Эрнест Хемингуэй

Чал жана деңиз

Эрнест Хемингуэй

– Мен дагы, – деди бала. – Азыр барып сенин живецтериңди, биздин сардиналарыбызды алып келейин. Менин чалым шаймандарды өзү ташыйт. Буюмдарын башка бирөө ташышса жаман көрөт.

– Экөөбүздүн мамилебиз андай эмес. Мен шаймандарымды сага беш жашыңда эле берчүмүн.

– Билем, – деди бала. – Күтө тур, азыр эле келем. Кофеден дагы ич, биерде бизге карызга беришет.

Ал маржан рифин[11] жылаңайлак буттары менен чалпылдата басып, живецтер сакталган муздаткычты карай кетти. Чал кофеден шашпай ууртап коюп олтурат. Бүгүн мындан башка тамак ичпесин билет. Ошондуктан кофеге аябай тоюп алыш керек. Тамак ичүү шаан-шөкөтү аны алда качан эле тажаткан, ал деңизге чыкканда тамак ала жүрчү эмес. Кайыктын баш жагында бир бөтөлкө суу турат, андан башка кечке чейин ага эч нерсенин кереги жок.

Сардиналарды, газетага оролгон живецтерди алып бала келди. Балыкчылар тамандарынан өткөн майда ташты тепсеп, кайыкты саал көтөрүп туруп сууга түртүштү.

– Жолуң ачылсын, абышка.

– Сенин дагы.

Чал калактардын жиптен жасалган илгичтерин казыкчаларга илип, бир аз алга обдулуп, караңгыда кайыкты гавандан чыгара баштады. Башка тайыздыктардын деңизге бөлөк кайыктар да чыгууда, ай дөңдөргө жашынып, чал аларды көрбөсө да, калактардын шарпылдатып сууну эшип жатканын угуп турду.

Кез-кезде кээ бир кайыктардан кобур-собур үндөр угулат. Бирок кайыктардын көпчүлүгүндө жымжырттык өкүм сүрүп, калактардын шарпылдаганынан башка добуш жок. Булуңдан чыккандан кийин кайыктар туш-тушка тарап кетишти, балыкчылардын ар кимиси балык бар деп үмүт кылган жерлерине жөнөштү. Чал болсо мурунтан эле жээктен алыс кетүүнү чечкен; жердин жытын артына калтырып, океандын эртең мененки салкын демин түптүз бет алып кетип баратты. Океандын «чоң кудук» деп балыкчылар атаган жеринен өтө берерде, суу түбүнөн жылтыраган балырды көрдү. Биердин түбүнүн тереңдиги чукул эле жерден тупатуура жети жүз саржан төмөн кетет; биерде ар түрдүү балыктар чогулат, анткени суунун агымы деңиздин түбүндөгү типтик жантаймага соктуга берип, ирим болуп калган. Биерге сансыз креветкалар[12] жана майда балыктар чогулат, эң эле терең жерде кээде жыбыраган каракатидалар[13] топ-топ болуп самсып жүрүшөт; түн ичинде суу үстүнө чыгып, жортуулдап жүргөн балыктарга жем болушат.

Караңгыда чал таң атарын сезип турат; калак шилтегенде дирилдеген добушту угуп калды – бу суудан сүзүп чыгып, катуу канаттарын зуу-зуу эткизе, учма балыктар сызып өтүп жатканы. Чал учма балыктарга өтө эле мээримдүү карайт, анткени биерде, океанда жүргөндө, алар анын эң жакын достору. Куштарды аячу. Бөтөнчө жан-алы калбай безилдеп учуп жүрүп издеген тамагын табалбаган кичинекей, назик деңиз чардактарына боору ооруйт. «Тарпчылдар менен чоң, күчтүү куштарды эсептебесек, канаттуулардын турмушу биздикинен да оор. Океандын кээде өтө ырайымсыз болуп кетерин билип туруп, эмне үчүн куштарды деңиз чабалекейлериндей назик жапа алсыз жараткан? Океан март жана сонун, бирок кээде өтө эле ырайымсыз болуп кетет, жемдин артынан сууга чүмкүп кирип, муңдуу үн менен бири-бирин чакырып учуп жүрүшкөн канаттуулар океан үчүн өтө эле назик келишет» – деп ойлочу чал.

Чал деңизди өз оюнда la mar деп атайт. Деңизди сүйгөн кишилер гана аны испанча ушинтип аташат. Кээде деңизди сүйгөндөр да деңиз жөнүндө жаман айтышат, бирок аял жөнүндө сүйлөшүп жаткансып сүйлөшөт. Акуланын боору кымбат болуп турган күндөрдө моторлуу кайык сатып алышкан балыкчылардын ичинен чыккан жаш балыкчылар деңизди эркекти айтып жаткансып el mar деп аташат. Алар деңизди мейкиндик жөнүндө, тең тайлашчу жөнүндө, анан калса кээде душманы жөнүндө сүйлөшүп жаткансып аташат. Чал болсо деңиз жөнүндө өтө мээримдүүлүк менен берилген же болбосо ырайымдыгын унуткан аялды айтып жаткансып сүйлөчү, океан кээде ойлобогон же жаман иш кылса, айла канча, аялдын жаратылышы ошондой да. «Ай деңизди аялдай толкундатат», – деп ойлочу чал.

Чал күчүн салбай, шашпай, ырааты менен калак шилтейт, анткени айлампасыз жерлердин баарында океан мелмилдеп тынч. Ал ишинин үчтөн бир бөлүгүн агымдын жетегине берип койгон, ошондуктан таң агара баштаганда жетем деген жеринен небак эле өтүп кетиптир. «Терең жерлерден бир жума уулап эч нерсе кармай албадым, – деп ойлоду чал. – Бүгүн бонито менен альбакоренин[14] топтору жүргөн жерден бактымды сынап көрөйүнчү, балким, чоң балык да ошо жерде жүргөндүр?»

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.