ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Ушул маалда, ушул жарык дүйнөдө эзели эч ким билбеген бир окуя болду.
Көк жалмай көтөрүлгөн жаркыроолор тоо койнуна кол салып, аска-чокуларга чейин тик сайылып тургандыктан, андагы куштар коогага түшүп чырылдап, жан калар далдаа жер издешкен кезде, баягы каргыш алгыр ашуунун түбүндө алсырап жаткан Жаабарс чочуп ойгонду. Тоолордун үстүн жаркыткан жарык жылдыздар эмес, таптакыр башка, мурда болбогон иш эле. Ушундан улам ал дагы бир алаамат азабына кабылбайын деп буйтка жерге жылт койгусу келди, а бирок анте алган жок. Атүгүл минтип түнү бою күч жыйнап, күн сайын мында келет да, бу түгөнөр өмүрдүн эч түгөнбөс арманына айланган азезилдей ашууну ашып кете албай, жоголор жайы он жомок болуп турган. Тагдыр аны эмне үчүн кыйноого салып көшөрүп, кыл жылдырбай турат? Тагдыр деген тагдыр да, өткөрөм десе ашуудан азыр эле жылуу-жумшак өткөрүп коёт. Андай болбой жатпайбы, Үзөңгүлөш ашуусунун этегинде жалгыз үмүт кучактап отурбайбы?! Качан ашат, кантип ашат? Азырынча тагдыр ага айта элек. Майрамдык шаан-шөкөттүн жаркырагы тагдырына таш түшкөн Жаабарсты ошол түнү түйшөлткөнүн Жараткан да билгендир...
Рок-музыканын бороондуу деңиздин толкунундай ыргагында калган стадион дагы эле: «Лиму-зин!» «Ли-му-зин!» «Ай-да-на! Ай-да-на!» – деп дуу түшүп жатты.
«Мына ал дүң маданияттын «Лимузини» менен кетти!» – деп кейип алды Арсен Саманчин. Анан дароо: «Кызкайып» эмне болот?» – деп жиберди. Анын «Нивасы» мындан эки кварталдай жерде, дээрлик чет өлкөлүк маркадагы жылтыраган машиналар токтотулуп коюлчу жайда эле, ошого баратып: «Дүң маданиятка көнгөн жашоо эмнени гана жасабайт? Жакырлар менен жумуш издегендер толду, «жумуш бергиле!» – деген жазууну көтөрүп алышып жол боюнда турушат, ат чабым жерге тизилген. Булардын көбү көчөсүндө жан калбаган алыскы айылдардан келишкен. Бул башка эмес, дал ошо адамзат коомуна коюлган адам талабы, себеби адамзат коому өзүнүн жаңы муундары үчүн алардын керектүүлүгүн камсыз кылып турууга жарамсыз, башкача айтканда, бул дүйнө сенин мага керегиң жок, көзүмө көрүнбөй жоголгун деп турат. Ал эми колунда токочу барлар «Лимузин» минип дуулдайбыз дешет».
Түнкү көчөдө өзүнүн «советтик» «Нивасында» баратып ал ушуларды ойлонду. Көнгөн машинасы, андан жакшысын ал каалаган да эмес, анын үстүнө чөнтөгү жука. «Лимузинди» көрүнгөн эле мине бермек беле! Айанын лимузинчил болгонунун жөнү бар, жылдыздардын жылдызы, колуң түгүл көз жетпейт, сакчылары жанында, сени менен сүйлөшмөк беле... Мурдагы эри менен жараша турган түрү жок, анысы бөтөлкөнүн түбүнөн чыгалбай калган дешет. Турмуш деген турмуш, ал жөнүндө тиги-бу дештин кереги жок. Тагдырды табалап болобу, эң сонун үнү бар опера ырчысы Айдана Самарова деле күтүүсүз иш жасабадыбы, Милан сахнасынан ырдамак, жылдызы жанмак. Ал ошенттиби? Жок, таанылуунун жеңил жолун тандады да, тал башынан күйгөн куйруктуу жылдыз болуп чыга келбедиби? Акча жааган концертин берет...
Мунун баары анын иши, анын тагдыры. Андан көрө сен өзүңдү кара, ат жалынан оодара тартып салышты, ушундан улам кызалаңдап, оту жок кайнап, тигилерге жаман сөз айтып келесиң. Чындыкты моюнга алгының, ичиң күйгөндөр сенден күчтүү болуп чыкты го?.. Көз карандысыз, белгилүү, дагы эмне элең, айтор, болгону галстугу моюнунда койкойгон, суроодон башканы билбеген журналистсиң, а тигил ким? Жолуңар кайдан бириксин?! Бириң массмедиа ааламында ак жылдыз да, бириң массмедианын таманы баскан талпаксың. Жайына кой! Сүйүү деген өзүнүн бар-жогун сенден жашырган жалтак сезим эмес, ал дайыма тоскоолдорго кабылып, кабылган кезде кайрадан жаңы күч алып, кубаныч менен кайгыдан, сүйүнүч менен армандан кайра жаралып турат. Ошон үчүн сүйүүгө жеткени да, жетпегени да бактылуу, сүйүүнү сезбеген гана бактысыз. Ак сүйүүдө аскар тоодон көк рапис зоо тосуп да токтото алгыс көчкү жүргөн учурлар болот, андайга сөз айтылбайт. Анткени ар бир сүйүүнүн өз тарыхы, азабы жана бактысы болот. А сен болсо өзүңдүн жеке кайгыңды жер жүзүндөгү ааламдаштырууга, массалык маданиятка оодара салып жатасың. Карасаң муну, оюңа койсо Кудайдын сакалын жулуп алгың бар! Эсиңди жый! Андан көрө сен «Кызкайыбымды» жактырбайт деп массалык маданиятты тепкилей бербей башка маселеге жооп берип, бөлөктөрдү өзүңө ынандырганга аракет кылчы. «Кызкайыпка» дүңмаданият кандай ыкмалар менен каршы туруп, кантип четке сүрүп жатат? «Кызкайыптын» буга кандай тиешеси бар экенин Айа экөөңөр көзмө-көз жалгыз калган кезде, өмүр бою ушул гана учурду күтүп, өмүр бою ушул учурдагы чер жазыша баарлашууну самап жүрүп, анан акыры ак сүйүүнүн тагдыры тартуу кылган бир бейиште, ал экөөң мээр төгүшө отурган кезде Кызкайып кайдан келе калганын, идея кандайча жаралганын баштан-аяк айтып бер. Бирок силердин бу жагынан тажрыйбаңар мол, жаш эмессиңер, а тагдыр болсо силерди өткөн иштин баарынан ажыратып койду, ооба, ал силерге бир кезде убактылуу Европада болууну, тоо этегиндеги эски сейилбактагы канча мезгил карыткан замокто жашоону берген, булуттардын арасынан ай силерге суктана карап нур төккөн. Ошол күндө, ошол тагдыр саатында, ал отуздан ашып, сен болсо кыркка келип калганыңарга карабастан махабат жыргалына куунап, бу дүйнө жалаң сүйүү кубанычынан жаралган, биз анын аппак таңыбыз деп кыялга баткан ал кезде капылет жерден маңдайыңарга Кызкайыптын өзү пайда болуп, эки жан эрип бир болгон ушу силерден өзүн сактап калууну чөгөлөп сурангандай, жабыккан жандүйнөсү менен ой-санаасы, Кызкайып берген дилазабы ырларынан төгүлүп, анан аны бүт дүйнө балкып уккудай үн беришин өтүнүп, жалгыз талдай жалдырап, өмүр бою өзү издеп, өмүр бою эч табалбай койгонун мына азыр кайыптан таап алгансып Кудайга үнү жетип турсачы. Ооба, бул кыялга келген бир элестетүү дечи, ошентсе да дал ошол кездешүүдө чыгармачылык ойдун өзү, операнын идеясы, анан аны менен байланышкандардын бүт бардыгы жаралган болчу. Ошондогу Кызкайып менен кездешүү куду өңдөгүдөй болгонун, силер аны опера аркылуу театр сахнасына алып чыгып, анын ролун Айдана ырдап аткарып, анан аны силер түбөлүк сактап калууга ак дилден ант кылып, атүгүл Айанын өзү да «Кызкайыпты» тилден калганча ырдап өтөрүн наздана шыбырап убада берген деп бирөөлөрдү ишендирип көрчү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.