Жек Лондон
Ак Азуу
– Эч нерсе калтырышпаптыр, – деди Билл. – Жада калса таяктагы кайышты да жеп коюшуптур. Таптакыр өзөрүп калышкан экен булар. Генри, буларың бизди да жеп койбосо болду.
Генри кашкөйлөнө күлдү.
– Карышкырлар эч качан минтип артыман сая түшкөн эмес, бирок мындан да жаман айкаштардан аман чыккамын. Акеңе он чакты айбандын алы жетпейт, Билл.
– А-ай, билбейм, билбейм, – деп жамандыкты сезгендей күңкүлдөдү Билл.
– Болуптур, Мак-Герриге барганда билесиң.
– Анча көзүм жете бербей турат, – деп көжөлдү Билл.
– Сенин жөн эле көңүлүң чөгүп турат, болгону эле ошо, – деп чечкиндүү айтты Генри. – Сен хинин ичишиң керек. Мак-Герриге жеткенде мен сага ушундай бир доза бербесем.
Билл мындай диагнозго макул болбой бир нерсе деп кобурады да, ушуну менен унчукпай калышты. Күн башка күндөрдөй эле өтүп жатты. Саат тогузда таң атты. Он экиде түштүк горизонт көрүнбөгөн күндөн кызгылтым тартып, үч саат өтпөй эле түнгө айлана турган боз күн өкүм сүрүп турду.
Так ошол күн кичине башбаксамбы деп турган маалда Билл чанадан мылтыгын алды да:
– Сен баса бар, Генри, мен тиякты бир карап келейин, – деди.
– Чанадан алыстаба!– деп каршы болду Генри. – Болгону үч патронуң бар, эмне болот ким билет.
– А-а, эми ким кемпир кыял болуп турат?– деди Билл табасы кана.
Генри жооп кайтарган жок, анда-санда шериги кеткен боз мейкиндикти тынчсыздана карап коюп жалгыз кете берди. Кыска жолго салган Билл бир сааттан кийин келип калды.
– Ар кайсы жакка тарап кетишиптир, – деди ал, – желип-жортуп жүрүшөт, бизден да кала турган түрү жок. Булар эч кайда кете албайт, бир аз чыдап туралы дешсе керек. Жей турган бардык нерсени колдон чыгаргыдай эмес.
– Демек, алар биздин кутула албасыбызды билет турбайбы, – деп кекээрледи Генри.
Бирок Билл буга маани берген жок.
– Кээ бирин көрдүм, ушундай арыкташыптыр. Фэтти менен Фрогду, Спэнкерди айтпаганда, көптөн бери ооздоруна эч нерсе тие элек болсо керек. Үйүр чоң экен, эмне жегенин да сезбей калышты го. Укмуш арык экен, кабыргасы тим эле саналат, курсак деген жок, таптакыр кирип кеткен. Иши кылса такыр болбой калышыптыр. Буларың коркконду деле унутуп калышыптыр, абайлабаса болгудай эмес.
Бир нече мүнөт өтпөй эле чананын артында келаткан Генри эскерткенсип акырын ышкырды. Билл кылчайып карап, иттерди жай токтотту. Алар азыр эле өткөн бурулушта из кууп бир түктүү жырткыч келатыптыр. Ал карды жыттагылап, бөрү желишке салып келаткан экен. Адамдар токтогон соң ал да токтоду, башын көтөрүп, тигилерди карап, таноолору менен жыт алып турду.
– Бул – баягы канчык карышкыр, – деди Билл.
Иттер карга жата кетишти, ал аларды жандап өтүп, чананын жанында турган шеригине барды. Экөө бир нече күндөн бери сая түшүп, чана тарткан иттердин жарымынын түбүнө жеткен таң каларлык жырткычты карап турушту.
Жырткыч эки жагын карап туруп, бир аз илгериледи. Чанага жүз ярддай калганча, ал муну бир нече жолу кайталады. Анан карагайлардын жанына токтоп, тумшугун көтөрүп, абаны искеген соң, өзүн байкап турган адамдарды карай баштады. Анын көз карашында иттикине окшоп кеткен бир таң каларлык эңсөө бар эле, бирок иттикиндей жакындыктын изи да жок болчу. Бул карышкырдын азуусундай курч, аяздай катаал ачкалыктан келип чыккан эңсөө болчу.
Ал карышкырдан чоң эле, арыктыгына карабастан өз түрүнүн эң ирилеринен бири экени байкалып турат.
– Бою эки жарым футтай бар экен, – деп болжолдоду Генри. – Башынан куйругуна чейин беш футка жакын болот го.
– Түсү карышкырдыкына окшобойт, – деп сынады Билл. – Мен мындай кызыл карышкырды эч көргөн эмесмин. Бул кандайдыр бир кызгылтым-күрөң неме экен.
Чынында жырткычтын өңү кызгылтым-күрөң эмес эле. Анын жүнү кадимки карышкырдыкындай болчу. Боз түктөр басымдуулук кылганы менен биз аз кызгылтым тартып, анысы бир туруп пайда боло калып, бир туруп жоголуп кетип, караган көздү алдап турчу.