Жек Лондон
Ак Азуу
– Генри, билесиңби, менин оюма эмне келди?– деди Билл.
– Эмне келди?
– Бул – баягы мен таяк менен соккон неме.
– Шектенбей эле койсоң болот, – деп жооп берди Генри.
– Менин айтайын дегеним, – деп улантты Билл, – мунун отко көнгөнү шек туудуруп турат.
– Бул менмин деген карышкырдан да көбүрөөк билери бышык, – деп макул болду Генри. – Иттер менен келип тамак жеп кеткен карышкыр оңой-олтоң неме эмес.
– Виллэн чалдын бир канчыгы бар эле, кийин ал карышкырлар менен кетип калган, – деп ойлуу сүйлөдү Билл. – Мен билем да мындайды. Литл-Стиктеги багыштардын жайытынан карышкырлар менен жүргөн жеринен атып салгамын. Виллэн чал ошондо жаш баладай боздоп ыйлабадыбы. Үч жыл көрбөдүм эле дейт. Ошо үч жыл бою карышкырлардын үйүрүндө жүрүптүр.
– Таппасаң сыйпалап кал, Билл. Бул карышкыр эмес эле ит, бул кишинин колунан балык жеп жүргөн неме.
– Буюрса, мен муну сулатам, ошондо бул карышкыр да, ит да эмес, сасыган тарп болуп калат, – деди Билл. – Эми иттерди жоготконго болбойт.
– Бирок сенин болгону үч эле патронуң бар да, – деп каршы болду Генри.
– Абдан мээлеп туруп атам, – деген жооп болду.
Эртең менен Генри отту кайра тутантып, шеригинин коңуругун тыңдаганча таңкы тамакты даярдай баштады.
– Сонун уктап атыпсың.– деди ал шеригин ойготуп жатып. – Ойготкум да келген жок.
Уйкусу ачыла элек Билл тамак жей баштады. Чөйчөгүнүн бош экенин көрүп, кофе кайнаткан идишти караса, ал алысыраак жерде, Генринин жанында туруптур.
– Генри, – деди ал жемелегендей, – сен эч нерсени унуткан жоксуңбу?
Генри эки жагын карап, баш чайкады. Билл ага бош чөйчөгүн сунду.
– Сага кофе жок, – деди Генри.
– Түгөнүп калдыбы?– деп коркуп сурады Билл.
– Жок, түгөнгөн жок.
– Анан эмне, менин ашказанымды аяп турасыңбы?
– Жок.
Ачуусу келген Биллдин бети албыра түштү.
– Анан эмне болду, айтпайсыңбы мени кыйнабай?– деди ал.
– Спэнкер качып кетиптир, – деп жооп берди Генри.
Эңгирей түшкөн Генри айласы куруп акырын бурулду да, отурган жеринен иттерди санап чыкты.
– Бул кандай болуп кетти?– деп дендароо болуп сурады ал.
Генри ийинин куушурду.
– Билбейм. Жалгыз кулак кайышын кырчып койсо керек. Ал өзү андай кыла алмак эмес да.
– Каргыш тийгир айбан!– деп акырын айткан Билл ичиндеги кайнап чыккан ачуусун билдирген жок. – Өзүнүкүн кырчый албай, Спэнкердикин кырчып таштаган тура.
– Спэнкердин иши бүттү эмдигиче. Ал азыр эчак эле жем болуп, жыйырма карышкырдын ичегисинде жүрөт болуш керек. – Генринин эң кийинки жоголгон итти эскерүү сөзү ушул болду. – Кофе ич, Билл.
Бирок Билл башын чайкап койду.
– Кел эми, ич, – деп көжөлдү Генри кофе кайнатуучу идишти көтөрүп.
Билл чөйчөгүн ары жылдырып койду.
– Кудай урсун, ичпейм! Бир ит жоголсо, ичпейм дедим беле, демек, ичпейм.
– Сонун кофе!– деп азгырды Генри.
Бирок Билл көшөрүп болбой койду, тамагын кургак жеп, анда-санда жоругу жолдо калгыр Жалгыз кулакты күңкүлдөп ашатып жатты.
– Бүгүн түнү буларды өз-өзүнчө байлайм, – деди ал жолго чыккан соң.
Жүз кадамдай барганда алдыда бараткан Билл эңкейе калып, жапкагына уруна түшкөн бир нерсени алды. Караңгыда эмне экенин көрө алган жок, бирок сыйпалап көрүп, эмне экенин билди да, артка карай ыргытып жиберди эле, ал чанага бир тийип, Биллдин жапкагына илеше түштү.
– Мүмкүн, дагы бир керегиңе жарап калар, – деди Генри.
Билл кыйкырып ийди. Бул Спенкер мойнунан байланган таяк эле, андан болгону ушул калыптыр.