ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Азырбы?
– Ой, жок. Тамашалабачы. Симфониялык оркестр менен ырдайм. Сен залда болосуң, атайы келгенсиң. А мен болсо бир гана сага арнап ырдаймын, Арсен. Кандай ырды каалайт элең? Италиянчаныбы?..
– Айа, сенин ырларыңдын баарын эле уккум келет. Италиянча дейсиң, испанча дейсиң... Мейли буга. Эгер өзгөчө каалаганымды билгиң келсе, Айа, мен Кемчонтой эмесминби, аялдар жөнүндө ойлой берип күнөөгө баткан кечилден бетер тымызын ойлоп жүрөм, анткени мен Кызкайыптын арияларын уккум келет.
– Эмне дейт? Кызкайыптын арияларын?.. – Күтпөгөндөй таң калды. – Кызкайып уламышын укканым бар, а бирок анын либреттосу, музыкасы, дагы башкалары болуш керек да. Сен чын эле оюнан аял кетпеген кечил болуп кеттиңби? Кызыксың, Арсен!
– Мында эч нерсе деле жок. Кептин баары ошол кыялдан чыгып жатпайбы?
Ошондо алар кезеги келер бир күнү «Кызкайыпты» коёбуз деген идеянын жаралган жеринде турушканын сезип-туюшту бекен? А Арсен Саманчин болсо ушул жылды, ушул күндү, ооба, дал ушул керемет кезди тагдырдын буйругу менен келген ушул гана жерди күтүп, оюнда бүрдөп гүл ачкан идеясын алгачкы жолу ага алгачкы махабаттай айткысы келген...
* * *
Болорун айтпас бул тагдыр таштан да катуу неме экен, ошондо эле Арсен Саманчиндин эртеңи кандай болору чечилип жаткан тура, үч уктаса түшүнө кирип койбогон киши өлтүрүү жөнүндөгү ой ушул жакшы тилек менен башталган иштин аягында көк канчыктын көзүндөй кылыя пайда болорун, өлтүрөм деген өзү да кылчая албай кылычтын мизи менен басып каларын, башкалар үчүн байпагындай кеп эмес, а бул үчүн күнү-түн мүшкүл түшүргөн тапанча табыш көйгөйү көкөйүн кесип саларын ал анда кайдан билиптир.
* * *
Тагдыр дедик, дагы да андан айталы. Ал кезекте кайран Жаабарс карайып каргыш алгыр Үзөңгүлөш ашуусунда эле. Артка кетер түрү жок, ары кетип, бери кетип ашууну ашар жол чалат, көздөн учкан ушул тоону ашса эле өмүрдүн өтөр кезинде өкүнүч менен бир келген из таптырбай жоголуп кетүү тагдырын Кудайдан тилеп куурады. Бирок анын сөөгүнө жеткен көйгөйүнө тагдыр деген боор толгоп да койгон жок. Жаабарсыңдын абалы кандай болсо ошондой. Эми эмне кылат? Айланы кайдан табат да, ал-күчтү кимден алат?..
Жаралгандан бир да жан: акылдуу деген адам да, кабылан делген жырткыч да алдыда нелер болорун биле албайт. Алардын ошол тагдыры менен байланышкан эч бир иле, дал чыгып калуу деген да жок, а бирок ушул татаалдыгы башынан ашкан ааламда адам менен жырткыч жаныбар ошол эле жазмыштын жазганын көрүп, ысык-суугуна кабылып, айтор, бу жалгандын буйруганын алат экен. Бу дүйнөң түшкүр кааласа баары болот экен го.
Бүт баары болот, бул байкуш бир жек көргөнүн өлтүрүп салайын деп бир курал, болгондо да тапанча таппай тал башын карап карайлап, кайгыга батып отурат. Башка өлкөлөрдө, айталы ошол эле Америкада ар бир жарандын чөнтөк телефондой зарыл болгонсуп ок ата турган куралы жанында болот, турмуш муктаждыгы дешет. Ошондон го, жанагыл телеэкрандардан кай жагына бураба күнү-түн эле атышуу, кызыл кыргын көрсөтүлө берет. А бул жерде болсо адам укугунун же жашоосунун дагы бир көйгөйү чыгууда. Бул дагы турмуш зарылдыгы, а бирок ошол муктаждыкка айланган куралды ал кайдан, кантип таба алат? Кимден сатып ала алат? Мына, мүгдүрөткөн маселе!
Буга караганда Жаабарстын көйгөйү жеке тагдырына, өз жанына гана байланыштуу нерсе, өмүрүнүн аягын акыры алар актыкка – бул жашоодогу бакытка бергени барат. Бирдейби, бирдей эмеспи? Бир болсо да, бир болбосо да ойлонгондон не пайда? Бу опаасыз дүйнөдө нелер болуп, не болбойт?..
Андан көрө, канча болуп кетти экен, бир жылдан ашып калды го, Кызкайып жөнүндөгү ошол ойду кайталаш кажет. Ал учурда ал экөө бири-бирисиз жашай албастай тартылып, бири-бирин кирпик учунан түшүнүп, ак сүйүү бактысы тагдырыбыз деп эзилише сүйлөшчү жерге, Хайдельбергдин алар барган сейилбагына, ооба, аңыз кепте жашаган Кызкайып кайрадан жанданып жашоосун жаңыртып дал ошол бир болгон керемет түндө аерге барып калышы мүмкүн беле?.. Же болбосо аңыз сөзгө айланган ал сүйүү трагедиясынан улам өтөр-кетер жашоодон кийин да түбөлүк асыл ой катары жашай берер сүйүү жаны көзгө көрүнүшү ыктымалбы? Арсен Саманчин мындай ой жүгүртүүнү четке какчу эмес, булардын баары адамдын жандүйнөсүндөгү кубулуштарга, чөйрөгө байланыштуу дечү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.