Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Айы бүткөн караңгы көрдөй түндө Күмүш булак, алтын күн жарык чачар, Сүйүү деген сүйгөнгө көктөгү ай Махабатка жете алмак чыдагандар».

«... Кордуксуз өмүрүңдүн кызыгы жок, Кайгынын дабасы эмне? — Кайрат кылуу....

Алыкул өлбөс чынар терегине кайра-кайра суу куюп, багып келген. Ал «Жолборс терисин кийген баатырды» жанына ала жүрүп, кайрадан суктанып окуган, күмөндөр жерлерин үстүнө жазып оңдогон. Ал эми махабат жөнүндөбү, же турмушпу, же адам жөнүндөгү акылмандуулукта айтылган ойлорунун тушуна көк, кызыл карандаш менен белги койгон. Кээ бир ырлар акындын жашоодогу акыл-насааты, чакырык-урааны эле. Бул ырлардын, көпчүлүгүн окурман жатка билсе керек.

 

«Жок, сүйүү — ууктуруп кете албайсың,

Жок, өлүм - ажалсызга жете албайсың.

Дениздей мөл-мөл этет жаштык үмүт...

Жок, күйүт — кайык менен кече албайсың

Махабат жетишерлик ыза кылдың,

Жок, өлүм - кайраттууну жеңе албайсың».

Өлүм бир акыр бир күн көрүнө алат,

Өмүрдө көп жашайсың кылсаң кайрат.

Бирок да жыл гана эмес, нечен кылым -

Эч качан унутулбайт чын махабат...»

 

Алыкул Шотанын дастанындагы «Бет ачарын» өлөрүнө бир жыл калганда кайрадан оңдоп чыккан. Шотанын эстелигин кыргыз жерине Алыкул биринчи койгон эмеспи. 1976-жылы Шотанын китеби жыйырма мин нуска менен кыргызча бешинчи ирет басылып отурат.

(Адеп биринчи чыккан китептеги «Тариелдин Автандилге айткан сыры» бөлүмүнүн аягында мобундай сүйүү ыры бар эле:

«Махабат — өпсөң таттуу бала тура,

Тагдыр куш мөл-мөл эткен талаа тура.

Бул дүйнө бир өң эмес, алп тура

Махабат жүрөктү эзген жара тура

Ашыктык алоолонуп күйсө дагы

Тагдырга мунун баары даба тура».

 

Береги ыр ошол кездеги А. Осмоновдун күйүтүнө төп келет эмеспи. Орусча китебинде бул сөзмө-сөз айтылган ырдын жоктугунанбы же сүйүү жөнүндө айткандан корккон бечара редактордун айынан жогорку махабат жөнүндө жакшы насаат ырды акындын көзү жогунда кийинки чыккан китептин басылышында алып салыныптыр.

«Жолборс терисин кийген баатырды» окуган соң, биздин тилибиздин ыргактуу, эң таттуу, кунарлуу, бай экендигине ого бетер ишенесиң. Қараңызчы: «тил, сезим, чеберчилик жанга паана, үчөө тең бирдей керек чыгармага». «Айрылгыс чынжырдан бек сөз жасадым, берметтей тизмектешкен удама-удаа» деген Шотанын казалын, кыргызчалап кайра жазган Алыкулдун ак кызматына айран таң калып, анын күч эмгегине таазим кыласың. Алыкулдун «Кыргыз тили деп, 1948-жылы жазылган ырында мындай деген саптар бар:

 

«Бирге жүрсөм, кыргыз тилин кадырлайм,

Бул тил менен: иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм».

 

Анан калса, дүйнөдөгү нечен бир сулуу, бийик деген чыгармаларды, үгүт, насаат сөздөрдү, сезимдерди, табияттын кубулуштарын, ойлорду өз тилибиз менен сүйлөтүүгө колдон келет турбайбы! Эгер начар жазсак, айып тилде эмес, өзүбүздөн экен. Биздин кудуретибизге жараша болот тура. Көрсө, Шота эскергенин Алыкул жазгандай: «Ыр деген даанышман жол жаадырган...»

Биздин эт жүрөгүбүздү делбиретип, сүйүүгө дедек кылган биринчиден Шотанын эмгеги, дастаны болсо, экинчиден А. Осмоновдун кыргызча сүйлөткөн шарапаты. Бу дүйнөдө канчалык сезимибиз тазарса, канчалык адамгерчиликтүү, боорукер жашасак, анда ошол экөөнө, өнөр менен адабияттагы жана башка таланттуу, акылман адамдарга милдеттүүбүз.

 

* * *

 

Буйрукка дабаа жок экен, акыры Алыкулду кыз да сүйгөн.

Алыкулдун архивинде ашык болгон кыздын каты ушу күндө сакталуу турат. Ашыктык катын акын өлөрүнө бир жыл гана калганда алган. Аттиң ай, мындай сүйүү ага кечигип келген белем. Бу кезде Алыкул башынан жакшылык-жаманчылыкты кечирип, жашоо-тиричиликтин баркына көзү ачылып токтолгон, өмүрүндө аял менен оту күйүшпөсө да, сүйүүдөн көңүлү кала элек курагы эле. Аялзаттын «сени сүйөм» деген эки ооз ширин сөзүнө өлөр өлгөнчө кумар болуп, Алыкул «балдай татуу сүйүүнү» күтүп, эңсеп келген. («Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да, кол алдыңа кулдук уруп турармын».)

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.