, ким билсин, айтор Жоронун жол билги акылы ортолукту жумшартты:
– Таштанафган, мени бир жолу угуп койчу. Көз жашын төгүп, жүрөгү канап күйүткө түшүп турган аялдарды туура түшүн, антип сүйлөшпө. Экинчиден, сөөк жатат, анын алдында катуу кеткен жарабайт, өлүм улук. Ошондуктан сыртка чыгып, эмне кылуу керектигин сүйлөшөлү, кеңешип иш кылалы. Жардырууга качан да болсо үлгүрөсүң. Ага чейин акылдашып алалы.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.