Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Алыкул бир гана жердин сулуулугун сагынбастан, адамдарын, боордошторун да сагынган. Акын Чолпон-Атада кеч күздө жазган «Коон үзмөй» деген ырында «Аксуудагы таякем, мейманга келсе болбойбу», «Кайыңдылык эжекем конокко келсе болбойбу» деп тилеген. А чындыгында таякеси да, эжеси да акын айткан жерлерде жашашкан.
Алыкул Осмонов «чолоо тийбей, боорум калем экөөбүз, өскөн айыл тууган жерден айныдык», «убакыт жок бир кайрылып барууга», «эстейм сени, Қайыңды айлым сагынам, барбайм сага, сагынганда не кылам» деп келип, акырында «мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт» деп кейиген.
Пишпектеги балдар үйү 1918-жылы мурдагы Атакан бай дегендин эски короо-жайында ачылган. Башында буга өңкөй кыргыздын тоголок жетим балдары алынган эле. Мына ушул балдар үйүнө Алыкул да боорун көтөрүп калганда, беш жашында келген.
1922-жылы Токмок шаарында да балдардын үйү жаңы уюштурулган. Үч жылдан кийин Алыкул ошол балдар үйүнө которулду. А. Осмонов бу жерде төрт жылдай билим, тарбия көрдү. Алгачкы жылдары Токмоктогу балдар үйүнөн тарбиялангандардын айрымдары кийин кыргыз адабият, маданиятына эмгеги сиңген адамдар болушкан.
Жыйырманчы жылдарда таалим-тарбия алган адамдардын эскерүүсүнө караганда, жыйырманчы жылдары Токмок калаасында электр жарыгы жок эле, суу кудуктан ичилген. Ар кайсы жерден чогулган кыргыздын жетим балдары окшош кийим кийишип, кызыл жагоо тагынышып, Токмоктун көчөсүндө кырка тизилип, барабан кагып, марш ырын ырдап өтүштү. Мектептин балдары сахнадан, класстан ырды жатка айтышчу. Кудундаган жаш жеткинчектер жанга жыгач мылтык, жыгач кылыч тагынып, кызыл аскерди туурап ойногонду бир өнөр көрүшө турган. Мына ушул балдар үйүндө жүргөн кезинде Алыкул Осмоновдун өңүнө кызыл чуркады, колуна китеп, калем кармап, биринчи барабанчы болуп, кийим кийинип, курсагы тоюп, күлкүсү чыгып, чекеси жылыган.
Жыйырманчы жылдары элге билим бере турган сабаттуу кыргыз улан-кыздары өтө сейрек болгон. Адеп уюшулган мектептерде сабактар кыргызча, аздыр-көптүр татарча жүргүзүлдү.
Мектептерде окуу куралдар, китептер дээрлик жок эле. Ал кездин абалын ушундай мисалдан билиңиз 1925-1926-жылдары кыргыз тилинде он эки китеп жана окуу куралдары чыккан. Алар: алиппе, алиппеден кийин өтүүчү окуу китеби, географиянын башталгыч курсу, геометриянын башталгыч курсу, табиятты үйрөнүү ж. б.
Токмоктогу балдар үйүндө жүргөндө Алыкулдун адабий китепке ынтызарлыгы байкалган, колуна тийген кыргызча, татарча китепти окуй берген. Балдар үчүн жазылган орусча китептерди эжелеп окуп калган. Анын биринчи ыры интернаттын газетасына чыккан эле.
1929-жылы А. Осмонов Фрунзедеги педтехникумга келип кирет. А кездеги айыл жеринен келген уландарга караганда Алыкул Осмонов орус тилинде китеп окуганды талтөөндөй билип калган.
«ДҮЙНӨГӨ КУРБУМ КЕҢ КӨЗ САЛ»
«Бир замандын жаштарыбыз эрк алган
Кыска өмүрдү мол кылууга аттанган».
(«Билинбеген үч мезгилге»)
1925-жылы ачылган кыргыз педтехникуму (мурдагы кыргызинпросу) азыркы Дзержинский (анда Комсомольская) жана Токтогул (анда Демьян Бедный) көчөлөрүнүн түштүк батыш бурчунда жыгачтан салынган имарат эле. Учурунда Пишпектеги кооз тамдардан деп чоттолгон имарат кийин, алтымышынчы жылдары бузулуп кетти. Педтехникумдун алдында даярдоо курстары боло турган, айылдан жарытарлык билим албаган балдар-кыздар үч жылдык даярдоо классын бүткөн соң техникумдун биринчи курсуна кабыл алынчу. Техникумга өткөн балага өкмөттүн эсебинен бекер тамак, кийим, жатакана берилген.
Билим, маданиятка умтулган кыргыз улан-кыздары техникумга Ата Журтубуздун ар бир булуң-бурчунан жөө-жалаңдап келип киришкен. Айталы, ошол кезде, жыйырманчы жылдары, Пржевальск шаарынан Пишпекке дейре араба менен тогуз күндөп жол жүргөн.
Отузунчу жылы кыргыз педтехникуму Ата Журттун билимге кумар уул-кыздарына бирден бир маданий очок болгон. Педтехникумдагы болгон маданий жаңылык «Эркин Тоо» газетасына кадимкидей басыла турган. Техникумдун алдында драма, музыка, ырдоо жана башка бир канча ийримдер (кружок) иштеген. Окуп жүргөн жаш таланттар ийримге атайы пьеса жазышкан, музыкага шыктуулары обон чыгарышкан. Студенттердин койгон оюндарына, ыр-бийлерине шаардын адабият менен өнөргө чаңкаган жаштары гана эмес, калаанын чеке-белиндеги айылдардын адамдары куду театрга баргандай шаң менен келип, оюн көрүшөр эле. Оюн бүткөн соң бий башталчу. Анда калаага жаңы тарай баштаган танго, краковяк, фокстрот бийлерин үйрөнүүгө жаштардын дарбыган учуру. Ал кезде комсомол дегендин деми, кадыр-баркы күчтүү эле. Комсомолдор сөзсүз галстук тагынып, киного барышат, а түгүл комсомолдо жокторду бийди үйрөнүүгө, бийлөөгө киргизишчү эмес.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.