Жек Лондон
Ак Азуу
Шериги буга нааразы болгондой бирдеме деп кобураган соң, Генри отту тиктеп, Билл болсо оттун ары жагындагы эле караңгыдан чоктой күйүп турган көздөрдү карап чейрек сааттай унчукпай отурушту.
– Ушул азыр Мак-Герриге барып түшүп калсак...– деп кайра баштады Билл.
– «Минтсек, тигинтсек» деп эзилгениңди токтотчу сен, – деп чыдабай кетти Генри. – Сен зарынадан эле ушинтип жатасың. Содадан ич, дароо басылат. Экөөбүзгө тең көңүлдүүрөөк болот.
Эртең менен Генри Биллдин ызаланып катуу сөгүнүп-сагынганынан ойгонуп кетти. Ал чыканактап караса, өңү-башы бузулган Билл өчүп бараткан оттун жанындагы иттердин арасында туруп алып, колдорун кутургандай шилтегилеп жатыптыр.
– Эй, – деп кыйкырды Генри. – Эмне болуп кетти?
– Фрог качып кетиптир, – деген жооп келди.
– Койсоңчу!
– Ишенбесең кара.
Генри ыргып туруп, иттерге кетти. Тактап санап чыккан соң ал да шеригине кошулуп дагы бир итти алып кеткен Түндүктүн улуу чөлүн ашатып сөгө баштады.
– Фрог эң күчтүү ит эмес беле, – деди Билл аягында.
– Акылын айтсаң!– деп кошумчалады Генри.
Эки күн ичиндеги экинчи эскерүү ушундай болду.
Көңүлсүз отуруп тамак жешкен соң калган төрт итти чанага чегишти. Бул күн да так эле мурунку күндөрдөй болду. Экөө кардуу чөл менен үн-сөзсүз илкип баратышты. Булардын артынан көзгө көрүнбөй сая түшүп келаткан куугундун улуганы гана жымжырттыкты бузуп жатты. Түштөн кийин күүгүм кирери менен күткөндөй эле куугун жакындап, улуган үндөр жакын эле жерден чыга баштады; иттер коркконунан калтырашып, тополоң түшүп, кайыш жиптерге чалынып калып, экөөнү ансайын кыйнашты.
– Мына, мээси жок айбандар, эми эч кайда кете албайсыңар, – деди Билл кийинки өргүүдө өзүнө ыраазы болгондой.
Генри тамак жасаганын токтотуп, көргөнү барды. Шериги иттерди индеец ыкмасы менен таяктарга байлап коюптур. Ар бир ит мойнунан кайыш жип менен узун жоон таякка тиши жетпей тургандай байланып, таяк болсо жерге кагылган башка бир таякка байланыптыр. Иттер мойнундагы жипти кемире алгыдай эмес, ал эми мойнундагы таяк кагылган таякка жеткире койгудай эмес.
Генри жактыргандай баш ийкеди.
– Жалгыз кулакты ушинтип эле кармабасаң, кармай албайсың, – деди ал. Ал кайыш тасманы жөн эле бычак менен шылыгандай кырчып таштайт. Эми эрте менен баары ордунда болот.
– Эми кетип көрсүн, – деди Билл. – Эгер бирөө эле кетсе, эрте менен кофе ичпей эле коём.
– Буларың биздин өлтүрө албасыбызды билип турат, – деди Генри жатарда курчап турган көздөрдү көрсөтүп. – Бир-эки жолу даң дедирип койгондо, дароо бизди сыйлап калышмак. Түн өткөн сайын жакындап келатышат. Оттон көзүңдү алып, тигил жакты карасаң. Көрдүңбү?
Экөө тең оттун ары жагындагы караандарды кызыгып карап калышты. Эки көз жаркырап күйүп турган караңгылыкты жакшылап караганда, жырткычтын карааны байкалат экен. Кээде алардын ары-бери басканы да көрүнө калып жатты.
Экөөнүн көңүлүн иттердин күчөп кыңшылаганы бөлүп жиберди. Жалгыз кулак бир ордунда тура албай кыңшылап, ары-бери жулунуп, таякты кутургандай кемирип жатты.
– Карасаң, Билл, – деп шыбырады Генри.
От жарыгы тийип турган жерге шырп эттирбей өткөн бир ит сымал жаныбардын капталы көрүндү. Ал корккондой, бирок ошол эле учурда тайманбастан иттерди карап, бирок адамдарды да көз жаздымда калтырбай баратты. Жалгыз кулак келгинге карай бой уруп, чыдай албай кыңшылап жиберди.
– Бул келесоо Жалгыз кулак такыр эле коркпой калган го, – деди Билл акырын.
– Канчык карышкыр, – деп шыбырады Генри. – Фэтти менен Фрогдун эмне болгонун эми түшүндүм. Үйүр муну азгырып келиш үчүн жиберет. Бул ээрчитип барган итти тигилер талап-булап жеп коюшат.
От чарт-чурт этип күйүп, бир чычала кулап түштү да, ышылдаган үн чыкты. Коркуп кеткен жырткыч бир секирик менен караңгыга төнүп кетти.