Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

Ар биринин тууру ар башка, бөлөк-бөлөк. Бирине-бири жакындабайт. Мамбеталы быйылкы жазда азап-тозок менен колго түшүрүп келген баягы жалгыз балапанды убадасы боюнча баласы Кырмантүпкө энчилеп берген. Ага татынакай кооз томого тигип, томогонун сыртына жаркырата күмүш чаптырып, ак, көк, кызыл жибектен чыйратып туруп, төбөсүнө калпактын чачысындай чачылатып койгон.

Апасы Кырмантүптүн колуна чак мээлей тигип, атасы жумшак кайыштан балапандын билегин өйкөбөгөндөй боо тагып берген. Кара балапан тиги үйдөгү канаттуулардын эркеси, өзүнчө бөлөк туурда, өзүнчө бөлөк үйдө олтурат. Кара балапанды Мамбеталы чыргага да, далбаага да көндүрүп таштады. Кушту үндөкчүл кылгандай ителгини да далбаачыл кылып коёт мүнүшкөрдүн мыктылары. Далбааны булгаганда ителгилер алда кайдан келет.

 Кара балапан чоң ителги болду. Канат куйругу жетилип, тырмак, тумшуктары өсүп курчуду. Өңү да кузгундай капкара, эки көзү да бышкан алчадай туптунук. Куйруктун алдындагы үкүнүкүндөй жумшак ак жүндөр көөлөп койгондой, шумкардын белгилерин алардын бетине даана түшүргөн, эч жеринде орой белгиси жок чыныгы даана касма шумкар экендиги жүндөрү, канат-куйруктары жетилгенден тартып ачык билинип калды.

Чырга тартса да, далбааны булгаса да алда кайдан келет. Айрыкча балапанында колго түшкөн алгыр канаттуулар Качканды билбейт эмеспи. Жакшы көндүрсө кол баладай болуп калат. Кара балапан да дал ошондой болду. Кыска боосу менен агытып жиберсе үйдүн тегерегинен кетпей учуп конуп жүрө берчү болду. Мамбеталы бул бала шумкарды адегенде жапан казга, анан тоодакка окшош бакма каздын бозаласына тирилеп туруп, ошондон кийин тоодакты көрсөтөм деп жүргөн.

Бирок ал оюна жетпеди Мамбеталы. Күзгө тартканда Чырпыкты, Саркамыштын тоого жакын өндүрүндөгү боздорго тоодактар толуп кетет. Бери болгондо отуз-кырктан жайылышат. Мамбеталынын дамамат тоодак алып жүргөн көк кушу бар эле. Көк куш быйыл эрте түлөгөн. Тоодакка салам деп аны семиз этинен бастаткан Макең. Көк куш кылтабында, бычактын мизиндей илеп тартып, делбетап болуп турган кези. Колдо түлөсө да эски жүндүн бир талын калтырбай жапан куштай болуп таза түлөгөн.

Мамбеталы ошо күздүн күндөрүнүн биринде көк кушту тоодакка алып чыкты. Ал куш саларда жалгыз аттанчу эмес. Дамамат аны ээрчиген жанында үч-төрт жолдоштору болот. Ошол күнү кой десе болбой тайын токунуп, шумкарын кондуруп Кырмантүп да токчоюп ээрчип алды. Алар бастыра түшкөндө Саркамыштын өндүрүнөн жайылып жаткан жоон топ тоодактын карааны көрүндү. Табына келген көк куш колго токтобой талпына баштады.

 Тоодактар башка илбесинге караганда өтө сак келет. Келаткан элдин тобун алыстан көргөндө эле укуруктай мойнун койкойтушуп козголо башташты. Учарында тоодактар чогула түшөт эмеспи. Аны билген кыраакы мүнүшкөр жолдошторунан бөлүндү да, кушун аттын оң капталына далдалай кондуруп, тоодактар бер жакта калган кишилердин караанын улап алаксый калган кезде курч аттын өкүмүнө салып ыксы коюп, уча берерде көк кушту уруп калды.

Көк куш жаңыдан түндүк бою көтөрүлүп бараткан тоодактардын биринин төшүнө шып жабыша калып бакырткан бойдон жерге алып түштү. Бери жакта атчан тургандар дабырата чаап жөнөштү. Мамбеталы алардан мурда жетип куштан тоодакты ажыратып жатканда, анын үстүнөн Кырмантүптүн кара шумкары узун боосун чубалжыткан бойдон тигил узап калган тоодактардын артынан шуулдап учуп баратканы көрүндү.

Мамбеталы Кырмантүптү шумкарын тоодакка салат деп ойлогон эмес. Бүгүн салба деп өзү да эскерткен. Анткени тоодакка шилтегенге шумкардын даярдыгы жок болучу. Кырмантүп да атасынын тилин алып, шумкарын коё бермек эмес. Бул иш кокусунан болду. Качан гана көк куш тоодактын бирин илип түшүп, калган тоодактар учуп жөнөгөндө, бала эмеспи, кантер экен деп Кырмантүп кара шумкардын томогосун тарткан. Ошондо шумкар колдон атып кетип, бош кармалып турган узун боо капылеттен чыгып кетсе болобу, мына кызыкты көрсөң. Куш менен тоодакка асылып жаткан Мамбеталы тигилерге шаша-буша кол булгап кыйкырып калды. «Артынан, артынан». Бала шумкар тоодактарды үзө качырып узатпай жетти.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.