Эрнест Хемингуэй

Чал жана деңиз

Эрнест Хемингуэй

Чал таң ата электе эле жем сайып кайырмактарын салды да, агым менен акырын жыла баштады. Бир живец кырк саржан тереңдикке, экинчи жетимиш беш саржан тереңдикке жеткен, үчүнчүсү менен төртүнчүсү көгөргөн сууга жүз жана жүз жыйырма беш саржанга чөккөн. Живецтердин башы төмөн карай салаңдап турат, анан дагы кайырмактын түз жагы балыктын ичинен өткөрүлүп, бекем байланып тигилген; кайырмактын өзүнө болсо – анын ийри жагы менен учуна – чал бала кармап берген сардинаны жыш сайган. Кайырмакка эки көзүнөн өткөрүлгөн сардиналар тасмадай болуп салаңдап турат. Чоң балык кайырмакка жакындап калса, анын жегиликтүү таттуу жытын ошол замат сезер эле.

Бала чалга эки жаңы тунец берген. Чал аларды тереңирээк салынган кайырмакка сайды да, калган экөөнө чоң көк макрель менен сары умбрицаны[15] сайды. Аларды чал мурунку жолу да пайдаланган эле, бирок алар азыр деле жакшы сакталыптыр, сонун сардиналар аларга жакшы жыт берип, кызыктырып турат. Балык жемге араң эле тийип кеткенин байкап калыш үчүн чал жоондугу сөөмөйдөй болгон кайырмактын боосун солкулдак чыбыктарга илип койгон, жиптер узундугу кырк саржанга жеткен дагы башка жиптерге байлоого болот, ошентип, керек болсо балыкты үч жүз саржандан ашык жерден уулоого мүмкүнчүлүк бар. Азыр чал көк чыбыктарды карап коюп, жиптердин сууга типтик жана тийиштүү тереңдикке кетишин байкап, кайыкты акырын айдап баратты. Жарык болуп калды, биртикеден кийин күн да чыгыш керек.

Күн көрүнөр-көрүнбөс деңизден көтөрүлгөндө чал башка кайыктарды көрдү; алар агымдын туурасын бүт ээлеп, сууга батып турат. Анткени менен бул кайыктар жээкке жакыныраак. Ана күн ысып, нурлары жаркырап деңиздин бетине чагылышты, күн горизонттон өйдө көтөрүлгөндө, нурлары көздү ачыштырып, деңиздин бетин жаркыратты. Сууну карабоого умтулуп, чал кайыгын айдап баратты. Ал караңгы тереңдикке кеткен кайырмактын жиптеринен көзүн албайт. Анын жиптери башка балыкчылардын жиптеринен түз кетчү. Караңгы сууда, ар кандай тереңдикте, чал болжогон жерлерде жем балыкты күтүп турат. Башка балыкчылар шайман-аспаптарын агымга бош коё беришет, ошондуктан алар шайман-аспаптарын жүз саржан тереңдикке салдык деп ойлошсо, чынында жем алтымыш саржан жерге жетпей жүрө берет.

«Мен шайман-аспаптарымды дайыма туптуура салам, – деп ойлочу чал. – Ошентсем да ишим оңунан чыкпай койду. Бирок ким билет? Балким, бүгүн бактым мага да жылмайып коёр. Бүгүнкү күн кечээкиге окшобойт эмеспи. Албетте, адамдын иши оңунан чыгып турса жакшы дечи. Бирок мен ишимди так аткарганды туура көрөм. Бакыт келе турган болсо, мен ага даярмын».

Күн чыкканына эки сааттай болду да, чыгышты караганда көз анчалык ачышып оорубай калды. Эми үч эле кайык көрүнүп турат, бу жерден алар сууга таптакыр эле чөгүп кеткенсип жана жээкке кадалып калган сыяктанат. «Эртең мененки күн өмүр бою көзүмдү ачыштырат, – деп ойлоду чал. – Ошентсе да көзүм жакшы көрөт. Кечинде күндү карап тура алам, көзүм караңгылабайт. Кечинде күн өтө күчтүү тиет эмеспи. Бирок көзүмдү күн эртең менен оорутат».

Ушул учурда ал узун кара канаттарын жайып, асманда айланып учуп жүргөн фрегатты[16] көрүп калды. Канатын куушуруп, куш ылдый катуу сызып кирди да, анан кайтадан көтөрүлүп айлана баштады.

– Олжосун көрдү, – деди чал үн чыгара сүйлөп. – Бекер айланбай калсын.

Чал кайыгын куш айланган жакты көздөй айдап, калактарды акырын, бир калыпта тарта баштады. Ал кайырмактын жиптери сууга типтик кирсин деп шашпай байкап барат. Бирок кайык суунун агымынан батыраак жылат да, чалдын балык кармоосу мурдакыдай эле туура болсо да, анын кыймылы фрегатты көргөнгө чейинкиге караганда тезирээк эле. Фрегат бийигирээк көтөрүлүп, канатын кыймылсыз жайып кайта айлана баштады. Анан күтпөгөн жерден сууга чүмүп кирип чыкты. Чал ошондо суудан учма балык ыргып чыгып, жанынын бардыгынча сабалап суунун үстү менен учуп баратканын көрүп калды.

– Макрель, – деп чал катуу айтты. – Чоң алтын макрель.

Ал калагын суудан сууруп, кайыктын баш жагында далдаада жаткан жипти колуна алды. Жипке зым менен байланган кичинекей кайырмакка сардина сайды. Кайырмакты сууга салып, анын бир учун кайыктын артына бекитилген шакекчеге байлады. Анан дагы бир кайырмакка жем сайып, жибин оролгон бойдон кайыктын ичиндеги көлөкөгө таштады. Калактарды колго алып, суунун үстүнө жакын учуп балык уулап жүргөн канаты узун кара кушту карап олтурду. Куш канатын куушуруп сууга кайрадан кирди да, учма балыктын артынан кууп канатын чапкылап, шашкалактап жөнөдү.

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.