АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Каканга бүлүк салгыдай,

Кармашкандын баарысын

Такыр кырып салгыдай!

Ок өтпөгөн тон кийген,

Ок жетпеген аты бар,

Оңой эмес буруттан

Жаралган экен каркыбар!

Сыягы бөлөк, заары күч,

Катылышсаң өлөсүң,

Кайран жандан күдөр үз!

Айбаты күчтүү, артык эр,

Алышсак кылат кара жер!

Койдой кордук баштады,

Койгулаша кеткендин

Кокосун сууруп таштады!

Беттеп уруш сала албай,

Балбан качты чунайып,

Темир аркан торчонуң,

Тегиз канжар колчонуң

Өлүп кетти тырайып,

Кармашкан баш үзүлүп,

Өлүп кетти сырайып,

Кызыталак бурутту,

Эңкейтип менде алгысыз,

Менде жеңип калгысыз!

Улук да экен, кан да экен

Уйпаланган бул бурут

Ушундай азап жан экен!

Кабагы бийик, заары күч,

Катылган болсоң бурутка,

Кара жандан күдөр үз!

Кирпик, кашын карасам,

Төө көтөргүс жүк болгон,

Эки беттен чыккан заар

Беш байпактык түк болгон!

Кызыталак бул бурут

Бул Алтайда туулган,

Эстебей калган экенбиз,

Энеси талак бурутуң

Эми салды чуулган.

Менде жеңип алгысыз,

Беттеп менде баргысыз.

Кармашып менде алгысыз,

Какан жеңип алгысыз.

Теңир урган бурутуң

Телегейи тең экен.

Ичин карап отурсак,

Жер жүзүнөн кең экен.

Кызыталак бурутка

Орногон темир чеп экен.

Алышкан жеңип алалбайт,

Бай-бай бурут эр экен.

Каттап менде баралбайт,

Катылган тирүү түк калбайт.

Мендеден түрү бир башка,

Бээжинди бузат көй кашка!»

Муну укканда Эсенкан,

Каарданып туралбай,

Каарды катуу баштады,

Катуу келип ачуусу

Калдай, шибээ, тыргоотун

Кырып ие таштады.

Калдайынан кеп угуп,

Кан Жакыптын Манасы

Катуу чыкты, - деп угуп,

Манжуусунан кеп угуп,

Балакет чыкты, - деп угуп,

Каарды катуу баштады,

Минген алтын тагынан

Улук экен Эсенкан

Учуп кете таштады.

Жаны калбай бакырып,

Жаң-жуңдарын чакырып,

Эси кетип бакырып,

Эр Эсенкан ошондо

Жоролорун чакырып,

Мунарга жарык жагылып,

Доолбас бекем кагылып,

Доолбас үнүн укканда,

Каптап кетти көп улук!

Так үстүндө Эсендин,

Дагы эмине болду - деп,

Ай Жаң-Жуң менен Күн Жаң-Жуң

Эсенкандын сырдашы.

Луйпу, Шуйпу - эки аяр

Эсенкандын курдашы.

Балбандарын бакырып,

Аяр, сырдаш-курдашын

Бачым кел, - деп чакырып,

Каарды катуу баштады,

Калдай билгич сыйкырга

Буйрук кебин таштады.

Анталаңдап чу коюп,

Эсенкан үнүн укканда

Манжуунун баары дыр коюп.

Доолбас үнү бакылдап,

Жезнай үнү такылдап,

Так алдында көтөргөн

Тору ала желек туу болуп,

Толуп жаткан чуу болуп,

Тыргооту тыйпыл чогулуп,

Кыйкырбай Эсен калбады,

Эсенкандын жанында

Кынжыдагы балбаны.

Балтанын сабы ийилип,

Балбандын баары жүгүрүп,

Асманга учуп топурак,

Кан белгисин кылганда,

Доолбасты урганда

Аскер кайнап топурап,

Албан түрдүү балбаны

Каны буйрук кылган соң,

Кумурскадай быжылдап,

Курчап жетип калганы.

Балбандары башкача,

Бакырыгы таш жарды.

Баягы Эсен көйкашка

Кабарга барган сынчыны,

Койбой жыйып алганы:

«Манасты таап келбейт», - деп,

Кан Эсенкан ошондо

Салып турган жаңжалы:

«Билип жүрдүм чыгарын,

Кызыталак буруттан,

Бурут деген журуттан,

Туулбастан алты жыл

Эчак мага билинген,

Кызыталак буруттан

Аты Манас чыгат, - деп,

Калайманды салат, - деп,

Ушу турган Бээжиндин,

Кандыгын тартып алат, - деп,

Бичигиме чийилген.

Кебетеси-кешпири,

Кечикпей айттым, аярлар,

Сөлөкөтү-сөлбөтүн,

Туулуп-өскөн келбетин,

Билип айттым, аярлар!

Аты Манас ушу - деп,

Уулду байлап келипсиң,

Туура ишке жарагыс,

Бир кулду байлап келипсиң!

Айттым эле мен бая,

Уктуң эле сен бая!

Туулганда белгисин

Туура айтып бергемин!

Туура шайлап жиберсем,

Тумшуксуз аяр, билбедиң!

Туулганда ал Манас,

Кулагы учу тешилүү,

Сүннөтү кесилүү,

Чекеси жерге жетти эле,

Сексен күнү жамгыр жаап,

Зилзала жүрүп кетти эле.

Көрсө Манас өзү экен

Атаңдын көрү, аярлар,

Ашык көргөн кези экен.

Эл сынчысы Чоң Аяр,

Кечээ бурутту чаап алганда

Буласын булап кедейди,

Олжо кылып салганда,

Ошол аяр айтты эле,

Буруттан шумдук уул тубат,

Адамдан жетик уу тубат,

Каканчындын Бээжинге

Калайман салчу чуу тубат!

Ушу турган Бээжинди

Өрттөп кетер уул тубат!

Кыйшыгы жок кын экен,

Чоң Аярдын айтканы

Төгүн эмес, чын экен.

Өрттөнүп кеткен ал бурут,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.