Кадыркул Даутов

КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ

Кадыркул Даутов

 

IV

 

Ушинтип тагдыр табияты Анатай Өмүркановду тээ  ырааккы Памирдин арсак тоолорунун арасына алып барып таштап койду. Жаштык дем, акындык эргүүнүн күчү, романтикалык учурдун эрдик жасоо чакырыгы учууга шылтоо таппай ээлигип канат кагып турган жаш талантты тынч коёбу. Ошол кездеги Борбордук партиялык, комсомолдук комитеттеринин көрсөтмөлөрү менен тапшырмаларынын да тиешеси болгонун жогоруда эскертип өтпөдүк беле. Мургап дүйнөсүнө жетип-жетпей жатып зор таңдануу, эркин чабыттоо менен жазган «Памир» ЭКЗОТИКАЛЫК ырынан кийин бул кайталанбай деле калды. Себеби, реалдуу жылаңач турмуштун жүрүшү башка экен. Мургаптын тумандуу кара шамалы менен кышкы суугу бетин келтире туурултуп туруп, тез аранын ичинде өзүнүн басчу жолуна салып койду. Жаш акын учкул кыялында жасап алган романтикалык-фантазиялык боёкторун шыпыртып таштап нагыз ачуу турмуштун өзүн мыктылап таанытып таштады. Анын реалдуу, предметтүү далил-мисалдары деп кайсыларды айтабыз? Алар кыйла бар. Негизгилер белгиленип келет. Ошентсе да жок дегенде  МАХАБАТ  лирикасына азыраак токтолбой өтүшкө таптакыр болбосо керек.

Дүйнөдө жаштыктын туңгуч лаззатын эсине салбаган, жеткенин шаттуу күү, жетпегенин арман күү кылып чалбаган адам табылбаса керек. Балалык, жигитчилик доорду башынан өткөргөн акын Анатай Өмүрканов да тирүүлүктө мындай таттуу күндөргө туш келбей, ачуу «ооруга» кабылбай калышы деле мүмкүн эмес чыгар.  Оозубуз жабылгыча «Жалгыздык» аттуу бул ыр көз алдыбызга тартылып калды. Мейли, конкрет таанышалы:

 

Ойлосом булуттар каалгып,

Токтолот тоодогу жаан лып...

Жагоодой жаркылдак жан эркем

Жар болдуң сен кимге таандык?!

 

Канатып карттанган жарамы,

Учуруп сен жакка санаамы, –

Өмүрдү өткөрүп келатам

Жап жалгыз тарткылап арааны...

 

Кубарат бир кулжа капканда

Адашат бир ак куу асманда, –

Жалбырак куланат бириндеп

Мен жалгыз бак жакка басканда.

 

Кайгым бар көптөргө байкалгыс,

Кайгым бар көптөргө айталгыс.

Аларды азайтып келатам

Өзүңө ыр жазып жапжалгыз...

(33-бет).

 

Мен муну психологиялык лирика дээр элем. Бардык күч ичине катылган. Оңой менен арылбаган өкүнүч, сыздоо, сагыныч бар. Ой-сезим узакка билинип-билинбей, туюлуп-туюл­бай жүрөк, боорун эзгилеп жүрүп, анан жарыкка чыккан ыр экендиги дапдаана байкалып турат. Мында жанрдын ички структуралык курулушу менен идеяны эркин айкалыштырып алып чыгуунун логикалык ырааттуулугу бири-бирине абдан төп келишет. Көркөм туюнтуу каражаттары жетиштүү. Түрдүүчө салыштыруу­лар менен оригиналдуу метафоралар, кызыктуу ассоциа­циялык ыкмаларга салынган туюнтмалар арбын пайдаланылат. Мисалы, мына бул саптардай: «Кубарат бир кулжа капканда, адашат бир ак куу асманда – жалбырак куланат бириндеп мен жалгыз бак жакка басканда».

Ушул жерден узабай туруп эскерте кетейин. Анатай Өмүрканов бардык жерде, бардык учурда, бардык ырларын баарыга түшүнүктүү адабий тилде жазууга ошол кезде эле толук жетишип алыптыр. Анын ырларынан Талас диалекти, Талас говору деп атагыдай айрым сөздөр, болбосо, беш жылдай Мургабда сүйлөшүп, угуп жүргөн кыпчактар менен каңлы, тейит, ичкилик топторунан кыргыз тилине ылайыкташтырып өздөштүрүп алган бир сөз, бир термин учурата албайсың. Ал эми аралаш жашаган менен, таптакыр башка тилдүү тажиктерден жуктурчусу кайсы болот. Эч нерсе сезилбейт.

Адабий тил менен илимий тилдин сабаттуулугу, ойлоо табиятынын сапаттык жагынан жаңыланышы – бүтүндөй маданий деңгээлдин жетилишин таанытат жана өзү типтеш бөлөк факторлорго кошулуп ошол баскычтын айырмачылыгын аныкташат. Ушул себептүү адабий тил менен илимий тил түп мааниси бузулбай, кабыл алынган эреже талапка жараша туура колдонулат. Сөзгө  тартылган байланыштар ичинде болгон үчүн, Анатай Өмүрканов өткөн кылымдын 1966-жылынан баштап, 1971-жыл (беш жыл) арасында жараткан ырлар профессионал жазма адабияттын профессионал өкүлдөрүнүн калеминен чыккан кадимки  с т и х о т в о р е н и е  тибинде жазылганын атайылап басым жасап айтып, бекемдеп белгилеп өткүм келет.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.