ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Бул сөздөр качан, кайда, кандай кырдаалда айтылганын ким билсин, айтор, атадан балага өткөн сөз экен. Азыр ага ошол сөз айтылган кездей кез келди; же душманыңды өлтүр, же өз жаныңды өзүң кый! Башка жолдун бүт бардыгы түгөнгөн. «Жок, эмне үчүн, – деди ичинен. – Болбойт!» Өзүн жемелеп-жемелеп алып, эсине келген.

Ошондо ал өзүнүн үйүндө эмес, бөтөн жерде жүргөндөй чочуп, бирөө-жарым угуп койдубу деп эки жагын элеңдей карап терезеден шак четтей берип: «Ке-ле-соо десе! Дагы эмнени айтып жатасың?» – деп кекечтене өзүн сөктү. «Душманың го бар экен, а бирок аны эмнең менен атасың? Алдагы калтыраган сөөмөйүң мененби? – Анан дубалда илинип турган күзгүгө келип өзүн көрдү да, аз жерден бетине түкүрүп жибере жаздады. – Ушу сенин оюнчук тапанчаң да жок, анан аны өлтүргүң, көз көрүнөө атып салгың жана жаныңды кыйгың келет! Кыйынын мунун! Өлөр иттей энтигип араң турат да, анан өлтүрөт элем дейт! Куралды кайдан аласың?!»

Куралды кайдан табам деп ойлоно баштады. Ал жалданма киши өлтүргүчтөр жөнүндө, алардын ыкмалары тууралуу көп уккан, кинолордон күндө көргөн, оңойдой эле туюлган, а бирок башка түшкөндө анын эмне экенин билет экенсиң. Ниети туура көргөн соң, тапса да, сатып алса да болот. А бирок атканды билиш керек да!..

«Кызкайып» күйүтү болсо күчөй берди...

Ушинтип жатып уктаган эле, түш көрдү. Чөнтөк телефонун кармап алыптыр, чалган жок, анысын тапанча сымал бир жакка мээлеп жатыптыр, атылмак беле, ошо маалда үй телефону безилдеп ийди. Ойгоно калып телефонго келди да, трубканы алган жок. Кайдан сүйлөшсүн, кыжырдана кол шилтеп койду. Дагы шыңгырады, дагы албады.

Жок жерден түйшүк табылды, тапанчаны огу менен табышы керек. Кимге барса?..

Таң сөгүлүп, көчө ойгоно баштады. Ал дагы эле эмне кыларын билбей, тынчы кетти. Бул балакетти кайдан табат? Балээси башты жейт окшойт. Билгендер курал саткан базардан тапса болот деп айтып жүрүшөт, акчанын көзүнө карабай сатып алышы керек, пулду үнөмдөп көрүнө алып жатмак беле. Пул эмес өмүрү түгөнгөнү турат... Ошону айтсаң, мындан ары кайгы-капа арман жок...

Арсен Саманчин алдыда кандай иш күтүп турганын жүрөгү менен сезди, ошондуктан ал батыраак эле тапанча таап, не бар, не жок аны ар дайыма жанына алып жүрүүнү чечти. Оңуту келсе алдастабай ойлогонун так жасайт, октор биринин артынан бири атылып, мелжеген жерге жазбай тиет, акыркысын болсо өзүнүн чыкыйына басат. Буйруса баары ойдогудай болот, ал тилеген кырдаал өзүнөн өзү түзүлөт, не дегенде аны эбактан бери тааныйт, ар дайыма кездешип турчу, башта чөйрө бир эле, ал мына бул жылаңач маданиятын баштагандан бери ага сейрек жолукчу болуп кетти. Себеби ал бардык эстрада дегендердин продюсери, «Евразия» сымал кан сарайдай көңүл ачар жайлардын ээси, олигарх, босс, өз чөйрөсү айткандай шеф, ушундай, бир кезекте ал ортозаар эле актёр болчу.

Базар заман келгенде анын чычкан өткүс токоюнан жол тапты да, анан шоу-бизнестин бүт баарын алаканына салып алды. Базарды каза жорткондор канча, алардын тапканы күнүмдүк талкан, а аерден иши оңолуп, кочкору койдой төлдөгөндөр саналуу гана. Ошондойлордун бири ошол, байлыгына манчыркап, акчадан башканы тааныбай калды, каалаганын алдына салып айдап алат, идеяларыңды уруп ойнобойт, айрымдарды тебелеп-тепсеп мүргүтөт, каалаган кыз-кыркынды роботко айлантып, безелентип белден ылдый ырдатат. Чыдаш кыйын, жетишет! Курал табылса эле болду, калганын өзүм бүтүрөм.

Ал өзүн өзү ушинтип ынандыра берди, анан жамандык эмес, эл үчүн жакшылык жасап жатмакчы болгонуна биротоло ишенип алды. Анткен менен ал деле адам да, кээде ага кекене кек сактап, тизгин тартпас өч алуунун каары кайда алпарат болду экен? А бирок бул жамандык жакшылык үчүн жасалып жатат да? Ушундай болушу мүмкүнбү? «Ой, дагы эмне деп акыл айтып жатасың, башты айлантып. – Кол шилтеп койду. – 0-ой, жүрөгүң жок. Андан көрө ага кантип барасың, иш бар эле, сүйлөшөлү дейсиң, ошону ойло. Анан ошо жерден...»

Баса, ал экөө жакында эле көрүшкөн, сүйлөшүшкөн. Пресс-конференциядан кийин болчу, Эрташ дагы бир жакка барат өңдөнөт, кайра-кайра саат карап, анча чечилген эмес. Ким билсин, балким, ал ичинен анын кысыр идеяларын кызык көрүп, кыялында кызыл күн менен сүйлөшкөн келесоо деп келекелегендир. Ошентсе ошенткендир, кайра куруу жылдарында ал экөө тең жаш болчу. Арсен Саманчин болсо театр турмушун, башка жактарды да камтыган макалаларды жазчу, Эрташ Курчаловдун чыгармачылыгы тургай аты да аталчу эмес, не дегенде ал анда көрүнбөгөн көп артисттин бири эле. Ал эми азыр?! Болору болуп бүттү да. А кезде театр дегениң жетерине жете жетилген эле. Бир жагынан жаңыча ой жүгүртүү башталып, театр сахнасына доор бүтүндөй батып кеткен. Руханий жаңылануунун күчү элди жандандырып, адам тоталитаризмдин чеңгелинен бошонуп жаткан. Ошо кезде Эрташ Курчалов шаардын драмтеатрындагы билинбеген артисттердин бири эле, ушундан улам анын бар, жогу менен эч кимдин иши жок болчу. Ырас, башкалардан бою узун, үнү жоон экенин эч ким таналбайт, а бирок кийин сахнадагы көптүн бири катары көрүнбөгөн артисттен шоу-бизнесмендин талант-күчү жашырынып жатканын, кумары канбас көрөрман сахна тургай, тиги стадиондорго чейин жүнүн жеп батпай турган эстрадалардын башкаруучусу чыгат деп ким ойлоптур. Олуяң дагы билген жок.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.