Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Кара-Адырдын чыгыш жагы бүт бойдон баткактуу чөлмөк, чөлмөк туздуу көл боло турган. Анын айланасына камыш аралаш бадал өсчү.
Жер ээн болгондуктан канаттуулар ушул жерге келип түнөшөр эле. Көлдүн айланасы көгөрүп, кулпурган жаздын бир күнүндө ак канчык Көксеректи ушул жерге баштап келди.
Эми Көксерек өзү турган жерден алыскы айылдын малына барып жүрдү. Канчык карышкыр болсо ийинден алыстабай канаттуулардын жумурткасын таап жеп, ошону менен тамактанды.
Күндөрдүн биринде Көксерек койдун куйругун көтөрүп келгенде, канчыгы алдынан демейдегидей тосуп чыккан жок. Көксерек тынчсыздана буту менен жерди аткып-аткып ыргытканда гана канчыгы ийинден сүйрөлүп араң эле чыкты.
Ийинден буруксуган тааныш эмес жытты сезди, Көксерек ошол замат айбаттуу ырылдап, ийинге башын салып жаңы туулган бөлтүрүктү тиштеп ийинден сууруп чыкты. Канчык карышкыр тап берип, каршылык көрсөтсө да, бөлтүрүгүн ажырата алган жок.
Көксерек көзүн ача элек кичине бөлтүрүктү бир силкип жерге чаап, булкуп ыргытып, тоголок кесектей томолотуп, анан жийиркенгендей башынан ашыра ыргытып жиберди.
Бурулуп карап, ийиндин жанында жаткан канчыгын көрдү, ийинден энесине карай башка бөлтүрүктөр боортоктоп келип, желинин сыйпалап соро баштады. Көксерек бөлтүрүктөрдү көрдү да көңүлсүз жаланып коюп, обочо барып көз айрыбай карап жатты.
Арадан күндөр өтүп, бара-бара канчыгы да аңчылыкка бирге чыкчу болду, бирок мурдагы калыбына келе албай, оорусунуп, кээде ийнине жарым жолдон кайтып кетип жүрдү. Көп убактарда ийинге Көксерек куружалак кайткан кезде, адаттан тышкары бөлтүрүктөргө сугун арта карап калат, канчык аны тиштегилеп, ийинге жолотпой кубалайт.
Апрель айынын күндөрүнүн бири болуучу, бөлтүрүктөр чоңоюп калган. Көксерек менен ак канчык таң ата көл жээктеп балдарына жүгүрүп келе жаткан. Ак карышкыр алдыга жол бербей жүгүрөт, артынан куйрук улаш Көксерек келе жаткан. Экөө капысынан эле кишилер бар экенин жытынан сезе койду. Канаттуулар уясынан жабыла учуп, анан аттардын туягынан чыккан үн, койчулардын таягынын тыкылдагы утулду... Айлана тынчыганча карышкырлар камышка жашынды.
Ийинге келсе буту жанчылган бир эле бөлтүрүк жатат. Бир нече күн канчык карышкыр шек билдирбей, кишилер башка бөлтүрүктөрүн алып кеткен тараптагы айылды тегеректеп, аңдып жүрдү. Көксерек ээн талааны жаңырта улуп, аны бекер эле өзүнө чакырып убараланды. Канчык кайрылып келген жок, бул экөөн адамдар байкап калышты.
Жер кулпуруп, түркүн гүл ачты. Аттар жаздын ширелүү отуна тоюнуп, тез оңоло баштады. Күн чайыттай ачык күндөрдүн биринде, бул эки карышкыр артынан катуу куугун келе жатканын угуп калды. Үч жигит курч күлүк аттары менен Кара-Адыр жактагы чоң жар жактан карышкырларды көрө артынан катуу кууп жөнөштү.
Көксерек куугунду көрө жөн эле жаанын огундай сызып баратты. Канчык карышкыр болсо биринчи жүгүргөндө эле Көксерекке жетпей калган. Желининин сүтү али тартылып бүтө элек болгондуктан, ага катуу жүгүрүү кыйын болду. Көксерек артын бир карап коюп, канчык карышкырга жардамга келди. Арт жагына өтө, анан жандай жүгүрүп, капталынан тиштей сүрөөгө алды. Канчык болсо алы кетип, аргасы түгөнгөндөй. Көксеректи качып кутулуп кет дегендей ырылдап ишара кылды. Көксерек бурулуп, арт жакта кууп келе жаткан атчандарды карады да, коркунуч жакындап келе жатканын сезип, канчыкты таштай бардык күчү менен алдыга умтулду.
Жардан чыгары менен Көксерек чукул бурулуп, өтө ийкемдүүлүк, шамдагайлык менен эчкидей секирип жардын кырына чыкты да, карагандын арасына кирип көрүнбөй калды.
Ошентип, Көксерек караган-шактарга жашынып, кутулуп кетти. Ак карышкыр болсо бурулууга чамасы келбей түз эле жайык талааны көздөй качты. А жигиттер болсо ач кыйкырыкты салып, ак канчыкты катуу таскактата кууп баратты.
Түн киргенде Көксерек акырын бышкырып коюп, тумшугун жерден албай, ак карышкырдын изин кууп жөнөдү. Чөбү өскүлөң алыскы бир коктудан ал кургап, так болуп калган канды тапты. Адегенде жыттагылап-жыттагылап, анан жалап да көрдү. Ак карышкыр ушул жерге келип жыгылган, мындан ары жыт да жок.
Көксерек кара күрөң желкесин бүкүрөйтүп, төшүн шамалга тосо бир ордунан жылбай ай чыкканча отурду. Ай чыгары менен ал үнүн муңдуу чыгара көпкө чейин улуду.