Кадыркул Даутов
КАНДАЙ АКЫН ОРИГИНАЛДУУ БОЛОТ, ЖЕ АНАТАЙДЫН АЧЫЛЫШЫ
Чөптөй жулса кайра өскөн
Жумурай журтта, балдарда...
Ырдын темасы жаңы болсо, сөзсүз түрдө идеясы да жаңы болору бештен белгилүү. Бирок, тема менен идея гана толук бүтчү көркөм чыгарманы жарата албайт да. Мында революция, партия, Ленин, тап күрөшү дегендей бардык калем кармаган чоң-кичине акын аттууларды жабылтып жаздырып келаткан тааныш үндөөлөр катышпайт. Дагы тагыраак айтсак, бир эле талапкер акындын иш-аракети, өзүнчө таптым деген ойлору, жалпы адабий түшүнүгү, негизги чыгармачылык мүдөөсү. Артыкча сөз жок, алар профессионал адис калемгердин чындап берген баасы эмес. Өзүнө өзү берген баасы. Бирок, баа азырынча каралып келаткан предметтин бир гана жандооч кыры, жаңыдан калың сүрмө топко аралашкан чагы. Анын үстүнө башка акындар көп кайрылган тема болбосун деп атайын ушул ырды бөлүп алдым. Жакындан сыр төгүшүп, сынооңдон өткөрчү болсоң, башталчу сөз токтоосуз шыр баштала берсин.
Ырды окуп чыкпадыкпы. Жаш акын мифологиялык каармандардай «чапса жарылбас, атса өлбөс жаны айыл менен адыр, түз жаткан таштарда» экендигин эркин жарыялап таштады. «Уу жутканга да, урса да» таптакыр өлүмдүн кудрети жетпегени, эми өмүрү ошол айыл тараптагы «созулуп жаткан сууларда» жүрөт. Аны колго түшүрүп алса деле жогото албайт тура. Жаны жулунса «кайра өсүп чыккан чөптөй болуп жумурай журтта, балдарда...» жашайт. Кыскасы ал үчүн өлүм жок. Ошондой зор күчтүн сырлары эмнеде болду экен?
Табияттын бузулгус закону: сөздүн түз маанисинде жер жүзүндө жандуулардын баары туулат, күн көрөт, өлөт. Башка жолу жок. Өтмө маанисинде: ким болсо да Сервантестин «Дон Кихотундай», Шекспирдин «Гамлетиндей», болбосо Гётенин «Фаустундай» өтө узун өмүрлүү гениалдуу чыгармаларды жаратып алып, анан ушундай бийиктен үн салса алда канча жарашып калмак. Бүгүнчө ашкере мактаныч, өзүн-өзү ырастап таап алуу зарылдыгы жаш акынды али катуулап изденүүгө сала элек. Түрдүү ички-тышкы тосмолорго урунуп, нукура эстетикалык категориялардын чен-өлчөм текшерүүлөрүнөн өтүп көрбөй, жаштык көңүл эргүүлөрү менен кыялый ишеничтердин сүрөөсүндө гана жүрүп келатканын көрүп жатабыз.
Эстетикада көркөм шарттуулук деген категория жашайт эмеспи. Балким, кайсы бир окурман ошол форма колдонулуп бизге жетпей жаткан чыгар деши да ыктымал. Андайлар жокко эсе, болсо да табигый түрдө жуурулуша албайт. Ушундай эле чоң сөздөр, ашкере иргелип табылган эң күчтүү көркөм туюнтуу каражаттары менен өтмө мааниде, символикалык, көркөм шарттуулук ыкмаларын А. Осмонов деле колдонуп жатат. Аныкы да өзүн-өзү баалоо. Бир айырмасы, алар психологиялык, эстетикалык, логикалык жагынан да көңүлдү кайт кылбай жагымдуу кабыл алынат. Ортолукта атын атап айтып, конкрет көрсөтүп берерлик кандай өзгөчөлүк бар? Ажыратып алыш милдет.
«...Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү, буудан болуп
таскак салып өтөрмүн» (Алыкул Осмонов. Ф.: Кыргызстан, 1964. Т. 1. 217-б. «Эскерме»). «...Кырдан туруп, арт жагыман карасаң: мен аткан ок, токтоосу жок учкан шыр... Түзгө чыгып каршы алдымдан карасаң, мен айбаттуу тоо көтөргөн бир баатыр» («Мен жүргүнчү» – 335-б.). «...Мен өзүмдү бир кылымдан карасам, тээ алыста шаң ызгыткан чаң чыгат. Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан эрдигинен нечен түркүн жан чыгат» («Өзүмдү өзүм». – 385-б.).
Адегенде акырын аңдаштырып көр. Буларды окуганда (кыскартылып берилсе да) бир гана көркөм сезимиң козголуп кирбейт. Адегенде түрдүү мааниде көңүл бургузулат. Себеби процессте бардык салаа камтылып жатат. Ой жүгүртүүгө тартыласың, ичкертен чоң кызыгуу туула баштайт. Анан кыргыз поэзиясынын салтында мындай ыкмаларга салып жазуу болгон-болбогонун териштирип киресиң. Поэзияда эч кимдикине окшоштурбай өзүнчө эркин жаза алууга жетишкен талантка алдыда жол ачыла берерине бекем ишенич жаралып, таасирдүү кабыл алынып кеткенин билбей деле каласың.
Алыкул Осмоновдун «Тоо көтөргөн бир баатыр» болуп көрүнүп, «Өлсө дагы жара тээп мүрзөсүн, буудан болуп таскак салып өтүп, – тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыкканы» – чындап өзүн-өзү таап, өзүн-өзү ачып, адабиятта кылымдан кылымга токтоосуз өтүп келе берчү бийик ордун ээлеп койгону. Аны м е з г и л да аныктап жатат...