Жоомарт БӨКӨНБАЕВ
Менин ырым: Тандалмалар
Эл достугу аскадай,
Бузулбаган кез ушул.
Эркин учуп туйгундай,
Кыз ырдаган кез ушул.
Тоонун жакшы гүлүндөй,
Өмүр өскөн кез ушул.
Толкуп жаткан деңиздей,
Көңүл өскөн кез ушул.
Майдан ыры
Жайнап өскөн гүл мына,
Жашыл сайма түр мына,
Жаркыраган алтын туу
Жайдар сонун күн мына.
Булбул сайрап талдагы,
Чолпон балкып таңдагы.
Өлкөм бүгүн шаңданат:
Жыргал, күлкү майрамы.
Кызыл-тазыл кийинген
Кыз-келиндер бир сонун,
Кырка-кырка тизилген
Жаш берендер бир сонун.
Асман менен айланган
Канаттуулар бир сонун,
Жаркын турмуш сакчысы
Жарактуулар бир сонун.
Эркелеген таалайга,
Элим бүгүн каткырат,
Эркин өсүп тапталган,
Шумкар бүгүн талпынат.
Эрик кызы
Таң сүрүп, жарык атканда,
Эрик жел ойноп чапканда,
Уяда жаткан үргүлөп,
Балапан канат какканда,
Каптап турган сур булут
Кеткенде калбай асманда,
Көкөлөп учтуң шаң менен,
Нур жутуп эргип асманга.
Чарк айланып, чарк уруп,
Барабанды тарс уруп,
Кызылга бойду безедиң,
Белиңе кайрат тартынып,
Билимди жуттуң булактай
Сезимиң, оюң артылып.
Канатың өстү жибектей,
«Ак саргыл жүнүн» калтырып.
Шаңшытып чалып комузду,
Сайраттың булбул добушту.
Саймалап турат жаңылык
Шибердүү, жаңы конушту.
Жибек саамай, акак тиш,
Салындың кызыл жоолукту,
Жаңынын салтын колдонуп,
Жоготтуң эски жорукту.
Туш-туш жактан добулбас
Чыгарды сонун көркүңдү.
Мөмөдөй болуп мөлтүрөп,
Жаштардын шаңы өөрчүдү.
Куттуктап, мактап тоюңду,
Жүрөктүн күүсү чертилди.
ПОЭМАЛАР
Өнүмдө көргөн түш
Саймадай гүлгө жарашкан
Сайраган булбул үнү эле,
Акындын көөнүн толкуткан
Ай жарык, жылуу түн эле...
Элимдин болгон дарканы
Эрлерди өткөн эстедим,
Учуна чыкпай кыялдын
Үргүлөп уктап кеткемин...
Жылдыздай калкым жыбырап,
Жыйналып жыйын куруптур,
Шарпылдап долу Ысык-Көл,
Шамалсыз толкуп туруптур...
Көп үйлөр катар тигилген,
Көк ала майдан шиберге,
Шыңкылдап кыздар отурат,
Жибектен соккон килемде.
Атандар жатат чөгүлүү,
Алтындар жатат төгүлүү,
Асаба туулар кылкылдап,
Адамдын толкуйт көңүлү...
Аңкыган жыты жыпардай
Айлана көркөм караса,
Кубантып жанды нур чачат,
Күн менен чолпон жанаша...
Шааниге салып асманды
Шаңшыган бүркүт көрүнгөн,
Жаркырап, балкып ай чыгып,
Жарыгы жерге төгүлгөн...
Сызылат тоодон жылтылдап,
Сымаптай суусу булактын,
Комузду коштоп кубулжуйт
Коңур күүсү кыяктын...
Тамаша... сайран... салтанат
Таң калып карап турамын.
«Кандай той, кандай жыйын?» – деп,
Кара чач кыздан сурадым.
Жоодурап турган сулуудан
Жоопту мындай угамын:
– Обочо турган карыя
Ошондон барып сурагын.
Ак боз ат минген бир киши
Агарган сакал карга окшойт,
Далысы шумкар мүрүдөй
Далайды көргөн жанга окшойт.
Маңдайы сары жылдыздай
Балбылдайт эки көздөрү,
Он миң-сан элди каратат
Оозунан чыккан сөздөрү...
Кабылан сындуу карашы
Кайратка бүткөн эр экен,
Агасы болгон журтунун
Акылга дыйкан эме экен...
Баш ийип, колун куушуруп
Барганда басып жанына,
Башкача назик үн менен
Баштады сөзүн карыя:
«– Келет деп сени күткөмүн
Керемет жыйын сонунга,
Сүйлөй бер кандай кебиң бар?
Сүрдөнүп, уулум, корунба!..
Сагынып тосуп аламын,
Саламын сендей баламдын,
Таалайың тилеп картайган
Тааный жүр, Бакай абаңмын.
– Карачы калкым чогулду
Кайратка ташып эреркеп,
Кадырлап баккан балдарын
Казатка бүгүн жөнөтмөк...
– Кара курч болот зулпукор
Кармагын, сага жасаттым.
Айтылуу кыргыз кулуну
Ардагым сага жасаттым...
– Ай чапчып турган аргымак
Минет деп сага камдадым,
Айтылуу кыргыз кулуну
Киет деп сага камдадым.
– Өрүшкө толгон калың эл
Өстүргөн сени топ ошол,
Өчөшкөн кара душманды
Өрттөөчү кызыл чок ошол!..
– Береги турган шаңданып
Бежинди чапкан кол ошол,
Бейлинен танган душмандын
Бетине бүткөн шор ошол!..
Айбанбоз минип алдыма
Айбыкпай колду баштадым,
Кылымдан балам көрбөгөн
Кыргыздын жоодон качканын.
– Жалындай тийгин душманга
Жашынып үйдө жатпагын,
Батамды, уулум, берейин
Бабаңдын даңкын актагын!
– Куралын таштап колунан
Кулдукка кыргыз көнбөгөн,
Кыяндай каптап келсе да,
Кыргызды душман жеңбеген!..
– Эрлерди көрсөм деп ойлоп
Эзелтен көксөп самадың,
Көрсөтүп баарын чыгайын
Көзүңдү жумбай карагын!
– Тээтиги
Маралдай сулуу ат минип
Башкарып турган көп элди,
Башкача бүткөн көркүнө
Башкалар кайдан теңелди!