ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ушу жерден Арсен Саманчин өзүн өзү тыюуга, акылын кайра тапканга аракет кылды, мунун баары кызуу кандуулук, ташта дагы башкага өт деди. Эгер кызкайып баяны боюнча опера жазылып, партитурасы болсо, башкы ролго татыктуу аткаруучуну башка шаардан же башка өлкөдөн тапса болот. Кымбатыраак болушу мүмкүн, бирок уюштуруу маселесин чечсе болот. Акылга салсаң ушундай дечи...

Бирок да, ага карабастан анын жан дүйнөсү бууракандаган жек көрүү менен өч алуу көксөөсүнүн албуут ташкынына тартылып баратты. Олигарх деп аталчулардын бир жексуруну сени тебелеп-тепсеп жатканына чыдоого мүмкүн эмес. Мейли, каалаганынча пайда көрө беришсин, бирок эмне үчүн элдин баары алардын алдында бүжүңдөп киши өлтүрүүдөн тартып уят-абийирди соодалаганга чейинки арам иштерине жардамчы болушу керек? Ал алардын соккусуна асманындагы жылдыздарын күбүп түшкүдөй сокку менен жооп бергиси келди!

Ошондо Арсен Саманчиндин башына бир шойкомдуу ой келди аны өлтүрүп, ошол эле жерде өзүн да өлтүрүү! Нөл-нөл! Сен да жок – мен да жок! Чекит. Андан кийин бул жөнүндө басма сөздө, башка маалымат каражаттарында эмне деп айтышат, акыйкатчылар менен көшөкөр жалганчылар эмне дешет – баары бир! Мурда теле менен кинолордогу атып өлтүрүүлөрдү кандай шылдыңдай күлүп, жининдей жек көрчү эле, анткени жанагыл киши өлтүргүч үч жолу атып, анан жерге кулаган каршылашынын өлгөн-өлбөгөнүн текшерген ок менен дагы бир башка атчу, айтор, мындай аракет ага тааныш эле, эми өзү да андайды жаңылбай жасоого даяр болуп турат.

Атаардын алдында эсин эңгиреткендей кылып касыңдын бетине өз өкүмүңдү айтып алуу керек, анан тапанчанын оозун өз чыкыйыңа такап туруп, машаны басып жибер. Бүттү! Оо дүйнөдөн жолугарбыз... Ошондо териштирербиз.

Бирок ал ага чейин бир нерсени билип алгысы келет да, анан аны ошо бойдон тигил дүйнөгө алып кетүүнү самайт. Ал кан кызыткан кызыл кек. Тигил айбан продюсерди, тигил шоумен жалаңкычты, анан өзүн атат, бул колдон келе турган иши, ошондо Айа Жараткандын жазгырбас абийир сотуна кабылып, «Кызкайыпты» ырдабай калган үнү менен жүлүнүн сууруп, жүрөгүн тилип ийгендей боздоп, өзү саткан сүйүүсүн, өзү өлтүргөн «Кызкайыпты» эч качан эстен чыгарбашын, бул үчүн күнөөлүү экенин жандүйнөсүнүн азапка батышы менен сезип турушун каалайт. Бейишкеби, тозоккобу, айтор, ала кетер көрүнбөс жүгү ушул.

Ооба, экөөнөн башка жан билбеген Хайдельбергдеги сүйүү тарыхы жүрөгүнүн сонку кагышына дейре анын эсинен кетпей турушун каалады. «Кызкайып» идеясы тигиниси ошол шаардын мэриясынын атайын чакыруусу менен концерт бергени, а мунусу болсо аны коштогон журналист катары барганда, Германиянын Хайдельбергиндеги тоодогу замокто, ай нуру сүттөй төгүлгөн махабат түндөрүндө, ак гүлү жытын аңкыткан ландшафтта, немистердин тээ орто кылымдагы тарыхый шаарынын жогору жагындагы сейил бакта кынала басып жүрүшкөндө жаралбады беле. Ошол үчүн ошо Хайдельбергдеги керемет күндөр эсинен кетпей, тигини акыркы көз ирмемине чейин ботодой боздотуп, жалгызынан айрылгандай өксүтүп, сыздаган үнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө угулуп турсун. Ошондо Арсен Саманчин ал дүйнөдөн куду тигинин көргөн күнүн көрүп, анан бүт ааламга: «Эми бизге Хайдельбергдеги түндөр эч качан келбейт!» – деп кыйкырып турмак. Ушинткиси келди, анткени ал бу дүйнөдө бүтүрө албаган Хайдельберг романын тигил дүйнөдө да жаза бермек.

Канткен менен бул ойлор дилазабынын ыры эле, ошондуктан ал өзүн бүт бардыгын унуткун, мунун баары кыжалаттан чыккан ой деп ынандыргысы, өзүн өзү кармагысы келди, а бирок өткөндөр өчпөс өчүндөй күйүп, өзөгүн кайра өрттөдү, өмүрүн сындырган кегин алууну туталана күсөй берди, кыянаттарга кыямат күндү түшүрөм деп көшөрүп алды. Бала чагында кулагына куюлган бир сөз, болгондо да кыл чайнаткан кыйчалыш кезде айтылчу накыл элирген оюн ого бетер дүрбөтүп салды: «Камчы сабын сындырган касташканың келгенде, эмне болсоң ошо бол, эч убакта алдына барып баш урба, толтосуна канжар толгоп касыңдын канын кана жут да, басып кет. Антпесең өзүңдүн каныңды ал кашыктап түгөтөт. Кан ичме кастык дегендин жайы ушундай».

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.