ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ой, сен эмне деп жатасың?! Токтогун, бул жомогуңа ким ишенет? Акылынан айный элек бирөө укса төбө чачы тик туруп, мунун баары ойдон чыгарылган калжыр кеп, миф, аңыз сөз, имиш-имиш тура деп басат да, кетет. Башы бар адам башка эмне айтмак. А бирок Арсен Саманчиндин жандүйнөсүндө Кызкайып жер үстүндө эмес, көктө жашайт, ошондуктан ал кандайдыр бир жогорку күчтөр менен байланышы бар. Айдана да ошондо ушундай ойдо, дил-максаты бир тилекте болчу, анан эле аны шайтан азгырып, «Лимузин» минип асманга кетти, кайдагы асман, акылын байлап, жүрөгүн алдап бизнес-туткуну кылып кетишти. Ошентишти, ал эми Кызкайыптын образы болсо көктөн келген ишеним-аян катары анын каңгырап жалгыз калган жандүйнөсүндө жашап, бир өмүр өтөрөткүчөктү арылбас арман, кутулгус куя катары көкөйүндө көк түтүн чачып тура берет. Ооба, Кудай дейбиз, а бирок аны көргөн бир жан жок, ошондой болсо да эл Кудайга, анын бар экенине ишенет. Жерде жок ыйык түшүнүктү ишеним катары кабыл алганда гана ошо сен издеген образ турмуш чындыгы катары жандүйнөңдө жашай берет, болгону ага бериле ниет бере билиш керек. Кеп маңызы ушунда.

Өйдө жактын кудурет-күчүнө ишенүү ал экөө Германиянын Хайдельбергинде жүргөн чагында болгон. Балким, бул дагы тагдырдын бир буйругудур, ар дайыма боло бербеген келкелдин келген кезидир. Болсо болот, ооба, ал жерге алар Айдана Самарованын жеке концерт берүүсүн өтүнгөн музыка клубунун чакыруусу менен келишкен эле. Бүт бардыгы ойдогудай өткөн. Айдананын бул жакка дал Хайдельбергдин өзүнө чакырылышына Арсен Саманчиндин да эмгеги чоң болчу, бул ишти анын жакын адамдары, журналист достору, тааныш музыканттар уюштурушкан.

Ал жердеги музыкага терең түшүнгөн көрөрмандар классиканы ырдаган Айдананы асманга жеткирип салышты. Ал тургай тележаңылыктардан да анын ырлары берилип, басма сөздө ал жөнүндө макалалар жарыяланып, жарнамалар болуп дегендей Айдана жакшы эле таанылды. Баарынан да ошо Хайдельбергдин эски чиркөөсүндө ырдаганда кызык иш болду, протестант немистери меймандар үчүн бүт баарын жасайт экен, сыйына турган залды дил-ыйманга тиешеси анча жок, бирок урматтаган иш-чараларга бере беришет экен. Мунаралары шаңкайган, казанбактары калдайган чиркөөдө ырдаганда акустикасы эң сонун бул жай кубулжуган үнүндү ого бетер кубултуп, ар жагы асманга чейин жеткирип, көк менен жердин ортосунда жаңыртат. Бүт аалам сенин үнүңө магдырайт. Ал өзүнүн арияларын фортепиано менен органдын коштоосунда немис, орус, италия тилинде, анан бир-эки кыргызча ырдады. Кол чабуулар жер жарып, чиркөөнү терметип, залдагылар менен балкондогулар ар бир ырга ушунчалык суктана ыраазы болуп, көздөрүнөн жылдыз жанып, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турду.

Мөмөсүн ийген ийгилик менен чыгармачылык эргүүнүн бул жердеги толкун-маанайы ал экөөнү Хайдельбергге бирге барууга тарткан сүйүү сезимдерин күчөтүп, ушу азыр жүрөктүн ар бир кагышы сайын бирин бири эңсеген да, бирин бири сагынган, мындан ары ар дайым кошулган жанын өмүр бою бөлүнбөөчүдөй абалга алып келди.Ушул дүйнө ушул экөөнүн сүйүүсү болуп турганда алар капылет жерден «Кызкайыпты» табышкан. Ооба, концерттен кийин аларды ошо чиркөөгө жакын турган ресторанга чакырышып, урмат-сый көрсөтүшкөн. Андан алар тоо сейил багындагы эски заманда келиштире салынган, кадырлуу меймандар үчүн гана эшиги ачылчу замокту айланып, көңүл ачып жүрүшкөн. Анын үстүнө күн бою бирге жүрүшсө да сагынышып, ээн жерде экөө гана жалгыз болууну самап калышчу. Азыр да ошону көңүл көксөп, жүрөк эңсеп турган кусалык кумарын кандырууну каалашты. Махабат деген жалгыздыкты жанындай көргөн, кызганчаак кыял, эрке мүнөз келет. Алар үчүн бул дүйнөдө бир гана сүйүү бар, ал ушул экөөнө гана арналган. Замоктун кире беришиндеги бардан бир аздан виски ичип, андан соң сейил курмакка бак аралап кетишти. Түн жарымы чен эле, тоо боорунан төмөндө жаткан орто кылымда салынган шаар жомоктогудай жарык чачып, кыялыңдын кылын чертет. Алар бул керемет көрүнүшкө суктана карап, музыка жөнүндө, композиторлор туурасында сүйлөшүп жатып, Айдана минтип калды:

– Арсен, сен үчүн мен кандай ыр ырдап беришимди каалайсың?

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.