Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Куугун кайра башталды. Аңгыча караңгы кирип, кекилик таптырбай кетти. Бутун тартканга алы жетпей, жонундагы баштыгы менен жерге көмкөрөсүнөн кулап түшүп, бетин айырып алды. Көпкө чейин кыймылсыз жатып, анан эптеп бир капталына оодарылды, саатын бурап таң аткыча ошол боюнча ордунан козголгон жок.
Кайрадан туман. Төшөктүн теңи чулгоого сарпталды. Биллдин изин таппай калды, бирок азыр анын мааниси деле жок болчу. Ачарчылык аны эсине келтирбей темтеңдетип алдыга сүйрөп бара жаткан. Эгерде … Билл да адашып жүргөн болсочу?
Түшкө жакын такыр эле алы калбай калды. Алтынды кайра экиге бөлүп, бул жолу бир бөлүгүн жерге төгүп салды. Кечинде кыйын кезеңде өмүрүн ажалдан калкалап кала албаган же тамак болуп бере албаган баштыкчадагы калган алтынды да ыргытып, айрылган төшөктүн жарымын, калай чаканы жана мылтыкты гана алып калды.
Анын башында ар кандай тажатма ойлор пайда боло баштады. Эмнегедир: “Мылтыгымда бир ок бар эмес беле, – мен аны унутуп калган тубаймынбы” – деген жабышчаак оюна бекем ишене баштады. Ошол эле убакта мылтыгында ок эмес кара балакет жок экенин да билип турду. Бул ой башынан такыр кетпей койду. Ал ою менен бир нече саат күрөштү, акыры мылтыгын текшерип, анын жатынында ок жок экенине көзү жеткенде капа болгонун айтпа.
Жарым саат өтпөй ал ой кайра жармашты. Кубаласа да ал ой башынан кетпей койду, кайрадан мылтыгын ачып, дагы бир ирет карап көрдү. Мезгил-мезгили менен акылынан айнып, байланышсыз ойлор мээсин курт жегендей жеп кирди. Бирок ал бат эле эсине келип жатты – ач курсагы аны алга жылууга мажбурлап турду.
Бир учурда анын эсинен тандыра турган бир окуя болду. Мас адамдай теңселип, аз жерден жыгылып кала жаздады. Маңдайында келишкен ат турат! Ал өз көзүнө ишенген жок. Көздөрүн катуу ушалап-ушалап жакшылап караса ат эмес эле чоң күрөң аюу экен. Аюу кол салчудай даярданып калыптыр. Шашкалактап асынган мылтыгын ийнинен алып, аюга сунуп бара жатып эсине келе түштү. Мылтыкты жерге таштап, жээктерине шуру бастырылып асемделип жасалган кынынан, жалаңдаган мергенчилердин шамшарын сууруп чыкты. Анын бет алдында эт же өмүр турган!
Бармагы менен шамшардын мизин сыдырып койду. Бычак курч эле. Азыр ал аюну сөзсүз өлтүрөт. Бирок, капилеттен жүрөгү лакылдап согуп, көөдөнүнө сыйбай туйлап чыкты: дүк, дүк, дүк, – башына кан тээп, чекесинен бирөө темир кычкач менен кысып жаткандай чыдатпай ооруп келип, көзү караңгылай түштү. Анын аргасыз эрдигин, катуу коркунуч жууп кетти. Азыр ал таптакыр алы жок кезинде аюу кол салса кантет?
Болушунча боюн түзөп, шамшарын мыжый кармап, аюунун көзүнө тик карап, арбаша кетти. Айбан алдыга бир аттап, эки бутуна тура калып катуу күркүрөдү. Эгерде адам коркуп кетип качса, аюу артынан кууп жөнөмөк. Бирок адам, канчалык коркуп жатса да, айласыздан кайратын жыйнап жырткыч жаныбардан да катуу чаңырды, бул чаңырык өмүрүнө келип турган коркунучтан кутулуунун бир ылаажысы болчу. Аюу коркууну билбеген белгисиз жаныбардан чочугандай, тиштерин көргөзө ырылдап, четке чыга берди. Адам ордунан козголгон жок. Аюу көздөн далдоо болгуча, каккан казыктай ордунан жылбай турду да, анан нымдуу эңилчектин үстүнө кулап түштү.
Бир аз жатып, болгон күчүн топтоп, сапарын улантты, эми аны жаңы пайда болгон коркунуч толкундата баштады. Ачка өлүм аз келгенсип, эми ага жырткычтардын тишинен өлүү коркунучу кошулду. Айланада карышкырлар көбөйө баштаган. Бардык жактардан алардын улуганы угулуп, ал тургай аба дагы алардын каардуу үндөрүн өзүнө сиңирип алгансып думуктурат, ал улам бул коркунучту кубалап жиберчүдөй колдорун анда-мында шамалга делбиреген чатырдын таарындай делбектетип көтөрүп коёт.
Карышкырлар эки-үчтөн биригишип, алды-артынан кесип өтүп жатышты. Бирок алар өтө жакындашкан жок. Чындыгында алар аябай деле көп эмес болчу; анын үстүнө алар анча каршылык көрсөтүшө албаган бугуларга аңчылык кылып көнүшкөн, ал эми мурда көрүп-билбеген эки буттуу жаныбардан эмнени күтсө болору аларга табышмак эле.
Кечинде ал карышкырлардан калган бугунун музоосунун тарпын таап алды. Бир саат мурда ал энесин ээрчип оюн салып жүргөн тирүү жандык эле. Адам анын алигиче каны кургай элек, таза мүлжүлүп, кызгылт тартып, жашоонун белгилери али сакталган сөөктөрдү карап турду. Балким кечинде өзүнүн сөөгү да ушинтип чачылып жатар? Жашоо ушундай турбайбы, келгениңден кеткениң тез. Жашоо деген түйшүктүү нерсе экен. Өлүш оңой эле. Өлүү – уктап, кайра турбай калгандай эле кеп. Демек, өлдүңбү, – баары бүтөт, түйшүк, көйгөй дегендин баары артта калып, жаның түбөлүккө жай алат. Кызык, анда эмне үчүн өлгүң келбей, жашоого жармашасың?