Сардарбек Рыскулов
КАРА ШУМКАР
Акыры кандай зор күчү бар балбан болсо да — жалгыздын иши жалгыз экен го чиркин! Тиги түгөйү болгондо эмне? Анда эки-экиден болушпайт беле. Ителгилер жеңет беле, бүркүттөр жеңет беле аны ким билсин? Жана мурункусун жалпая электе бул берен кайда жүргөн? Анда оюнда эч нерседен кам жок тээтиги заңгелдин башындагы соройгон шиш чокунун учунда кечки чабыттуусун күтүп олтурбады беле. Бул кайраның качан гана түгөйү уянын оозунан ойду карай сорок дей түшкөнүн көргөндө жүрөгү болк этип ордунан козголо түшүп, алда кандай болду деп асманга атып чыккан болучу. Мына эми кайран гана баатыр, кайран гана шер. Күнү кечээ учу-кыйырына көз жетпеген көгөргөн асмандын ээси жалгыз өзү болуп, менменсип жүргөндөрдүн бири эмес беле? Карачы эми муну, кордук деген ушул экен да? Өзүнүн он бөлүгүнүн бир бөлүгүнчө келбеген муштумдай эки ителгинин алдына түшүп, зор башы кор башы болуп, ал-күч, кайратынан тайып, артуудан-артуу, белден-бел, кырдан-кыр ашып, бет алган жагын көздөй «кылак-кылак» деп жан соогалап качып баратканын. Ай-ай-ай!.. Турмушуң кургур! «Баатырдын башына иш түшсө бараарга багыт, батарга чуңкур табылбайт» деген ушул экен го чиркин! Бири кем жалган дүйнө! «Төө арык болду, дөө карып болду» деген ушу да. Качкан жоону качырган жоо койчу беле? Баягы эки кара ителги бүркүттүн артынан сая түшкөн боюнча кетишип, кайра бири-бирин куушуп бат эле баркылдап жетип келишти. Каардуу жоосун жеңгенде адамдыр, айбандыр же канаттуу куштур кубанбай койчу беле? Жүрөгү жарылганча сүйүнүп, маңдайы кашкайганча жаркылдабайбы. Буларга да ошондой кубаныч пайда болгон көрүнөт. Далайга чейин уяга келишпей бири-бирин ойкуп-кайкып кубалап, кайта кайта барк-барк үн чыгарышып, каардуу душмандарын айыгышкан салгылашта кайсап таштагандарына жетине алышпай, жеңиш менен аяктаган эркиндиктерин даңазалашкандай бири-бирине айкалышат, даң салышат. Бир аз мурун айыгышкан согуш болуп өткөн бүдүрү жок көк асмандын жүзүн жарк эттирип күлкү-кубанычка чайып, далайга чейин ары-бери куушуп ойноп жүрүштү. Анан бүркүттөн тартып алган бийиктеги уянын оозуна биринин артынан бири канат ирмебестен сызып келишти да, чабалекейдей окшошуп катар олтуруп калышты.
Ал эми баягы качкан «баатырдын» тагдыры кандай болду экен? Кандай болмок эле, алкүчтөн ажыраган шордуу, жан соогалап кетип баратып тоо-таштын бирине урунуп өлгөндүр, а балким тиги артынан сая түшкөн эки оен аны аямак беле, кууп, олтуруп жерге жабыштыра жалпайта тээп, оозунан кара канын кулгуткандыр. Мамбеталы саятчы отуз жыл бою кышкысын куш күйүп, жазгысын ителги, бүркүттөрдүн балапандарын алчу. Бой тарткандан бери канаттуу куштар менен аралаш өскөн адам. Көл айланасында чанда бирөө болбосо, андан озгон, андан кыйын саятчы мүнүшкөр жок. Ошол отуз жыл өмүрүнүн ичинде мындай шумдук, мындай кызык окуяны биринчи жолу көрүп, биринчи жолу үстүнөн чыгып олтурат. Мамбеталы ар кыл ойго батып, ат үстүнөн башын шылкыйтып Көл кылаасындагы үйүн карай кеч бешимде жолуна түштү.
ЖАЛГЫЗ БАЛАПАН
Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду.
Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою алгыр канаттууларга асылып жүрүп бүркүттөрдөн, бүркүттөр болгондо да кандай бүркүттөр дейсиң, апыртып айтканга алп кара куштай бүркүттөр, ошолордон уяны тартып алган мындай баатырларды Мамбеталы өмүрүндө биринчи жолу көрүп олтурат. Анан кантип бул экөө эстен кетсин, кетпейт да. Барган сайын суу жээгиндеги жашаңга атын жайдактап коё берет да, көрпөчөсүн астына төшөп, ээр токумун башына жазданып бирде үргүлөп, бирде ойгонуп уйкулуу көздөрүн ачакей жумакей кылып, баягы бийик зоодогу бүркүттүн уясын анда-санда тиктеп коюп кырданып жата берет.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.