ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Аздектеген Айасына Кызкайып жөнүндөгү уламышты айтып жатканда мына ушулар да ага дем берип, эргүү болуп турчу.

– Сен билесиңби, Айа, Кызкайып биздин Үзөңгүлөш тоолорунда ушу күнү да жашайт, ал өлгөн эмес. Ушуга ишенесиңби?

– Ишенем, ишенбей анан! – Айдана адатынча жылуу жылмайды да, апакай жумшак алаканы менен Арсендин мойнун сылады. – Сүйлөп жатканыңды аябай жакшы көрөмүн, анткени сен менин жүзүмдөн сылап-сыйпап жаткандай боло берет. Сүйлөй бер, Арсен, айлана кандай керемет. Бейпил түн, айдын нуру сүттөй ак, аллеядагы шамдар жалооруй карап тургансыйт. Бу дүйнөдө бизден башка эч ким жок. Куштар да уктап калышты. Сүйлөй бер.

– Куштардын уйку салганы жакшы. А Кызкайып жөнүндө сөз болгондо мен сүйлөбөй коё албайм. Муну жомок деп да, башка деп да айта берүүгө болот, ал өзү ошондой, а бирок мен үчүн эч качан жомок эмес, Айа! Ал таптакыр башка. Ишенесиңби, тоо аралап жүргөндө капыстан эле тэ-э алыстан көрүнөт да, анан ошо замат көздөн кайым болот. Ушундай. Ал жөнүндөгү уламыш көптөн бери айтылып келет. Кызкайып ошол күндөн ушул күн тыным албай тоодон тоо кыдырып, дайынсыз кеткен сүйгөн жигитинин бир кабарын табам деп издеп жүрөт, а кызды болсо кармап алыш үчүн артынан карыша түшкөндөр да бар. Элдин баары ушинтип айтышат, ушуга өздөрүндөй ишенет. Кызкайыптын сөз бекитишип сүйгөнү жаш жигит экен, ууга чыкса олжолуу кайткан кылмерген экен. Мергенчиликке кетет да ошо бойдон кайтпай калат, келет дейт, келбейт. Карасанатай кастары буктурмада бугуп жатып сыйыртмак салып сыздатып, колу-бутун бууп, үңкүргө же зынданга салып ташташканы, же анын тилин кесип, көзүн оюп салышканы белгисиз бойдон калат. Бул өзүнчө тарых, тарых болгондо да жөн эле көрпендечиликтин карөзгөйлүгү, бийликке болгон кумардануунун тарыхы. А кездегилер да азыркы адамдардай болушкан.

Бизде мындай каада бар, жай келген сайын, ай толгон түнү Кызкайыптын тагдырына күйүп, аны эстеп боор ооругандар бийик тоого барышат да, алыстан болсо да ага көрүнө турган жерге алоо жалын чыгарып от жагышат. Алар менен бүбү-бакшысы да барат, от айлана добулбас кагып, Кызкайып менен анын ант берген сүйгөн жигитинин атын аташып, отко кел дешип чакырышат. Аялдар болсо от боюна отуруп, кошок кошушат. Мунун баары тиги экөөнүн урматына жасалат. Баргандардын айтышкандарына караганда Кызкайыптын келген учурлары болот экен, келиптир, жарык анча жетпеген жерге чейин келип, отко, от боюндагыларга таазим кыла жүгүнүп, анан кайра кайып болуп кетет дейт. Жигитин кайрадан издеп кетет экен, алар табышышканча, өлүшпөйт экен. Ушундай, барга барып, бир аздан виски ичели?

– Аякта жана эле болбодук беле? Сен бир аз кызып калдың. Барбай эле коёлу. Мен бу Германиянын Хайдельбергине, мына бул сейилбакка, сен экөөбүз ошо Кызкайып үчүн эле келгендей болуп, ага аябай боорум ооруп жатат.

– Андай болсо мен сага ошол окуянын өзүн айтып берейин. Биздегилер Кызкайыпка от жагат дебедимби, андай отторду тиги Кытай тарапта да жагышат. Алар менен биздин чегара жакын, Үзөңгүлөш ашуусунун эле ары жагынан өтөт. Ал жакта да кыргыз туугандар жашайт, эзелтен бери ошол жакта, а бирок карымкатыш деген жокко эсе, шарт ошондой болгон, анын үстүнө жол да жок, жай мезгили болгондо, күн ачык кезде ошо ашуу аркылуу барса болот. Айтор, тозоктун жолундай, эки дүйнөнү көрүп өтөсүң. Бир жыл мурун ал жакта журналисттик иш боюнча болгонмун, самолёт менен Үргөнч өрөөнүнүн үстүнөн өткөнбүз, андан ары машинага отурдук. Эл менен жолугушканбыз, алар жөнүндө гезиттерге макалалар жарыяланган. Ошондо мен бир кызык болгом, Кытайдагы биздин кандаштар да куду биздегидей Кызкайыпка таазим этип, Үзөңгүлөш тоолорунун өздөрү жагына барышып, түн киргенде биздегидей от жагышат экен, арбактарга куран окуп жалынып, махабаты үчүн кайып болгон кызга жардам берүүсүн суранышат экен. Ишеним, салттын бир экенин карачы. Бирок Кытайдагы кыргыздардын бул боюнча бир кызык айырмасы бар. Аларды каадасы боюнча тоого от жагышкан кезде Кызкайып эми көрөт, ага керек болуп калат деп, жарашыктуу токулган атты даярдап, эки сулуу кызга карматып коюшат экен. Көрдүңбү, алар кандай?!

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.