ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ошо күндөрү элге, өзгөчө жаштар арасына «Эрташ Курчал» деген сөз кеңири тарап, ооздон түшпөй калган, анткени шоу-бизнестин өзүнөн ашкан пайда берер сахна, көз жоосун алган жасалгалары менен жандүйнөңдү азгырган жарнамасы, анан да көргөндөр кайра сагынган эстрада оюндары анын атын аңыз сөзгө айлантып салган. Эрташ Курчаловдун көргөндүн көзүн күйгүзүп, танданткан клип-концерттерин бардык жерде, Кытайың менен Москвада да кубана кучак жая тосуп алчу болду. Айтор, анын эпчил продюсерлиги азыркы эстрада мейкиндигине ээлик кылууга шарт түзүп, ишкерлик ишмердигине сөз жетпей калды. Айдана Самарованы мына ошол кесепеттүү эрташ-курчалчыл эстраданын кандайдыр бир күчү оп тартып кетти.

Эртеңки күнү опера театрынын жылдызы болор Айа ырчы өзүнөн өзүн өзгөртүп, үнүн да, өң-келбетин да, сахнадагы жүрүм-турумун да биротоло Голливуддагыдай кайра жасап, бардык телеканалдардан байма-бай чыга берди. Анын эмне үчүн күн санап мурдагыдан жарык жанган эстрада жылдызына айланып баратканы жөнүндө түйшөлгөн бирөө болбоду, жоогазын гүлү соолгондо гана бармагын тиштеп, баш чайкап басып кеткендер чыкты. Кемчонтой акең каргага каш берем деп айтыптыр дегендей да. Аттиң десең, айдан сулуу Айданасы экөө тэ-э баягы Германиянын замогунда турушкан кезде тагдыр алардын жанын бириктирип, биринин жүрөгүн бирине берип, махабат бактысы кылып жаралган жана ай-ааламдын сүйүүсү болгон «Кызкайып» идеясы төрөлгөн ошо Хайдельбергден ал экөө бир поездде, бир купеде жанаша отуруп келатып эле, анан кайсы бир жерден сүйүүсү башка тарапка бараткан поездге отура калып кетип калгандай болду. Шарактап кеткен поезддин артынан жаналы калбай жүгүрдү, алып-учкан ал поезд, кайдан ага, көзгө да жеткирбей койду. Эми ал ээн талаа, эрме чөлдөгү поезд жол менен боюнан аша жүгүрүп, айныган адамдай: «Аа-й-аа! Аа-йаа! Экөөбүздүн «Кызкайыбыбыздын» көрөр күнү не болот?» – деп кыйкыра берди. Кыйкырат да, көзгө көрүнбөй калган поезддин артынан жетем деп чуркап барат. «Кызкайыпты» алар «Кызыбыз» деп аташчу, ошентип бакырып барат:

«Аа-й-аа! Аа-й-аа! Токто эле, токто! Экөөбүздүн «Кызыбыз» кана?! Сен аны таштап кеттиңби?! Ай-аа!» Айасы ага эмес, алтымыш вагон бир чиркеп, алып учкан поездге да жеткирбей кетип калгандай туюлду. Аны ал тарапка банк эсеби менен кызыктырып, ким азгырып алып кетти? Түшүнүктүү. Локомотивди башкарган мурдагы белгисиз бирөө, азыр атак-даңкы таш жарган шоумен-ишкер Эрташ Курчалов болуп жатпайбы?..

Айдана менен жаны кошо кеткенсип анын артынан: «Аа-й-аа! Аа-й-аа! Экөөбүздүн кызыбыз кана!» – деп кекиртеги жарылганча кыйкыруунун не зарылы бар эле? Апенди да. Ал ошондо Көк асмандан: «Эй, айтканынан кайтпаган, акмак! Көк бет!» – деген жекүү сөз укту. Болору болду деп басып кетсе болмок.

Арсен Саманчин канчалык билимдүү болсо да, акыл-эс менен турмуштун өзүн батыл басып келаткан азыркы шоу-бизнеске берер жообу белен эмес эле, санаага бата баштаган. Анткени ал өзүнүн өлбөс деген идеялары менен дагы эле жашап, анын туткуну болуп, ошону менен ушу азыр ар кандай тоскоолдуктарга тушугуп, ошонун айынан мурдагы кумар кызыткан кызыкчылыктары менен айга учурган эргүү-кыялдары барган сайын негедир жашоосунан сүрүлүп, Айа менен «Кызкайыптан» башкасы бүгүнкү кезде көрпенделик бир нерсе болуп калгандай. Ал эми өзү ишене бербей келген массалык маданият барган сайын даулдап алган өрт болуп, дүйнө жүзүн бүт каптап, ошол эле мезгилде көк мухиттин аска уратар кубаттуу толкуну менен аны тоголото ура берди. Ушундай кырдаалдардан улам, ал ар дайыма ааламдык массмедианы Кудайындай санаган массалык маданиятты атай турган жаңы сөз тапты, анысы дүң товар дегендей дүң маданият. (Айта берсин, ага массалык маданият кирпигин ирмеп да койбойт!)

Кечээ жакында эле шаардын 250 жылдыгына арналган шоу-концертте ал өзүнүн жаңы терминин ойдогудай тапканына дагы бир жолу ишенди.

Түн таяп калган кеч эле, кара таандай жыйылган элге стадион жарылып кетчүдөй болуп жаркырап турду. Өчүп-жанган жарнамалар, кызыл-тазыл афишалар мени кара дегенсип көйрөңдөнөт. Келгендердин көбү жаштар экен, тоо тараптан келген кечки сыдырым алардын маанайын көтөргөндөй.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.