Жек Лондон
Ак Азуу
– Карасаң, кадимки эле чанага чегилген чоңураак лайка иттерден, – деди Билл. – Куйругун азыр эле шыйпаңдатып ийчүдөй болуп турат.
– Эй, лайка, – деп чакырды ал. – Бери кел... Атың ким эле сенин...
– Мунуңдун корко турган түрү жок, – деп Генри күлүп жиберди.
Билл катуураак кыйкырып, муштумун көрсөттү, бирок тигил кымындай да корккон жок. Болгону мурдагыдан бетер сактана түштү. Ал дагы эле буларды шилекейи агып карап турду. Булар эт болчу, тигил өзөрүп ачка эле. Бир аз шердене түшсө, адамдарды тытып жеп коймок.
– Бери кара, Генри, – деди Билл. Үнү өзүнөн өзү шыбырап калды. – Бизде үч гана патрон бар. Муну бир атканда өлтүрүш керек. Жаза атканга болбойт. Үч иттен кол жуудук, эми муну токтотпосо болбойт. Эмне дейсиң?
Генри макул болуп башын ийкеди. Билл чанадагы мылтыкты акырын алып, кундакты эми ийинине алып баратканда, карышкыр жолдон ары секирип, карагайлардын ичине кирип кетти.
Экөө бирин-бири тиктеген боюнча калды. Генри таң калганынан ышкырып жиберди.
– Кап, билбей калбадымбы!– деп бакылдады Билл мылтыкты ордуна коюп жатып. – Иттерге тамак берер маалды билген бул канчык мылтыкты кантип билбей калсын! Айтпадымбы, Генри, мен сага, бардыгын кылган ушул. Эгер бул канчык болбосо, азыр үч эмес, алты итибиз болмок. Жок, Генри, мен мунун түбүнө жетем. Муну ачык жерде өлтүрө албайсың, өтө акылдуу. Бирок мен мунун бир айласын табам. Муну буктурмадан атып алам, карап тур.
– Өтө алыс кетпе, – деп эскертти аны шериги. Эгер алар үйүрү менен кол салса, үч патронуң бокко да жарабай калат. Бул айбандар абдан ачыгып калыптыр, эгер бир качырып кире турган болсо, аянбайт булар, Билл.
Бул түнү өргүүгө эртерээк токтошту. Үч ит чананы алты иттей тезирээк жана узагыраак сүйрөй алган жок, алардын алдан тайганы байкалып турду. Билл аларды бири-биринин кайышын кырчып таштабагыдай кылып өз-өзүнчө байлады да, эки жолоочу дароо эле жатып калышты.
Бирок карышкырлар түн ичинде шерденип, аларды бир нече жолу ойготушту. Алар ушунчалык жакын кирип келгендиктен, иттер коркконунан кутуруп кете жаздашты. Айла жок, бутактардан отко таштап, эрдемсинген жырткычтардын бир аз демин басууга туура келди.
– Акулалар кеменин артынан ээрчип жүргөндү жакшы көрөт деп айтышат деңизчилер, – деди Билл дагы бир жолу жанагынтип от жагып келгенден кийин төшөккө кирип келатып. – Мына бул карышкырлар да – кургактагы акулалар. Булар өз ишин бизден жакшыраак билишет. Биздин артыбыздан машыгуу үчүн келатышкан жок буларың. Булар бизди жегени калышты. Жегени калышты булар бизди, Генри.
– Карышкыр тим эле этектен алгандай сүйлөйсүң да, – деп Генри тигинин сөзүн кести. – Жегени калышты деп какшай берсең, жеп коюшат, эмнеси бар экен.
– Сен экөөбүздөн кыйындардын да түбүнө жеткен булар, – деп жооп берди Билл.
– Токтот ыйлактаганыңды! Уга турган алым жок! – Генри ачууланып тетири бурулуп жатты да, Биллдин унчукпай калганына таң калды. Билл мындай эмес болчу, мындай сөздөрдү укканда чачырап кетчү. Генри уктап кеткенче ушуларды ойлонуп жатты, акырында уйкуга кетип баратып мындай ой келди: «Бул такыр эле бошошуп калды. Эртең чыйралтпасам болбойт.»
III бап. Ачкалык ыйы
Күн жакшы башталды. Иттер толук экен, ушундан уламбы алар жымжырттыктын, караңгынын жана аяздын кучагында көңүлдөрү ток баратышты. Билл да түнкү санаасын унутуп калган сыяктуу, ал турсун түш ченде бир жаман жерде чананы кулатып алган иттерди тамашалады. Баары астын-үстүн болуп жатып калды. Аңтарылган чана дарак менен чоң аска таштын ортосуна кыпчылып калып, аны алып чыгыш үчүн иттерди чанадан чыгарууга туура келди. Чананы көтөрүп чыгаралы деп жатканда, Генри Жалгыз кулактын качып баратканын көрүп калды.
– Жалгыз кулак, кайт артка!– деди ал өйдө болгончо иттин артынан карап.