Мухтар Ауэзов

КӨК ЖАЛ

Мухтар Ауэзов

Ошентип, экөө бирин бири аңдыша далай күн топ карышкырды баштап жүрдү. Экөө жупташа жортсо да, жүгүрсө да тең жүгүрөт, эгер бирөө биринен карыш эле озуп кетсе, ошол замат же буттан, же капталдан тиштеп токтотот.

Ай жарык болгону менен шамал жок, тынч, тишке илинер эч нерсе жок, баары ачка. Көксеректин каары кайнайт. Топ карышкыр экөөнөн алыс, артта эле. Ошол убакта эки көк жалга жакын эле жерден бир коён катуу секирип, жанталаша качып жөнөдү. Көк жал, Көксерек экөө тең жарыша коёнго жетип, жара тартып эки бөлүп кетишти. Экөө оозуна тийгенин бүкүлү бойдон ач көздөнө сугунуп жиберип, анан өчүккөн эмелер бирине-бири тап койду. Төрт бутунун алдында кар тозоңу сапырылып, азуусу тийген жерлерин карсылдата үзүп ыргытышты. Кагышкан курч азуулар талаа тынчтыгын бузду.

Эки көк жал ыркыраша арткы буттары менен тик тура калышып, баскан жерлери оюла тирелишет. Көз ирмемче экөө ажыраша түштү.

Кары көк жал Көксеректин омурткасын жара чайнап, күм-жам кылууга эми чындап умтулду. Бирок Көксерек андан чапчаңдык кылды, кадимки айылдык иттердин ыкмасына салып, шап тигини кулак түптөн алды. Ошол бойдон мойнун кыса толгоп барып көк жалды басып алды. Кычкачтай карышкан тиштери матаган бойдон мойнун сындырды.

Картаң көк жал аргасыздан тишин арсайтып, кар үстүнө бир жак капталынан жатып калды. Ошол убакта жетип келген аркадагы топ карышкыр, тигини заматта талаша үзүп-жулкуп жеп, сөөгүнө чейин сугунуп коюшту. Жарадар болуп жаткан карышкыр чоочунбу, же чоочун эмеспи, жаткан жеринен бири-бирин жеп кете берүү – алардын салты.

Жылкычылар күн-түнү аттан түшпөй кайтарса да, эч жардам болгон жок. Буга чейин мындай коркунучтуу кырсык Кара-Адырдын чет жакасында болгон эмес. Койчуларды каратып туруп, койлорун кырып кетет.

Көксерек топ карышкырды эми жеке өзү баштап, күн баткандан таң атканга чейин кыштоолорду бүт кыдырып, бүт айылга чуу салат. Башка карышкырлар тойгондон кийин оор тартып, эс алгысы, уктагысы келет, бирок Көксерек алардын каалаганындай эс алышына мүмкүнчүлүк бербейт. Ал кээде каарданганда канчык карышкырларды да баса калып талап коё турган. Алар болсо жаалдана ыркырап, азуусу жетиле элек жаш карышкырлардан өч алуучу.

Топ карышкыр талаага бет алганда сел каптап, көчкү жүргөндөй, алдынан чыкканын мойсоп кетүүчү.

Бир жолу уюшкан топ карышкыр адамга да кол салууга батынды. Жолоочу чана чегилген ат менен жолдо жалгыз өзү кетип бараткан. Адам чубактай каттаган жолдо киши бара жатса, мындайда адатта карышкырлар батынып келе албайт, Көксерек болсо көрөрү менен көпкө карап ыргылжың болуп турбастан, кулагын жапыра артынан кууп жөнөдү.

Ат үрккөн бойдон ала качты. Топ карышкыр тигини дыргаяктата кууп отуруп, жолун тосо күрткүгө камады. Чана күрткүгө тыгылып, ат мүдүрүлүп жыгылды. Артында кууп келе жаткан карышкырлар атты тургузбай басып калышты.

Жолоочу коркконунан эс-акылын жоготуп, чанадан кулап түштү да, калың карды жиреп туш келди качып жөнөдү. Көксерек аны байкап калды да, чанадан аша секирип, качкан кишинин артынан кууп жөнөдү. Эки карышкыр көк жалга удаалаш артынан жүгүрдү.

Көксерек тамаша куруп, өзүн сынап көргүсү келдиби, алдын тосо имерилип келип, кишиге бетме-бет чыкты. Канчык карышкырлар өзү жеке коргоосуз калган бул эки буттуу кишинин артка кетчү жолун торой, оңтойлуу учурду күтүп турушту. Алар көк жал эмне кылар экен? Бул эки аяктуу кишини көк жал жыгаар бекен? – деп чыдамсыздана күтүштү. Ошол кезде жакын жерден угулган аттардын туягынан чыккан үн, адамдардын кобураганы угулуп, киши аман калды. Эки аттуу кыйкыра чуу салып, тик ылдый колотко чаап түштү.

Көксерек ошондо гана үстүнкү жаагын тырыштыра атчандарды карап коюп, аттуулар баралбас жакка тезирээк кетүүгө ашыкты. Топ карышкыр тигилерди артка таштап, ээн талаага житип кетишти.

Дагы бир жолу Көксерек ачык талаада адамга кол салууга аракеттенди. Бул күндүз болду. Талааны чыкыроон аяз каптап турган. Асманда ак булуттар аркы-терки көчүп, күн булут арасынан канталаган каректерин көңүлсүз кызартып карап коёт. Кар тозоңу ышкырат.

Абайлап баскан карышкырлар айылга жакындаган сайын оозунан чыккан буу катуу аязда көк түтүн чыккансып буркурайт. Ошол кезде күтүүсүздөн эле кыштоо тараптан эки өркөчтүү төө чыгып, түз эле топ карышкырга карай бет алды. Эки өркөчтүн ортосунда жалгыз киши отурат. Башында орогон ак илекиси бар – бул аялга тийиштүү баш кийим экенин Көксерек билет.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.